Кыргыз кызы Москвада: Биздин Мекенге болгон сүйүүбүз өчкөн жок

Ася Талантбекова  Бишкектин тургуну. Бирок, беш жылдан бери Москвада “Экономиканын жогорку мектебинде” оккуп келет. Бул университетти студенттердин өзү тамаша иретинде “Бийик секи” деп аташып, Москва мамлекеттик университети жана аны Москва мамлекеттик эл аралык институту менен бир катарда тургандыгы менен сыймыктанат.

- Сиз кантип бул окуу жайга өттүңүз жана эмнеге Москваны тандап алдыңыз?

- Мен Бишкекте мектепти аяктап жаткан учурда аябай Москвада окугум келген эле. Биздин үй-бүлөдө эч ким чет өлкөдө билим албагандыктан, кеңеш сурай турган эч ким жок эле. Интернетте дагы маалымат жок эле. Билим берүү министрлигине барууга туура келди. Бирок, ал жактан да анчалык жардам болгон жок.

Мен кийинчерээк Кыргызстандык абитуриенттер ъчън квота бөлүнгөнүн билдим. Бирок, мен ал боюнча өтө алган жокмун. Канткен күндө да, ага анчалык үмүттөнгөн жокмун, анткени эки эле орун бөлүнгөн эле. Ал квоталар, менимче, кирүү сынагына келбеген адамдарга тийди болуш керек. Менин алдымда тандоо бар эле – же Орусиянын башка шаарына барып, же Бишкекте калып окушум керекэле. Эки вариант тең мага жаккан жок, анткени менин кыялымда Москва болчу.

Ошондуктан, мен жыйынып туруп, бюджеттик орундар үчүн күчүү сынагына туш болууну көздөп кетип калдым. Бирок, жетишпей калдым. Мен келген учурда чет элдик жарандар үчүн документтерди кабыл алуу жана тандоо турлары бүтүп калыптыр.

Мен экзамен тапшырып, келишим менен окуу бөлүмүнө өттүм. Ошол жыл аралыгында мен бир аз көнүшүп, башка чет элдик студенттер менен таанышууга үлгүрдүм. Биринчи курсту аяктагандан кийин досторумдун кеңешин угуп, документтеримди алып, Жогрку экономика мектебине бюджетке өтүп кеттим.

- Эмнеге европаны же АКШны тандаган жоксуз?

- Анткени, Москва мен үчүн бир флакондогу илимий борбор жана кыял эле. Ал убакта мен Европа жөнүндө ойлонгон эмес элем, Москва варианты бир топ реалдуу вариант болчу. Мага Орусия тил жана менталитет жагынан кыйла жакын сезилди.

- Ал эми ата-энеңиз Сиздин кетүүңүзгө каршы болгон жокпу?

- Апам каршы болду. Анткени, Москва жөнүндөгү элестер стереотиптерге негизделген эле. Алар ал жакта скиндеддер бар, ошондой эле мени кыз бала тааныш эмес шаарда жалгыз кантип жүрөт деп коркушкан.

Мени атам колдоп кетти. Ал балдарынын бирөө Москвадан билим алса деп кыялданчу. Ал мен үчүн абдан тынчсызданды.

- Кандайдыр бир коркунучтар ордунан чыктыбы?

- Москвага келгенимде “жашоо жөнүндө” ойлор менин тынчымды алат деп ойлогон эмес элем. Ал жөнүндө ойлогонго да убакыт жок эле. Бул жака келе электе Бишкекте жалпы республикалык тест менен мектептеги экзамендеримди кантип айкалыштырым, эгер кетпей калсам, Бишкектеги кайсы окуу жайга тапшырам деген ойлордон бошочу эмес элем.

Мен келгиндерге терс мамиле болору, аларга “экинчи сорттогу” адам катары мамиле кылары жөнүндө көп укчу элем. Бул нерселер мага кайсы бир деңгээлде таасир этсе керек, мен терс мамиле болорун билип эле келдим.

Кийинчерээк менен адамдардын жүрүм-туруму менен алардые айлана-чөйрөгө болггон мамилесинин ортосундагы байланышка көңүл бурдум. Москва – баары бир жакка шашып жүргөн адамдардын шаары. Элдин баары шашып жүрөт, ошондуктан алар өздөрү байкабай одоно жана уят сөздөрдү сүйлөп алышы мүмкүн. Алгачкы кездерде көнбөгөндүктөн, мен абдан капа болуп жүрдүм. Мисалы, кабыл алуу комиссиясынын кызматкерлеринен одонолукту угууга туура келди. Андан кийин бул кадимки абал экенин түшүндүм жана мен аларга жагамбу, жакпаймынбы, кеп мында эмес экен.    

-Дагы эмнеден корктуңуз?

- Полиция менен документимди текшерип, кылдан кыйкым издейт деп коркчу элем. Кийин ал коркунуч дагы кетти.

Баса, мен Москвада жашаган беш жыл аралыгында болгону бир гана жолу менен документимди текшеришти. Бир күнү полиция кызматкери мени токтотуп, менин ким экенимди жана эмне иш кыларымда сурады. Мен студент экенимди, юрист кесибине окуп жатканымды айттым. Ошондо полиция кызматкерлери Орусиянын Конституциясы качан кабыл алынганын сурады. Мен жооп бердим. Ал мага жакшы окушум керектигин айтып, коё берди.

