Ысык-Көл РИИБдин 7 кызматкери 161 жылга эркинен ажырашы мүмкүн

Тергөөнүн маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери Кыргызстандын эки жаранын кыйнап, тиешеси жок кылмыш иштерин мойнуна илүүгө аракет кылышкан.

 Ысык-Көл РИИБдин жети кызматкеринин ар бири 23 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин Башкы прокуратура билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган милиция кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кыйноо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө материалдарындагы маалыматка ылайык, милиционерлер эки кыргызстандык жаран жашаган үйгө жарандык кийимчен кирип барышкан. Аларды ур-токмокко алып, опузалап, тиешеси жок кылмыш иштерин мойнуна алдырууга аракет кылышкан.

Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы сабалган жарандар жеңил жаракат алышканын аныктаган.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

http://sputnik.kg/incidents/20150911/1018175604.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8