Канат Мидин уулу: "Коомубузда ийгиликке жеткен адамдар канчалык көп болсо, мамлекетибиз ошончолук күчтөнөт, өнүгөт"

Шайлоо жакындаганы, партиялар биригип, айрымдары жаштарды катарына кошуу максатында жаштар түзгөн ар-кандай кыймылдар менен бирге иштешип башташты. Деги эле алдыда боло турган парламенттик шайлоо кандай өтөт? Анда жаштардын ролу канчалык? Алар саясатка аралашуу менен мамлекетти алдыга сүрөй алабы? Бул суроолорго жоопту “Республика-Ата Журт” партиясынын жаштар канатынын лидери Канат Мидин уулу жооп берди.

 

 

-  Алдыда боло турган шайлоонун таза өтөрүнө ишенесизби?

- Күзүндө өтчү шайлоо таза өтөт деген үмүт бар. Бул биз үчүн чоң тарыхый экзамен деп айтып кетсем болот. Мына ушул шайлоодон кийин билинет биздин алдыга же артка кеткенибиз.

-  Шайлоонун таза өтүүсү үчүн жаштар кандай аракеттерди көрүп жатышат?

- Шайлоо таза өтүүсү үчүн жаштар тараптан чогу жүргүзүлгөн деле иш чараларды көргөн жокмун, бирок ар бир партиялардын жаштар канаттарында түшүндүрү иштери жүрүп жатат деген ишеним бар. Жалпысынан алганда ар бири өзүнүн иштери менен гана алек.

-  Шайлоого катышуу менен жаштар мамлекетти алдыга жылдыра алабы?

- Ооба. Шайлоо бул мыйзам чегиндеги саясий процесстерге аралашуунун жолу, ирээти. Эгерде шайлоо таза өтсө биз татыктууларды тандап алсак, мына ошол адамдар эми мойнундагы чоң жоопкерчиликти сезе билишсе менимче мамлекетибизде чоң өзгөрүүлөр болот. Бирок кайра эле баягы эски көз караштагы, алдым-жуттум деген философияны тутунган адамдар келсе эч кандай өзгөрүүлөр болбойт, тескерисинче артка кетебиз.

-  Башында бийликке сын айтып, кыйкырып чыгышып эле, максаттарына жетип, бийлик тараптан жакшы сунуштар түшсө эле дымып калган жаштарга көз карашыңыз?

- Эми ар-кандай адамдар бар да. Бирөөнү сындагандан алыс эле болоюн,  эл өзү тараза, өзү сынчы. Бирок айрым мамлекетти өмүр бою тоногон, парламентке келип алып “балык” болгон депутаттарга караганда - сиз айткан активисттер бир канча мен үчүн өйдөрөөк. Анан биздин саясий система тууралуу да айтып коюш керек, биздеги түзүлүп калган саясий абал баары бир биргүүгө мажбур кылат.

- Акчасы, таанышы жок жаштар таза боюнча саясатка аралаша алабы?

-Менимче аралаша алат, ал адамдын эркине байланыштуу. Бирок бүгүнкү коомубуз ошондой адамдарга канчалык даяр? Аз болсо дагы шайлоого катышып калдым да. Бизде элибиздин бир бөлүгү адамдын денгээлин карап, же анын ой жүгүртүүсүн, программасына, буга чейин кылган иштерин карап колдобойт. Чөнтөгүнүн калыңдыгына, жердешчилик уруучулугуна карап колдошот.

-  Болсо кантип?

- Бул чоң тема, мен кыскача жооп берсем. Саясатка аралашуунун мыйзамда каралган, жана каралбаган жолдору бар. Мисалы, мыйзам чегиндеги жолдору: сен саясий партия менен бирге барасың. Бирок саясий партиянын ичиндеги ордуң кандай болот? Ал сенин чөнтөгүңө, сенин коомдогу кадыр баркыңа байланыштуу. Ошол үчүн саясий партия аркылуу аралашуунун дагы жолдору бар. Экинчи жолу бул мыйзам бузуп, революция кылуу. Бирок бизге бул жол туура келбейт. Биз аң сеизимибизде, көз карашыбызда революция кылышыбыз керек. Ошол үчүн партия аркылуу аралашууну туура көрөм.

