"Алам" деп алдап, тойдун акчасын шыпырып кеткен

Милиция тарабынан кармалган жаран үйлөнүү үлпөтүнө даярданам деп 70 миң сомды алдап алган деп айыпталууда.

Жалал-Абад облусунун тургуну болочок келинчегинин акчасын алдап алган деп айыпталып жатканын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

10-сентябрда милицияга 33 жаштагы Сокулук районунун тургуну арыз менен кайрылып, июль айында анын Нурбек аттуу таанышы "сага үйлөнөм, тойго камылга көрөм" деп 70 миң сомун алып, изин жашырып кеткенин айткан.

Биринчи Май райондук милициясы алдамчылыкка шектелген Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургунун кармашты.

http://sputnik.kg/society/20150911/1018183184.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8