Эксперттер: "Насыясын төлөй албагандарга саясатчылар да, укук коргоочулар да жардам бере албайт, алар насыячыларды өз кызыкчылыгына колдонушат"

Айрым эксперттер Кыргызстанда насыя алгандар кайра аны кайтара алышпай, соттошконго чейин барып жатышканын айтып келишет. Ал эми кээ бир банк кардарлары насыясын төлөй албай, митингге чыкканына да күбө болуп жүрөбүз. Бүгүн Кыргызстандагы адамдардын насыя алышынын себептери, аларды кайсы тармакка колдонуу максаттуу экендиги, деги эле насыя алуучулардын өлкөбүздөгү абалы тууралуу эксперттер Асель Мукамбетова жана Нуржигит Үсөнакун уулу айтып беришмекчи.

 

 

Учурда Кыргызстанда насыя алгандардын саны көбөйүп жатат деп айтып келишет. Мунун себеби эмнеде?

- Азыркы учурда насыя алуучулардын көбөйүүсүнүн бир гана себеби болушу мүмкүн - бул экономикадагы каржы ресурстарына болгон муктаждыктын табигый өсүшү. Башкача айтканда, азыркы мезгилде экономикага кошумча каражаттардын, же жаңы ийри оюнчулардын келиши байкалбай эле турат. Андан сырткары Орусиядагы каржы каатчылыктын азабы бизге да терс таасирин тийгизип, экономикадан финансы каражаттар чыгарылып кырдаалды курчутууда. Бирок ошого карабастан экономикадагы каржылоонун көбөйүшү үмүттөндүрбөй койбойт жана анын себеби табигый муктаждыктын өсүшү менен гана түшүндүрүлөт.

Көбүнчө кардарлар насыяны кандай максаттарда алышат?

- Каражаттардын дээрлик 60-70 пайызы соода-сатык багытына пайдаланылат. 20 пайызга жакыны айыл-чарбасына жумшалат. Калгандары ар-кайсы багыттарга иштетилет (анын ичинде насыя алуучулардын өздүк сарптоо багыты). Бул бүгүнкү күндөгү биздин мамлекеттеги экономиканын структурасын чагылдырган негизги көрсөткүчтөрдүн бири.

- Той өткөрүш үчүн насыя алгандардын саны көп деп айтсак болобу?

- Кээ бир насыя алуучулар түшүнбөстүктөн той-топурага жумшоо үчүн насыя алуу боюнча банктарга жана микрокаржылоочу уюмдарга кайрылышы мүмкүн. Бирок андай адамдардын саны өтө эле аз. Тойго акча керек дешип кайрылган күндө да, азыркы мезгилдеги банктардагы абалды эске алуу менен алардын насыяны иштетүү үчүн көрсөтүлгөн максаты колдоого алынбастыгы белгилүү. Бирок насыя алуучулар банктарга туура эмес маалыматты берип, алынган сумманы жеке кызыкчылыгына пайдалануу үчүн (анын ичинде тойлорго) колдонушу мүмкүн.

- Бир ишти баштоо үчүн эмес той үчүн насыя алгандарга көз карашыңыз?

- Мындай насыя алуучулар менен албетте биринчи кезекте насыяны максаттуу иштетуунун зарылдыгы тууралуу банктар тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүшү абзел. Ошондой эле насыяны максаттуу иштетүү жана насыялардын бизнеске гана иштетүү талабынын себептерин, насыя алуучуларга банктар тарабынан жеткирилишинин керектиги талашсыз. Бирок айтып кетүүчү нерсе, мындай алынган насыяны туура эмес пайдаланып, кыйынчылыктарга дуушар болгон адамдардын саны өтө деле көп эмес. Андай адамдардын "окуяларын" таратып өзүнө пайда көргөндөр булар - биздин "саясатычылар" жана кээ бир "укук коргоочулар". Ошондой эле мындай саналуу насыя алуучулардын шартын түшүнүп маселени туура чече албаган банк кызматкерлери да көп учурда абалды курчутууда.

- Насыяны кайра төлөөдө кыйынчылыктар болуп, соттошкондор көбөйүп жатат деген пикирге кошуласызбы?

- Экономиканын өнүгүшүнүн ар кайсы абалдарында насыялардын кайтарымдуулук деңгээли да өзгөрүп турат. Бул табигый көрүнүш. Банк кызматкерлердин кесипкөйлүүлүгүнүн деңгээли насыяларды берүү менен гана чектелбестен, түзүлгөн кырдаалга жараша, ар бир кардардын шарттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен маселелерди чече алышы менен да баалынышы керек. Аягында айтылган иш-чаралар, ар бир банктын өз кардаларына жасаган камкордуулугу иш аракеттеринин жылдык натыйжасына таасир тийгизбей койбойт.

-  Деги эле насыяны эмне үчүн алса ал пайдасын алып келет?

- Насыялар ар бир кардар акчаны иштеткен учурунда гана ал ишкерге өз пайдасын алып келет. Эгерде кандайдыр бир себептер менен алынган каражат ишкердин өзүнө же ишине терс таасирин тийгизе турган болсо, банк кызматкери (кредиттик адис) насыя берүүдөн баш тартышы керек. Андан сырткары, ар бир банктын жана микрокредиттик уюмдун ички процедуралык иш кагаздарында да мындай шарт көргөзүлүшү абзел.

Насыя алуучуларга кандай кеңеш бересиз?

- Насыяны баардык учурда максаттуу гана иштетүү керек. Ар бир орчундуу маселебир караганда кичинекей, көзгө илинбеген нерседен башталат. Ошондуктан кандай гана ишмердүүлүктүн  түрү болбосун, келечектеги маселелерди алдын алуу ыкмасынын эң натыйжалуусу - ишкананы эффективдүү көзөмөлдөө жана эсеп - бул ийгиликтин башаты.

Алган насыяларын төлөй алышпай митингге чыккандарга эмне дейт элеңиз?

- Көпчүлүк учурларда алар түшүнбөстөнн, билбестен насыя алып кыйналган адамдар. Аларга эң негизги айта турган маалымат - алардын кызыкчылыгын коргойбуз деген саясатчылар да, укук коргоочулар да алардын көйгөйүн чечип беришпейт. Алар өз маселесин өздөрү гана насыя алган уюм менен тыгыз байланышта чечүүгө аракет кылуулары керек. Ал эми өз кардарынын келечегин, өз келечегин ойлогон банк кызматкерлери, ар бир кардарынын маселелерин чогуу чечиши бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

- Кызыктуу маек куруп бергениңиздер үчүн ыраазычылык!

- Сиздерге да рахмат!

Комментарийлер  

+1 #2 Алия 07.08.2015 05:52
Эээ Асель Эже, вы классная. В твиттере Вас читаю.
Кайталоо
+2 #1 Алибек 05.08.2015 11:00
Экспертер, сизге рахмат! Жакжы макал.
Кайталоо

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8