-  Күздө боло турган шайлоодо жаштардын орду канчалык?

- Күздөгү шайлоодо ар бир партияда жаштардын орду ар-кандай. Бизде негизи коомубузда жаңы жүздөргө, жаштарга талап күчтүү. Менин билишимче Республика-Ата Журт, СДПК, Ата-Мекен, Мекен Ынтымагы партиялары тизмелерин түзүүдө жаштарга басым жасашат. Бирок ошол жаштар дагы кандай критерийлер менен тандалат? Суроо ушунда.   

- Жеке сиз жаш активист катары өлкөгө кандай пайда алып келем деп ойлойсуз?

- Буюрса, баардыгы алдыда, пешенебизге жазганын көрөбүз. Бирок алдыга койгон чоң максаттарым бар. Ошолорду ишке ашырсам, өзүмө ыраазы болом. Эң негизгиси бүгүнкү күнгө чейин бирөөго жамандык кылган жокмун, уурдап бирөөнүн мал мүлкүн тартып алган жокмун. Келечекте дагы мыйзам чегинде жашап, журтума пайдалуу боло алсам мен үчүн ийгилик.

-  Бири-бирин көрө албай, арттарынан жамандап жүрүшкөн жаштар да көбөйдү. Жаш активисттер экиге бөлүнүп кеткен сыяктуу. Бул көрүнүшкө көз карашыңыз?

- Бара-бара түзөлөбүз. Кичинекей балага да оюнчук берип койсоң, башында мындай ойноп тигиндей ойноп анан кызыгы кеткенде таштап коёт. Анын сыңарындай бизге дагы сөз эркиндиги, социалдык тармактар, технологиялар эми жаңыдан жетип атат. Көз караштардын, идеялардын кагылышуусу болот. Бул нормалдуу көрүнүш, өзгөчө демократия, маалыматтык технологиялардын доорунда. Болгону Түндүк Корея, Өзбекстан сыяктуу диктатура орногон, сөз эркиндиги жок мамлекеттердеги баардык жарандардын позициясы бирдей өңдөнөт. Каалоом болгону майдаланбасак, эркек адам кичине оор басырыктуу болсо.

- Кыргызстанга кайдыгер карабагандар кандай кадамдарды жасашы керек?

- Менимче эң биринчиси биз билим алсак, өзүбүздүн деңгээлибизди көтөрсөк. Тил үйрөнүп, бизнес ачып, жаңы ийгиликтерди багындырсак. Чет мамлекеттерге чыгып жер кыдырсак, спорт менен машыгып сергек жүрсөк. Коомубузда ийгиликке жеткен адамдар канчалык көп болсо, мамлекетибиз ошончолук күчтөнөт, өнүгөт. Мына алдыңкы мамлекеттер кандай өнүгүп атышат, космосту багындырып, суу менен жүргөн машиналарды чыгарышууда. Биз өтө арттабыз, ошол үчү баардыгыбыз алдыга умтулушубуз керек.

-  Жаштарга айта турган каалооңуз. Аларды кандай көргүңүз келет?

- Биздин жаштарыбыз биринчиден мамлекетибиздин келечегине кош көңүл болбосо. “Элүү жылда эл жаңы” дегендей азыр дүйнө жүзү өтө татаалдашып кетти, өзгөрүүлөр өтө тез болуп жатат. Мына ушундай абалда биз мамлекетибизди кантип алдыңкы мамлекеттердин катарына киргизебиз, кантип коомубуздагы ынтымакты бекемдеп, терс көрүнүштөрдөн айрылабыз? Мына ушул суроолордун артында жүрсөң бара-бара жоопторун таба баштайсың, жолдорун көрө баштайсың.

-Рахмат!

-Сизге да рахмат!

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8