Алмазбек Өмүров: "Булгаарыдан бут кийим чыгарган фабрика ачуу кыялым"

Кыргызстанда биринчилерден болуп булгаарыдан бут кийим тигип, ага кыргыз оюусун түшүрүп келген Өмүров Алмазбек бүгүн бизде конокто. Алмазбек мырза Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын кулуну. 2 кыздын атасы жана сүйүктүү жубайынын жары. Эмесе иш эмнеден башталганын, учурда булгаары бут кийимдер кантип жаралып жатканын өзү айтып бермекчи.

 

-Алмаз мырза, айтсаңыз булгаарыдан бут кийим тигүү идеясы кантип пайда болду эле?

-Бут кийим тигүү идеясы жумушсуздуктан пайда болду. Бул биринчи себеби, экинчиси болсо – мен шаарда окуп жүрүп жакшы бут кийимге жетпегендиктен, айланамдагылардын баары Кытайдан чыккан бут кийим кийип жүргөнү зээнимди абдан кейитти. Анан мен муктаж болгон соң, эл да муктаж да деп ойлоп, ошол күндөн баштап чоң максат коюп ишке кириштим. Бут кийимдин үлгүсүн алгач кагаз бетине түшүрүп,  булгаарыдан жасай турган болдум. Ошентип баасын канча сомдон кылып коерумду, бут кийимди кантип жасаарымды баарын ойлонуп, кагазга жазып чыктым да, элге да пайдам тийсе экен деп кыялданып, ишти 350 сом менен гана баштагам.

-Канчадан бери бул ишти аркалап келесиз?

-Бул ишти 2010-жылдын жай айында жайкы бут кийимдерди тигүүдөн баштагам. Анан бара-бара калыптарды алып, туфли, сапожка тиккенге өттүм. Учурда колум көнүп, иш бышты десем болот.

IMG-20150724-WA0026

 

-5 жыл аралыгында кандай ийгиликтерге жетише алдыңыз?

-5 жыл ичинде мен көп ийгиликтерди жараттым десем болот. Ошол учурда ишти 350 сом менен баштасам, бүгүн кудайга шүгүр, үй-бүлөмдү багып жатам. 2-3 күн мурун Москвага барып бут кийимдердин таманын чыгарган, булгары чыгарган чоң фирмалар менен келишим түзүп келдим. Буюрса, алар менен иштешип баштасам мындан да жакшы деңгээлде жана бут кийимдерди көп чыгарганга аракет кылам.

-Булгаарыны кайдан аласыздар?

-Булгаарыны чыгарган бизде 2 завод бар. Алар: “Булгаары” жана “Кожа” заводдору. Ошолор менен иштешебиз.

-Булгаарыдан сырткары бут кийимге керек болгон нерселерди башка мамлекеттерден сатып аласыздарбы?

-Бут кийимдин үстүңкү бөлүктөрүн Кыргызстандан эле алабыз, ал эми таманын Кытай, Орусиядан алчумун. Эми Москвага барып келишим түзүп келгендиктен буюрса, жалаң Москванын тамандарын колдонуп калам.

 

IMG-20150724-WA0031

-Сиз менен бирге канча киши иштейт?

-Менден бут кийим тигүүнү көп балдар үйрөндү. Жыйырма баланын ичинен 2өө гана мени менен иштеп келе жатышат. Алардын ар кандай кыялдары болот экен дегендей. Мен маңдай терим, ак эмгегим менен нан таап жегенди жакшы көрөм. Муну айтканымдын  себеби: айрым балдар уурулук кылып, туура эмес жоруктарды жасашкандыктан жумуштан кетирүүгө туура келди.

-Кардарлардын каалоосу боюнча бут кийим тигип бересизби?

-Ооба. Кардарлар кандай бут кийим буйрутма кылса, ошого жараша тигип бергенге аракет кылам. Кээде аябай оор моделдер келип калат, бирок баш тартпастан, уят болбоюн деп жасап бергенге аракет кылам. Өзүм кыйналганыма карабастан оор моделдерди тигип жүрүп такшалдым десем да болот.  

