Азиза Мурзашова: Кыргыз кыздары жана чет элдик жигиттер – күйдүргү патриоттордун көйгөйү болушу керекпи?

Блогер Азиза Мурзашова адам менен адамдын ортосундагы мамиле улутуна, динине, акчага карабай тутанышы мүмкүн экендиги жана бул маселе биздин учурдагы куру намысчыл, ач кыйкырык салган “патриотторду” түйшөлтпөшү жөнүндө өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Мурзашованын пикиринде, бөлөк улуттагы жарандарга турмушка чыгуу акмакчылык эмес, ал эми бөлөк улуттагы кызга үйлөнүү баатырдык эмес. Бул болгону – сүйүү, аларды күнөөлөп, сын тагуунун кереги жок. Сиздерге блогердин пикирин толугу менен сунуштайбыз.

Биздин өлкөдө жогоруда аталган көрүнүшкө болгон сандырак, маанисиз пикирлерди байкап келем. Эгер кыргыз кызы кыргыз эмес жигитти жактырып калса, анда ал ким? Туура, ал мекенчил эмес, ал сатылып кеткен акмак, ал жеткен макулук, ал мамлекеттик чыккынчы, ал... (бул тизмени уланта берсеңиз болот). Бул боюнча биздин күйдүргү патриоттор мындай дешет: “Эмне кыргыздар калбай калыптырбы?”, “Ой, татыктуу кыргыздар өтө көп, а ал болсо сасыган чет өлкөлүккө күйөөгө чыкты”, “Кантип чыкты?! Ал таптаза кыргыз тукумун улантышы керек эле!”, “Бул сүйүп тийген жок, акчасына карап тийди”.

Ал эми “кыргыз жигити жана башка улуттун кызы” баш кошкон учурда биздин ошол эле патриоттор мактап эле: “Азамат!”, “Эркек”, “Карагылачы, биздин эркектерди ушинтип эле талап кетишет”, “Эу, вачач, чет өлкөлүк кызды бастырып кеттиң!” дешип жатып калышат.

Дал ушинтип биздин чынында эле татыктуу: билимдүү, терең ой-жүгүртүүсү бар, жаңычылдыкка даяр, спортко жакын, эмгекти сүйгөн, келечектүү жана либералдуу жигиттер сөз айтышпайт. Мындай балдар биздин өлкөдө бар, бирок алар пайыздык катышта алганда абдан аз. Минтин адепсиз пикирин билимсиз акмактар билдирет, алар көкүрөк кагып: “Мен кыргызмын! Мен патриотмун!” дегенден башка эч нерсе билишпейт.  

Менин ушул күйдүргү патриотторго айтырым: биринчиден, коомдо өзүңөрдү кандай алып жүрөсүңөр? Карап көргүлөчү. Силер туш келген бурчта түкүрүнүп, “дэң дэң дэң” деген сыяктуу аңкоо сөздөргө корстон болуп жүргөн учурда, чет элдик жигиттер ийилип эшик ачып, айымды алдыга коё берип, өздөрүн маданияттуу алып жүрүшөт. Экинчиден, өзүңөрдүн сырткы келбетиңерди бир крап көргүлө эле. 25 жашка чыгып чыкпай, биздикилер статустун көрсөткүчү болгону үчүн курсак салып алышат (ушул күнгө чейин, эмне болгон статус экенин түшүнбөй келем... “мен жалкоо жанбашмын дегенби”?), душ түшүп чыгуу – бул өзүнө мыкты кам көрүп койдум дегени. Силердин алдыңарда маймылдар да кыйла көрктүү көрүнөт. Үчүнчүдөн, силер биздин кыздарга жүрөгүңөр жана колуңар менен кошо эмнени сунуш кыласыңар: өмүр ашканага каттоого тургузасыңар, жетишип кетсеңер чаң соргучту, болбосо шыпыргыны жанына байлап бересиңер, анан да ага кызмат көрсөтүүчү персоналга жасагандай мамиле кыласыңар. Мына ушул биздин кыздарды суктандырышы керекпи? Албетте, мына ушундай куру намысчыл күйдүргү патриотту өмүр бою чогуу жашоого тандоо үчүн кандай акмак болуу керек?  

