Шайлоонун өтүшүнө акыйкатчы институту да көзөмөл жүргүзөт

Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныктала турган болсо, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери керектүү чараларды көрүү үчүн тийиштүү күч органдарына ыкчам маалыматтарды жиберип турат.

 Жарандардын шайлоо укугун көзөмөлдөө максатында КР Акыйкатчы институту шайлоо күнү участкаларда мониторинг жүргүзөт. Бул тууралуу Омбудсмендин аппаратынан билдиришти.

Шайлоонун таза өтүшүнө көзөмөл кылуу үчүн 4-октябрда Акыйкатчы институту кадимки режимде иштейт.

Акыйкатчынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева кол койгон буйрукка жана мониторинг планына ылайык, институттун борбордук аппаратынын кызматкерлеринен жумушчу топтор түзүлүп, аймактарга бөлүштүрүлдү. 

Шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныктала турган болсо, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери керектүү чараларды көрүү үчүн тийиштүү күч органдарына ыкчам маалыматтарды жиберип турат.

Жогорку Кеңешке шайлоо болгон күнү Акыйкатчы институтунда 66-33-32, 66-33-05 тынымсыз телефондору иштейт. 

http://sputnik.kg/politics/20150914/1018247144.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8