Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов дүйнө салды

Анын калемдештери, эл жазуучусу ооруп жүргөндүгүн айтышты. Быйыл декабрь айында Акматов 74 жашка чыкмак.

 Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов бүгүн эртең менен дүйнө салды. Бул туурасында Кыргызстан Жазуучулар Союзунун төрагасы Акбар Рыскулов Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Анын калемдештери, эл жазуучусу ооруп жүргөндүгүн айтышты. Быйыл декабрь айында жазуучу 74 жашка чыкмак. Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты болгон. 

Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулган. Анын "Мунабия", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар" чыгармалары эл арасына кеңири тараган.

Жазуучунун бир нече чыгармалары англис тилине которулуп, чет элдик окурмандарга тартууланган.

http://www.sputnik.kg/society/20150914/1018248029.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8