Ош: кайненесинин башын кесип өлтүргөн келинди сот 24,5 жылга эркинен ажыратты

Айыпталган эже-сиңди жаза мөөнөтүн аялдардын абагында өтөй тургандыгы белгилүү болду.

Ош облустук соту кайненесинин башын кесип өлтүргөн келинди 24 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучу келиндин эжесин облустук сот 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

"2018-жылдын 2-февралында Ош шаардык соту кайненесин мыкаачылык менен өлтүргөн 26 жаштагы У.А. аттуу келинди 20 жылга, кылмышка көмөктөшкөн 38 жаштагы Г.К. аттуу эжесин 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылсын деген чечим чыгарган", — деди Осмонкулов.

Шаардык соттун чечимине макул эместигин билдирген жабырлануучу — маркумдун уулу (айыпталган келиндин күйөөсү) Ош облустук сотуна кайрылган.

Эске сала кетсек, 2017-жылы 27-август күнү Ош шаарындагы таштанды салган контейнерден башы кесилген аялдын денеси табылган. Кылмышка шектүү деп маркумдун келини менен анын эжесин милиция кызматкерлери кармаган. Аялдын кесилген башы табылбай, башсыз денеси жерге берилген.



 https://sputnik.kg/society/20180507/1039028131/kajnenesin-olturgan-kelin-kesildi.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23