Алтынбек Каленов: келинчегим кыргызча, мен орусча сүйлөй албай кыйналганбыз

Бала чагында минген эшегин сахна, айдаган коюн күйөрман кылып Ат-Башынын тоолорун жаңырта ырдаган Алтынбек Каленов 8-9-апрель күндөрү улуттук филармонияда концерт берет. Мунун алдында ырчы менен журналист Эламан Карымшаков баарлашты.

Өнөр ээси маек учурунда сүйлөсө кекечтенип, бирок ырларды созолонткон чоң атасы, шаардык кызга, ага кыргыз тилин үйрөткөнү жана чыгармачылыктагы баскан жолу тууралуу кеп салды.

— Жеке концертиңизди берүүгө камынып жүргөн экенсиз. Азыр элди таң калтыруу кыйын болуп калбадыбы. Концертиңиздин программасы кандай?

— Толгон-токой конокторду чакырып ырдатпайм, театралдаштырылган концерт болбойт. Өзүм чарчап-чаалыгып, дарман жетпей калганга чейин ырдайм. Фольклорго көп басым жасап, комуз менен жандуу аткарам. Эстрада бөлүгү жарым сааттай эле болот. Анда акыркы жаздырган 10дой чыгармамды тартуулайм. Бул менин экинчи концертим, биринчисин 2015-жылы бергем.

— Атайын музыкалык билим алгансызбы же талантыңызды эле таптап келе жатасызбы?

— Мектепти бүткөндөн кийин Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияга тапшырып Улукмырза Полотов агайдан жети жыл билим алдым. 2008-жылдан тарта "Эл ырчысы Эстебес" тобуна кабыл алынгам. Былтыр ал топтон чыгып, ошондон бери жеке ырчымын. Башында консерваторияга келип фольклор факультетине тапшырсам "комуз черте албайт экенсиң" деп эстрадага жиберген. Жан дүйнөм элдик ыр болгондуктан комузду оңго, солго койгулап жатып бир жылда черткенди үйрөндүм. Ал убакта азыркыдай үйрөтүү курстары деле болгон эмес. Ошентип кайра фольклорго которулгам.

— Сизди бала чагында Ат-Башынын талааларында обон созчу дешет. Мындан улам алтын балалыгыңыз тууралуу сурагым келди.

— Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулгам. Балалыгым ошол ажайып жайлоолордо өттү. Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын эң кичүүсүмүн. Ошондо эле боюм кичине болгондуктан ат мине албай эшек менен кой кайтарчумун. Чабан байкелер "койду айдап чыгып кайра үйгө келгенге чейин кыйкырып ырдап жүрчүсүң" деп азыркыга чейин айтышат. Айланадагы кишилерди көрсөм токтоп калчу экенмин. Анан мага көрүнбөй берки кыр менен басып угушчу экен. Чоң атам Кален да талантуу болгон, сүйлөгөндө кекечтенип, ал эми ырдаганда такыр такалчу эмес дейт. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери эле, мен 2-классымда кайтыш болуп калды. Атам да жакшы ырдайт, бирок малчылык менен алектенип айылда калып калган. Биздин тукумдан менден башка эч ким ырчы болуп чыккан жок. Баары той-аштарда эле төгүлүп ырдап калышат.

— Үйдүн кичүүсү болсоңуз ата-энеңиз кантип коё берди?

— 1996-жылы окуучу кезимден мектептер аралык конкурска катышып, район менен облусту жеңип алдым. Кийинки жылы ал Бишкекте республикалык деңгээлде өтүп баш байге уттум. Калыстар тобунда "Ялла" тобунун жетекчиси Фаррух Закиров отуруп сыйлыкты өзү тапшырган. Ошондон чейин чыгармачылыкты алып кетүүгө шыктандым. Бирок мектепти бүткөндөн кийин айылда эч ким жок, ата-энеме мал-жанды карашып бир жыл отуруп калдым. Анан байкелерим аскерден келип мени шаарга жөнөтүштү.

— Бул жолду тандагыныңызга өкүнбөйсүзбү?

— Бир топ оор күндөрдү баштан кечирдик, бирок өтүп кеткенден кийин билинбей калат экен же болбосо анын жемишин жегенде унутуп коёсуң. Андыктан эч качан өкүнбөйм. Мен убакыт өтүп, жалкоолук мени коё бербей жатканына өкүнөм. Жыл өткөн сайын ого бетер жалкоо болуп баратам. Беш-алты жыл мурда кыялданган нерсени азырга чейин "кылыш керек эле" деп коюп жүрөм. Кылайын дейм, мойнум жар бербейт.

— Эми кептин нугун жеке жашооңузга бурсак… Үй-бүлөңүз менен тааныштыра кетсеңиз.

— Мен кеч үйлөндүм. Келинчегим Жаркынай экөөбүздүн баш кошконубузга эки жыл болду. Ал кесиби боюнча экономист, учурда банктардын биринде иштейт. Аны менен Бишкектеги 8-кичирайондон таанышканбыз. Түбү Ысык-Көлдөн, бирок бул жакта туулуп өскөн. Башында кыргызчадан аябай кыйналчу. Шаарда өсүп "киргиз" болуп калган да (күлүп). Ага кыргызча үйрөтөм деп мен орусча үйрөнүп калмай болдум.

— Айылдык жигит ал сулуунун жүрөгүн кантип багынткан?

— Биринчи кезиккенде эле телефон номерлерибизди алышканбыз. СМС жазышып эле көпкө жолукпай жүрдүк, шарт дагы болбоду. Анткени таанышкандан кийин мен бир жумага Ат-Башыга кеттим, кайра келсем ал Ысык-Көлгө эс алганы кетип калыптыр. Ал кайтып келгенде мен жумуштар менен дагы шаардан чыгып кеттим. Кайра келсем ал бээнин сүтүн ичкени Суусамырга кетиптир. Ошентип бир айдан ашык жолугуша албай жүрдүк. СМС менен орусча узун сөздөрдү жазып жиберсе досторумдан сурап түшөнөм. Бирок аракет кылып билген сөздөрүн кыргызча — Шаардык келин айылга барганда кызыктуу окуяларга туш болот эмеспи.

Айылдын жашоо-шартына бат эле көнүп кеттиби?

— Кеч күздө үйлөнүп, тойдон кийин эле барганбыз. Суукта үшүп жатканынан ата-энем бир жумадан кийин эле шаарга жөнөткөн. Жаз чыкканда жайлоого бардык, "кайсы малды эмне деп айдайм?" десе, "ары бас, бери бас, аркамдан жүр де" деп тамашалап коём. Жайлоо кызык болду. Уй саап көрдү. Түшкө маал талаадан келсем бээ саап жатыптыр, "ой жыга теппесин" десем, "жо-ок, мен ушуну менен үчүнчү жолу саап жатам" дейт. Бирок барганда кан басымы түшүп, көтөрүлүп кете бергендиктен көпкө тура албайбыз.


https://sputnik.kg/culture/20180403/1038490010/yrchy-altynbek-kalenov-menen-maek.html







Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23