- Сиз кандай ойлойсуз, Москва жана анын жашоочуларына байланыштуу стереотиптердин көптүгү эмнеге байланыштуу?

- 10 жыл мурунку Москва менен азыркы Москванын ортосунда чоң айырма бар. Балким, мурда коркунучтуурак болгондур, ар түрдүү айтылган сөздөр негиздүү болгон чыгар, мен аны билбейм.

Азыр тынч эле, тартип бар. Албетте, шаарды айрым райондор бар, ал жакта абдан кеч сейилдөө ден соолукка зыян. Бирок, андай жайлар ар бир шаарда жана ар бир өлкөдө бар. Беш жыл ичинде сиз көрүп тургандай, мени менен эч нерсе болгон жок.

Стереотиптер “бузук телефон” принцибинен улам келип чыгат. Кимдир бирөө эмненидир угуп, аны туура эмес айтат, ал туура эмес маалымат боюнча тарап кетет.

- Сиз окууну аяктагандан кийин Кыргызстанга кайры барасызбы?

- Ушул суроону мен Бишкектен кеткенден бери угуп келем. Ушул жылдар аралыгында менин суроом бир нече жолу өзгөрдү. Биринчи курста окуп жүргөндө ойлонбой туруп, университетти аяктаганда кетем дечү элем. Мен анда бул жактан билим алып, аны кийин Кыргызстанга барып колдоном дечү элем.

Экинчи-үчүнчү куртарымда мениндеги ишенич жоголо баштады. Адис катары бир теория мага аздык кылат, тажрыйбада топтоо керек. Профессионал катары менден азыр Кыргызстанда пайда азыраак болот. мен юрист кесибин тандап алдым.

Менин тандоомо 2010-жылкы окуялардан кийин эл аралык соттордо кыргызстандын жеңилип калышы жөнүндө маалымат таасир этти. Биздин өлкө анчалык деле бай эмес, бирок биз чет элдик компанияларды жалдоого аргасыз болгонбуз, жыйынтыгында алар утулуп калды, а биз болсо сот процесстерине байланыштуу бардык чыгымдарды төлөдүк.

Бул туура эмес – эгер биз өзүбүз эл аралык соттордо өзүбүздүн кызыкчылыктарды жактай албасак, анда ошол кырдаал өзгөртүшүбүз керектиги анык.

- Сиз Бишкектен беш жыл мурун кеткен элеңиз. Ушул убакыт аралыгында Бишкек өзгөрүптүрбү?

- Мен ата-энеме жайында каникул учурунда келем. Шаар сыртынан абдан өзгөргөн – жаңы кооз имарттар, заманбап жаңы үйлөр пайда болуптур. Бирок, “акыл” жагына келгенде кырдаал начарлап кеткен. Өзүм теңдүүлөр менен сүйлөшкөндөн кийин менин ар дайым күңүлүм чөгө түшөт.

Мен коомдук иштер менен да алек болуп жүргөм. Мен пикир алышкан жаштар Кыргызстандагы жаштарга карата кырдаал идеалдуу эмес деп эсептешет.

-Сиз эмне тууралуу айткыңыз келип жатат?

- Туура ойлонгон адамдар, тилекке каршы, кетип жаышат. “Акылдардын агымы” процесси жүрүп жатат.

- Бирок, сиз деле ошол категорияга киресиз да. Сиз башка шаарга окуганы кетпедеңизби

- Ооба. Эң кызыгы мен сыяктуулардын баары кайсы бир убакта кайтып келебиз деп эсептешет. Мен Кыргызстанда 10-15 жылдан бери болбогон көптөгөн адамдарды билем. Бирок, алардын Кыргызстанга деген сүйүүсү өчүп калган жок. Алар жаңылыктардан кабардар болуп, эгер кандайдыр бир жаман окуя болсо, кайгырышат, тынчсызданышат. Кайсы бир убакта баз кайтып келебиз деп баары ойлошот, баары үмүттөнүшөт.

Тилекке каршы, бизде белгилүү бир система түзүлүп калган. Биз такыр түшүнбөгөн кандайдыр бир процесстр бар. Жалгыздан глобалдуу мааниде бир нерсени өзгөртүү кыйынга турат. Кайтып келүү үчүн тажрыйба, капитал болуш керек, ошондо гана өзүбүздүн өлкө үчүн бир пайдалуу иш кылууга болот.

-Орусиянын жогорку окуу жайларына тапшыруу тууралуу кыялданып жүргөн кыргызчтандыктарга кандай кеңеш берет элеңиз?   

- Негизгиси – эч нерседен коркпоо керек.

Беш жал мурун мен тапшырган учур менен салыштырганда, азыр орусиянын жогорку окуу жайларына өтүү – кыйла жеңил. Балким, бул ЕАЭБдин жана ОРусия менен Кыргызстандын жакындашуусунун таасири болгон чыгар. Ар бир окуу жайда чет элдик студенттер үчүн программа бар. Ошондуктан, эгер каалоо, максат болсо – аракет кылуу керек.

Булак: http://stanradar.com/news/full/28509-kyrgyzstanka-v-moskve-nasha-ljubov-k-rodine-nikuda-ne-delas.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23