-Бир түгөй бут кийимдин баасы канча сом?

-Мен чыгарган бут кийимдин баары булгаарыдан жана колго тигилген, кыргыз оюусу түшүрүлгөн. Бирок ага карабастан баасын 2000 сомго жеткирбей коем. Чындыгында атаандашым жок деп, алкымыма алым жетпей кымбат сатсам болмок, бирок кыргыз элинин уулу болуп туруп мындай кылуу акылыма сыйбаган нерсе. Мен элим үчүн арзан, сапаттуу нерсени берейин деп баасын да сапатын да ушул күнгө чейин көзөмөлдөп келем.

-Сиздин колдон чыккан бут кийимдерди кайдан тапсак болот?

-Чүй-Бейшеналиева көчөсүндөгү соода борборунда, Аламүдүн базарында бар.

 

IMG-20150724-WA0029

-Белгилүү адамдар тапшырык берген учурлар болду беле?

-Белгилүү адамдардан Сыймык Бейшекеев, Аалы Туткучев сыяктуу көптөгөн белгилүү адамдар бут кийимимди кийип жүрүшөт. Жакшы кудай буюрса.

-Кичинекей балдар үчүн да бут кийимдерди тигесизби?

-Кичинекей бөбөктөргө бут кийим тиксе болот. Бирок булгаары чоңдордун бут кийимине кеткендей эле өлчөмдө кетет экен. Көп убакытты да алат экен. Анан мен балдар үчүн бут кийимдин баасын 1500 сом деп койсом, анда 500 сомго Кытай бут кийимин алып жүргөндөр үчүн кымбат болуп калат. Ошондуктан азырынча бул ишти баштай элекмин.

-Келечекте чоң бут кийим цехин ачуу планыңызда барбы?

-Албетте. Чоң фабрика ачуу менин максатым. Дүйнөдөгү мен-мен деген бренддик фирмалар менен теңтайлашып, кыргыз бут кийими атаандаштык жаратса деген тилектерим бар. Мен чыгарган бут кийимдерге биринчи кадамым деп “Кадам” деген ат койгом. Эми “Эл кадамы” деген ат менен ар бир облуста цех ачайын деген пландарым бар. Мисалы, бир райондогу 5 миң киши 500 сомдук бут кийим алса, 5 миллион сом болуп кетет экен. Кыргыз элинин бут кийимгеби, кийимгеби, тамак-ашынабы баарына корогон акчасын  Кыргызстанда алып калуубуз керек деген ойдомун.

-Ишти баштаганда кандай тоскоолдуктар болду? Аларды кантип жеңе алдыңыз?

-Мындай ишти аткаруу өтө оор. Жеңил болсо 5 миллион калктын көбү бул ишти баштамак. Бут кийим тигүүгө эрк керек. Мен бут кийим чыгарарда уктап жатып да түш көрөм, күндүз кечке иштейм дагы, чай ичип отурсам да маңдайыма коюп отурам.

-Иш баштайм деген жаштарга кандай багыт, кеңеш бересиз?

-Иш баштоону каалаган жаштарга берер кеңешим алдыга чоң максат коюшу керек. Ошол максатты ишке ашырууга болгон аракетти жумшоо керек. Менде абдан чоң максат болгон. Мен элге кыргыз оюусу менен бут кийим чыгарып, ишти 350 сом менен баштаган бизнесмен болом деген максат койгом.

-Сизден бут кийим тигүүнү үйрөнүүнү каалагандарга үйрөтүүгө даярсызбы?

-Мен келечекте мектеп ачкым келет. Мага чалып, үйрөнүүнү каалагандар көп, ошол адамдарга кесибимди үйрөтө алсам, бул менин чоң жеңишим болот.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Максаттарыңыз дайыма ишке аша берсин!

-Сизге да рахмат! Ишиңизге ийгилик!

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8