Өкмөт башчы ишин жол тармагынан баштаганы ырым экенин айтты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишин жол тармагындагы ачылыштардан баштап, ырым кылып жатканын айтты. Ал бул тууралуу 7-майда Жалал-Абад аэропортунун жаңы имаратынын ачылыш салтанатында билдирди:

- Жаңы өкмөт келип, мен өкмөт башчы болуп иштеп жатам. Эң биринчи ырым кылып жол тармагынан баштадым. Авиакаттам деле жолго кирет да. Түштөн кийин Араванга барып, 50 метрден ашуун көпүрөнү ачабыз. Биз таза иштеген өкмөт болобуз. Социалдык маселелерди так чечебиз.

Премьер-министр бүгүн Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш 20-апрелде бекитип, президент жаңы дайындоолор боюнча жарлык чыгарган. 

https://www.azattyk.org/a/29212535.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23