Биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны 2,7 миллиондон ашты

4-октябрында белгиленген парламенттик шайлоого жеке маалыматын тапшырган жаран гана катыша алат. Буга чейин биометрика боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси 2,6 миллионго жеткенин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирген.

 Бүгүнкү күндө биометрикалык маалымат тапшырган жарандардын саны 2 миллион 705 миң 418ге жеткенин Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет. 

Жалпысынан Кыргызстан боюнча 3,6 миллион жеке маалыматтарын чогултуу керек деп болжолдонгон.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында белгиленген парламенттик шайлоого жеке маалыматын тапшырган жаран гана катыша алат. Буга чейин биометрика боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси 2,6 миллионго жеткенин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирген.

Биометрикалык маалымат чогултуу жараяны 2014-жылдын август айында башталган. Талапка ылайык, 16 жаштан жогору бардык жарандар манжа издерин, санарип сүрөтүн жана кол тамгасын тапшыруусу зарыл. 

Биометрикалык маалымат 20-сентябрга чейин кабыл алынат. Андан кийин шайлоого байланыштуу 15 күндүк тыныгуу болот. Биометрикалык маалыматын ташырбаган жаран шайлоого катыша албай турганын өкмөт билдирген.

http://sputnik.kg/society/20150914/1018251020.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8