Батыралиев: медициналык кызматтын баасы жогорулайт

Жолугушуу учурда инфляция өсүп, ал эми медициналык кызматтардын тарифи 2008-жылдын деңгээлинде калгандыктан, дарыгерлердин айлык акысы төмөн болуп жатканы айтылды.

 Медициналык кызмат көрсөтүүгө болгон баа көтөрүлүшү керек экенин Саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев Антимонополдук башкаруу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков менен болгон жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, медицина мекемелеринин жетекчилери катышкан жолугушууда Антимонополдук агенттиги аталган министрлик менен биргеликте медицина мекемелеринин ишмердүүлүгүн жана материалдык-техникалык базасын чыңдай турган мыйзам долбоорун демилгелеп жатканын белгиледи.

Казаков учурда инфляция өсүп, ал эми медициналык кызматтардын тарифи 2008-жылдын деңгээлинде калгандыктан дарыгерлердин айлык акысы төмөн болуп жатканын айтты. 

"Медицина мекемелериндеги да төмөн айлык акы менен материалдык-техникалык базанын начардыгы коррупциянын өсүшүнө себеп болууда", — деди ал. 

Саламаттык сактоо министри Батыралиев медициналык кызматтын баасын жогорулатуу учурдун талабы экенин белгиледи.

"Инфляцияны дарт катары кабыл алуу зарыл, демек ага өз учурунда көңүл буруу керек. Калктын социалдык аялуу катмарына таасири тийбегидей кылып, бааны көтөрүү зарыл. Биз мындай кадамга инфляциядан улам барууга мажбур болуп жатабыз", — деди министр.

Жолугушуунун соңу менен бааны жогорулатуу маселесин иштеп чыгуу максатында тогуз адамдан турган жумушчу топ түзүлдү.

http://sputnik.kg/society/20150911/1018190168.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8