Эмнеге ушундай учурлард эч ким чыныгы СҮЙҮҮ жөнүндө ойлонбойт, дүйнөнүн эки учунан эки адам табышып, сүйүшүп, окшоштуктарды таап, бирге кыялданып, пландарды түзүп, кол кармашып, жашоонун түрдүү кырдаалдарында бири-биринин колун коё беришпейт. Эмнеге адамды түшүнбөй, аңдабай туруп, чындап сүйүп каларыбыз жөнүндө эч ким ойлонбойт, анткени адл ушул учурда анын, кыздынбы, жигиттинби улуту, тутунган дини, статусу, кесиби, кирешеси жана башкалар бизди кызыктырбайт да. Биз АДАМды сүйүп жатабыз! Бөлүнүүнү жана эч кимге кереги жок дубал курууну токтоткула!..

Булак: https://web.facebook.com/photo.php?fbid=2090488810979597&set=a.744922562202902.1073741837.100000554949870&type=3&theater

Ысык-Көлдө куткаруу операциясына барган тик учак кырсыктады

Алдын ала маалымат боюнча төрт киши жабыркаган.

Ысык-Көлдө Түштүк Эңилчек аймагында куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан КР аба күчтөрүнүн Ми-8 МТВ тик учагы кырсыктады. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.

Ага ылайык, тик учак катуу шамалдан улап сол капталына кулап калган.

"Алдын ала маалымат боюнча төрт киши жабыркады", — деп айтылат маалыматта.

 

Учурда жабыркагандарды алып келүү боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.



https://sputnik.kg/incidents/20180709/1040090650/ysyk-kol-tik-uchak-avariya.html

Алайда замбиректин үч снаряды табылды

Чек арачылар 122 миллиметр калибрдеги жарылбай калган эки снаряд жана жарылган бир снаряддын арткы бөлүгүн табышкан. Учурда ок-дары табылган аймак курчоого алынып, бул тууралуу тийиштүү органдарга маалымат берилди.

Ош облусунун Алай районундагы Макалуу-Дөбө аймагында замбиректин үч снаряды табылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар 122 миллиметр калибрдеги жарылбай калган эки снаряд жана жарылган бир снаряддын арткы бөлүгүн табышкан. Учурда ок-дары табылган аймак курчоого алынып, бул тууралуу тийиштүү органдарга маалымат берилди.

Эки күн мурун ушул эле аймакта ушул эле түрдөгү снаряд табылганы белгилүү болгон.

http://sputnik.kg/incidents/20150914/1018267071.html

Кармоо учурунда качып кеткен РИИБ тергөөчүсү колго түштү

Пара алып жаткан тергөөчү кармоо учурунда качып кеткен. УКМК жана ИИМ кызматкерлери аны эки күндөн кийин гана табышкан.

 Жайыл районунун ИИБ тергөөчүсү кармоо учурунда из жашырып кеткенин УКМК билдирди.

Кызматкерлер тергөөчүлүк милдетти аткарган милициянын кенже лейтенанты пара талап кылган фактыны аныкташкан. Маалыматка ылайык, аталган милиция кызматкери жол кырсыгына күнөөлүү адамдардан кылмыш ишин козгобоо боюнча 50 миң сом пара талап кылган. 

Бул факт боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, 5-сентябрда милиционерди пара алып жаткан жеринен кармоо үчүн келгенде ал из жашырып кеткен. 

Иликтөө иштеринин натыйжасында тергөөчү 7-сентябрь күнү табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

http://sputnik.kg/incidents/20150914/1018255010.html

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8