Актилек Гүлжигит кызы: «Үйгө жеткенче ыйлап алам, балдарыма көз жашымды көрсөтпөйм»

Келбети экранга куп жарашкан алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы учурда турмуш менен жигердүү күрөшүп, ийгиликтердин даамын татып, жең  иштерге кол сунуп турган чагы. Анткени ал 23 жашында үч бала менен жесир калып, тагдыр менен өч болуп калган. Анын багыты да, максаты да – алга жана алга жылуу.

«Жаш күнүмдө жар, эрте күндө эне болдум»

– Балалыгым Баткенде өттү. Мезгил-мезгили менен алмада, өрүктө иштеп, жайлоодо мал карап, курут жайып чоңойдум. Үйүбүздө тегирмен бар эле. Айыл эли келип ун тарттырышчу. Каптарды булкуп-жулкуп салып буудайды өзүм эле тартып берип койчумун. Ар бир каптан эки килодон ун алып калчубуз. Мектепте жакшы окуп, ыр жазчумун. Бала күнүмдөн түйшүккө түшүп, эмгекке бышып өстүм. Ошого жараша турмушка эрте чыгып, жаш күнүмдө жар, эрте күндө эне болдум. Жолдошум экөөбүз бир айылдан болгонубуз менен аны жакшы билчү эмесмин. Эки-үч курдай жолукканбыз, бирок мен ага келинчек болуп каларымды ойлогон эмес элем. Окуучу болсом да боюм узун болуп, чоң кыздардай көрүнчүмүн. Турмушка эрте чыгышыма ушул келбетим себеп болду го дейм. 9-классты аяктагандан кийин ала качып алды. Али мектепти аяктай элегим баарын ойлонтту. Мугалимдерим жогорку окуу жайында окушум керектигин айтышты. Кайнатам жергиликтүү кең  еште депутат эле, мени окутуу милдетин өзүнө алды. Ошентип 16 жашымда чоң бүлөгө келин болуп калдым. Жолдошум анда 23 жашта эле.

«Күйөөм пайдубалымды куруп кетти»

– Балдарымдын атасы келечегим үчүн абдан ойлончу. Анысын азыр да эстеп ичим жылып, ыраазы болом. Мен бир күн кечке кир жууп, бир күн кечке нан жаап окууну деле ойлобой калгам. Жолдошум болсо менин окуп, иштээримди айта берчү. Кийин сөзүнө туруп окууга тапшыртты. Балдарын өзү карап, бала бакчага ташып, керек болсо кечки тамакты да жасап шарт түзүп берди. Мен окууга катар жергиликтүү теледе иштеп калдым. Мендеги мындай жылыш баарына эле жага берген жок. Айрымдар: «Шиш така кийип алып иштеп жүрөт», - деген кептерди айтышты. Бирок жолдошум менен кайнатамдын колдоосу менен андай кептерди укпай окуп алдым. Ошол кезде ал менин пайдубалымды түзүп коюптур. Эки балалуу болгондон кийин күйөөм боордун циррозу менен ооруп калды. Азыр ойлосом акыркы эки жылда мени өзгөчө баалап, сыйлап, абдан жакшы мамиле кылып калган экен. Балким, экөөбүздүн бирге жашаган бактылуу кезибиз аяктап баратканын ал билгендир. А мен жаштык кылдым го, бул дарттын арты жаман болорун ойлонбоптурмун дагы. Тилекке каршы, кичүү уулума 4 ай болуп калганда кара жамынып, кан жутуп калдым. Ал күндөрдү эстегим да келбейт… (ойлонуп). Жашоомдо эң оор учурлар болду. Ошол кезде өзүм оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан элем. Жолдошумдан айрылып калганымды ошол жакта жатып кокусунан угуп калгам. Биз болгону жети жыл жашадык.

