Рахат: «Баса албасам да татыктуу жашоого аракет кылам»

Ат-Башы районунун Большевик айылынын 33 жаштагы тургуну Рахат булгаарыдан көз жоосун алган сумкаларды жасап, чет жерге жиберип чакан бизнес менен алектенет. Бирок мындай түйшүктү ал жүгүрүп жүрүп эмес, бир орундан жылбай отуруп аткарууга аргасыз. Себеби ал кырсыктан улам басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Жашоого жаркын маанайда карап, алга умтулган маектешимдин аракети башкаларга шык жаратчудай.

«Бир заматта баса албай калдым. Бактымдан айрылдым»

– Баспай калганыма жети жыл болду. Ал күнү адаттагыдай эле мал айдап келаткам. Сарайдын жанында бийиктиги 30 метрдей жар бар эле. Ошол жарга келгенде кокустан тайып жыгылып кеттим. Кырсыктан катуу жабыркап кыймылдай албай төшөктө жатып калдым. "Бел сынган жана жүлүн жабыркаган" деген болжолдуу аныктама коюшкан. Сакаюу үчүн эки жолку операцияга киргеним менен натыйжа болгон жок. Жүлүнгө жасалуучу операция оор болгондуктан жергиликтүү догдурлардын күчү жетпейт экен. Ошондуктан чет жердеги ооруканаларга кайрылып, «жүлүн ичкерип калган, өсүшү керек. Ошондо гана бутка кыймыл келет» деген жооп уккам. Мындай жылыш болушу үчүн алардын кызмат баасы 50 миң   АКШ долларын түзөт экен. Бул мен үчүн чоң   сумма болгондуктан ордумдан тура албаган абалда жата бердим. Бара-бара мүнөзүм өзгөрүп түнт болуп кеттим. Эч ким менен сүйлөшкүм келбей калды. Анан ичтеги бук, кайгы-капамдын баарын ырга айланта баштадым. Ага чейин жазууга шыгым да, жазайын деген оюм да жок эле. Армандуу ырларым апамдын көз жашын агызды. Аны көрүп иним мага нааразы болуп: «Адамды кайгырткандан башканы билбейсиң  би?» - деп урушчу. Анысы аз келгенсип башта жакшынакай жашап келген аялым эки кызым менен уулумду мага калтырып, өзү кетип калды. Кырсык болгондон кийинки эки жылда жөн эле жүргөн, анан эле бир күнү: «Апамдыкына барып келем», - деп кеткен бойдон кайрылбады. Ошентип баса албай калуу менен бактымдан айрылып, жашоонун кызыгын деле сезбей калдым. Мамлекет тарабынан алты миң   сомдой жөлөк пул алып, алты айда бир дарыланып, ай сайын тиешелүү анализдерди тапшыруу менен жашап баштадым.

«Балдарым үчүн башымды көтөрдүм»

– Убакыт өтүп жазгандарым бир чоң   дептер болгондо ырларым ызамды күчөтүп, аны менен өзүмдү талкалап жатканымды түшүндүм. Анан жазууну токтоттум. Аялымдын кайрылбай турганына көзүм жеткен соң   балдарымдын келечегин ойлоп тынчсыздана баштадым. Балдарым: «Атам баса алса жашообуз башкача болмок», - деп арман кылышпасын деп белимди бекем бууп, башымды бийик көтөрдүм. Өзүмдү колго алдым. Каражат табуунун жолун издеп борборго келип «отуруп алып топчу тиксе болот да» деген ой менен тигүү цехтеринен иш издедим. Албетте, бутумдун баспаганы үчүн мени эч ким кабыл алган жок. Ошондо ден соолугум таза кезде кошуналарга пайдасы тийип жүргөн бир ишти колго алдым. Булгаарыдан жүгөн, камчы жана башка жабдыктарды даярдай баштадым. Камчыны 100-200 сомго сатып чоң   эмгектерим аз акчага кетти. Кийин текенин мүйүздөрүн чогултуп жаа да жасап көрдүм. 2015-жылы облусубузда өтүүчү «Шырдак» фестивалына катышууну чечип, ага үч ай даярдандым. Ал күнү алып чыккан эмгектерим кечке чейин эле калбай өтүп кетти. Капчыгыма 90 миң   сом түштү. Ошондо элдин сумкага талабы чоң   экенин түшүндүм.