«Жаралуу жашоомду жакшы китепке айланткым келет»

– Жогорудан бери байкаганың  ыздай тагдырымда оор күндөр көп болду. Азыр деле алардын саркындылары бар, таптакыр кутулуп кете элекмин. Турмуштун түйшүгү менен ыр жазуум унутта калган эле. Кийин өксүгөн күндөрүмдү кара сөз кылып жазып жүрдүм. Көптөн бери аларды чыгармага айлантууну көңүлүмдө багып келгем. Жакында жазгандарымдан үзүндүнү Фейсбук баракчасына жарыяласам көпчүлүк жылуу кабыл алды. Ошондон кийин жазууга шыктанып калдым. Ооба, алгач азырынча чоң   чыгарма жазууга жаштык кыламбы деп ойлодум. Бирок изденип карасам 20-30 жашында эле жазуучулук менен ийгиликке жеткендер бар экен. Демек, мен да кылсам болот дедим. Ары мен азыр жазгым келип турат. Бирок мени ойлондурган жагдайлар бар. Жашоомдогу айрым кара тактарды баяндап китепке киргизүүгө күчүм жетер бекен?.. Ушул кезге чейин эч кимге айтпаган сырларды элге чыгаруу керекпи?..

«Таанышым жок, өз күчүмө таянып кадам таштадым»

– Жалгыз калган соң   балдарымды алып апама бардым. Дайыма ыйлап-сыктап жашоо мүмкүн эмес эле. Эки-үч айдан кийин уулдарымды апама калтырып Ошко бет алдым. Ал жакта мени күтүп алчу жакыным да, абалымды сураар таанышым да жок эле. Бирок жолум болуп дароо жумушка кирдим. Иш менен алышып ыйдан, кайгыдан алыстап, бир топ чыйралып калдым. Анан баарына белгилүү болгондой, 2016-жылы КТРКдан иштен чыгып калгам. Кайрадан ойлонгон, түйшөлгөн күндөрдүн биринде ашканада тамак ичип отуруп эле Бишкекке кетүүнү чечтим. Барып камынып, баштыгымды көтөрүп борборго жөнөп кеттим. Ошко баргандагымдай бул жакта деле эч кимим жок эле. Тоо арасы менен таксиде келе жаткан жолдо тынбай Кудайга жалынып ыйлап келдим. “Эч кимге уят болбой иштеп кетейин, ошол жактан күткөн үмүт тилектеримди кабыл кыл”, - деп тиленгем. Кудайга шүгүр, тилектерим кабыл болуп, жашоом жолго салынып келе жатат. Мен азыр өзүмө ишенем. Баары колумдан келет деп турам, ошого жараша кылгандарым оң  унан чыгат.

«Балдарымды исламдын негизинде тарбиялайм»

– Былтыр балдарымды да борборго алып келдим. Азыр төртөөбүз батирде турабыз. Улуу уулум 2-класста окуйт. Кичүүм беш жашта, бала бакчага барат. Алардын кирин жууп, тамагын жасап, эки жакка ташып, сабагына жардамдашкан жалгыз өзүммүн. Баарына жетишүү кыйын, тынымсыз чалып абалдарын сурап турам. Алар телефонду албай калганда оюма ар нерсе келип, жаным чыгып кете жаздайт. Мен иштен эрте дегенде кечки саат 9да келем. Ага чейин жумуртка кууруп жеп, чай ичип курсактарын тойгузуп турууга үйрөтүп койгом. Балдарымды кайын журтума жибербей калдым. 18 жашка чейин бир колдо чоң  ойсун дедим. Бойго жеткен соң   эркек балдар кайда кааласа ошол жагына барат. Эки жылдай муфтияттын уруксаты менен чыккан диний китептерди окуп, ислам дини менен таанышып чыккам. Ислам менен жашоодо жаң  ылыштык жок. Ошол себептен балдарымды дин жолу менен тарбиялайм. Балдарым али кичине болсо да турмуштун оор-жең  илин кичинекей жүрөктөрү менен сезип турушат. Өткөндө алардын маегин угуп калдым. Ортончумдун өтүгү жыртылып калган экен. Аны агасына кеп кылса улуу балам: “Эми муну апама айтпай эле кой. Менин чогулткан акчам бар, ошого клей сатып келип өзүм чаптап берем”, - дейт. Балдарымдын ушинтип мени аяп тургандары жүрөгүмдү жылытып, үмүтүмдү жандырат.

«Убакытка кызганчаак, уйкуга зармын»

– Эфирге диктор катары чыгуу мага жакканы менен акчасы аз экен. Ошол себептен “Ата-Тоо 24” телеканалында кабарчылык менен иштейм. Бул иштин дагы бир жакшы жагы, ар кандай маалыматтарды даярдап, көп нерсеге үйрөнө бересиң  . Албетте, бир жердин маянасы үч бала эмес, кара жанымды багууга да жетпейт. Ошондуктан кошумча дагы эки-үч жумушта иштөөгө аргасызмын. Шаарга жаң  ы келгенде күндүз теледе иштесем, түнү тигүү цехинде иштөөнү пландагам. Бирок апам каршы болуп иштетпей койду. Балдарым чоң  оюп, ичкен-жегени да чоң  оюп баратат. Ошого азыраак иштеп көбүрөөк акча табууну тынымсыз ойлоном. Карап чыгып көп акча алып келген иштердин тизмесин түзгөм. Колумдан келчүсү программалоо экен, азыр ошону окуп, өздөштүрүп жатам. Таң  дан кечке иштеп, арада балдарыма чуркап, анан түн ортосуна чейин тексттерди редакциялоо сыяктуу кошумча иштер менен алекмин. Баарына жетишүүм керек. Уйкуга ушунчалык зармын. Адам катуу чарчаганда организм баш бербей калат окшойт, кээде балдарымды жөнү жок урушуп салган кездерим да болот. Чынын айтайын, азыр окуу аяктап, балдарды жайкы эс алууга айылга жиберчү күндү күтүп жатам.

«Жаман кептерге жүрөгүм ооруп калат»

– Жашоом, жаштыгым ушинтип өтүп жатат. Социалдык тармактардан мага карата “муну караган бир чоң  бар да...” деген сыяктуу пикирлерди окуп калам. Мындай кеп, албетте, жүрөгүмдү оорутат, көңүлүмдү чөгөрөт. Бирок ага кечке кейип отурууга да убактым жок. Колумду сурагандар бар. Көбү өзүмдөн кичүү жаш балдар. Алардын айткандарын угуп: “Эх, али баласың   да, эмнени билип коюпсуң  ”, - дейм. Ага карабай аракет кылып, менден мурун балдарыма жаккысы келип, аларды алдынан тосуп таттуу алып бергендер бар. Булар менин көң  үлүмдү бурдурбай эле, тескерисинче, ого бетер ачуумду келтирет. Балдарыма: “Эч ким менен сүйлөшпөгүлө”, - деп тыюу салам. Турмуш мени ушундай катуу кылып койду. Азыр көп нерсеге ийилбей калдым. Ырас, жашоо менен жанталаша жалгыз күрөшүү мени да чарчатат, ызалантат. Көбүнчө автобус, троллейбуста баратканда же унаадан түшүп үйгө басып баратканда ыйлап-ыйлап алам. Бирок көз жашымды балдарыма көрсөтпөйм. Азырынча турмушка чыгуу оюм жок. Пландарым, максаттарым бүт баары ишим боюнча гана. Алдыда жан шерик болор бирөө бардыр. “Кудайым ылайым жакшы адамга жолуктурса экен”, - деп тилеп келем. Мен үчүн “ажырашкан” деген статус эң   жагымсыз. Эгер экинчи ирет турмушка чыксам түбөлүккө жашай турган болуп чыгышым керек.

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА 

http://www.lady.kg/node/4314

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23