«Устат болдум, жеке фирмамды ачтым»

– Көрүп-билип калгандан кийин буйрутма кылгандардын саны арбыды. Анан айыл өкмөтүнөн билгенимди аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жана жарым, томолой жетим балдарга үйрөтүү сунушу түштү. Башка мамлекет тарабынан каржыланган бул долбоордон кийин менин кабарымды билип өнөр үйрөнүү үчүн ар тараптан балдар келе башташты. Аларды үйүмө жашатып, төшөгүмө жаткырып, тамагымды берип билгенимди аянбай бөлүштүм. Азыр өз алдынча иштеп жаткан он чактыдай шакиртим, үйрөнүп жаткан эки окуучум бар. Идиректүү бала он күндө өздөштүрүп кетет. Дээринде болбосо жылдап жүрө бериши мүмкүн. Өнөр үйрөнөм дегендер булгаары ала келүүсү же керектелген терилердин акчасын төлөөсү керек. Аракет болсо эле мүмкүнчүлүктөр келе берет экен. Ишим илгерилеп кардарларым арбый берди. Атүгүл менин эмгегиме Түркия, Кытай, Америка, Орусиянын жарандары да кызыга башташты. Алардын кызыгуусун канааттандыруу үчүн дагы аракет көрдүм. Жасагандарымды чет жерге жиберүүгө атайын документтер керек экен. Ал кагаздарды чогултуп «Чебер Рахат» фирмасын ачтым. Фирма үч айда бир чет жерден түшкөн буйрутмаларды почта аркылуу дүң  үнөн башка мамлекеттерге жиберип турат. Эми фирмамды кең  ейтип цех ачсам, менин колумда үйрөнгөндөргө сертификат бере алат элем. Ошондо шакирттерим да расмий түрдө иш алып барып, эмгектерибизди экспорттоого ыңгайлуу болмок. Учурда ушул максаттарым боюнча сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатам. Менин дагы бир кыялым - Ат-Башы районундагы майып балдарды чогултуп ушул өнөрүмдү үйрөтүп, алардын эмгектерин сатуу үчүн дүкөн ачуу. Аманчылык болсо бул максатымды да ишке ашырам. Учурда Орусия мамлекети биргеликте иштешүүнү сунуштап жатат. Алар менен жалгыз иштеше албайм да, ошол себептен өзүмө команда топтоо максаты менен борборго көчүп келдим.

«Эми менде баары бар»

– Өткөн жылдын жайында жакындар аркылуу аябай боорукер, адамгерчиликтүү, жөнөкөй, түшүнүктүү бир айым менен таанышып калдым. Экөөбүз телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, бир чечимге келип баш коштук. Келинчегим Наргиза менин акыбалымды билип-көрүп туруп эле мага жар болууга макул болду. Ал мыкты ашпозчу, кафелердин биринде иштейт. Ата-энеси да түшүнүктүү адамдар, кызынын чечимине каршы болбой ак батасын беришти. Наргизанын жолдошу оорудан каза болуп, кайгыдан жаң  ы гана баш көтөргөн кезде тагдыр экөөбүздү табыштырган экен. Ал эки баланын энеси. Мурда үч балам болсо, эми беш балага ата болдум. Балдарыбыз эс алуу маалында жаныбызга келип турушат. Өкүл атабыз Жогорку Кең  ештин депутаты Алмаз Батыралиев. Бул адамды статусуна, абалына кызыгып өкүл ата кылып алган жокмун. Өкүл атам башынан эле Ат-Башыга барган сайын акыбалымды сурап, мага көң  үл буруп турчу. Кыскасы, бири-бирибиздин чөнтөгүбүздү аң  дышпай, жылуу сөз, сый мамиле менен гана ата-бала болуп калдык. Менде азыр баары бар. Баарына ыраазымын. Мени эң   оор күндөрдө колдоп, жаш баладай бөпөлөп баккан апама миң   ирет ырахматымды айтам. Апамдын мээрим, сүйүүсүнө болгон карызымдан эч качан кутула албасмын. Балдарым азыр чоң   ата, чоң   апасынын колунда, айылдык мектептен билим алышат. Кудайга шүгүр, бир кездеги тилегиме жетип азыр кыздарым каалаган жакшы кийимди, кооз буюмдарды алып бере алам. Балдарым мага Кудайдан берилген аманат. Аларга эмне керек болсо аталык милдетимди аткарып баарын орундатып бергим келет. Ак эмгек бааланбай калбайт экен, убагында төшөктө жатса да, балдарынын жаркын келечегин ойлойт деп, экс-ажобуз Алмазбек Атамбаев «Даң  к» медалын ыйгарды. Бул да мага шык, дем берди. Азыр баарын аракет менен, ак эмгек менен ишке ашырып, мамлекетке салык төлөп кызмат кылып атканыма кубанам.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

http://www.lady.kg/node/4317

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23