Акмаанай ЭШБАЕВА: “Биздин баш кошуубузга каршы болгон тоскоолдуктарды сүйүүбүз жеңип кетти”

 

Ырчы, обончу Токон Эшбаевдин эрке кызы Акмаанай Эшбаева былтыр турмушка чыгып, экинчи жолу эне статусуна ээ болгон. Быйыл минтип үйлөнүү той, бешик той берип элдин батасын алып отурат. Анда эмесе, ырчынын акыркы жаңылыктары, жеке турмушу тууралуу берген маегине көңүл буруңуздар.

– Акмаанай, кош той берип кубанып турган экенсиңер, негизи качан үйлөндүңөр эле?

– Былтыр ноябрда кар жаап биздин баш кошуубуз суук мезгилге туш келип калгандыктан кийинкиге калтырганбыз. Ал аралыкта мен кош бойлуу болуп калып, аман-эсен көз жарып алган соң бешик той менен үйлөнүү тойду чогуу белгилейбиз деп ниет кылган элек. Тилегибиз орундалып 31-октябрда үйлөнүү той, бешик той берип элдин батасын алдык. Оштон менин төркүндөрүм келишти, Нарындан кайын журтум, бардык санаалаш жакын адамдардын курчоосунда тоюбузду өткөрүп алдык. Тойдун 1-бөлүгү үйлөнүү той болсо, 2-бөлүгү Умай эне баланы бешикке салып аластап бешик той болуп уланды. Балам эмчек эмгендиктен үлпөт көйнөгүн кийбейм деп чечтим. Себеби койкоюп эки жаш отурчу жерде отура албайт экем, улам эмизип, ары-бери чуркаганга туура келет экен. Андыктан кыргызча дейбизби же заманбап дейбизби, айтор, өзгөчө той өткөрдүк. “Сармерден” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Талант Карагулов жана анын жубайы кыякчы Айнура Бердикулова экөө өкүл ата, өкүл апа болушту.

– Сүйлөшүп жүргөндө жолдошуңду жашыра берчү элең, эми кененирээк тааныштырарсың?

– Жолдошум Кубат Алымкулов Нарындын Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынан болот. “Теңир-Тоо” тобунун ырчысы. Учурда консерваторияда окуп жатат. Буга чейин дагы бир нече окуу жайды аяктаган. Үй-бүлөсүндө 5 бир туугандын бешинчиси. Мен да үйдө беш бир туугандын эң кичүүсү болом. Экөөбүздүн тең бир туугандарыбыз үй-бүлө күтүп, очор-бачар болуп калышкан. Кубат экөөбүз баш кошуп, биз да алардын катарын толуктадык десем болот.

– Силердин жаш айырмачылыгыңар, сенин мурун турмушка чыкканың баш кошууңарга тоскоолдук жаратпадыбы?

– Биз Кубат экөөбүз мен радиодо иштеп жүргөндө таанышып калып жакшы сүйлөшүп кеттик. Эки жыл бири-бирибизди жакындан билип сынап көрдүк. Бирок минтип үйлөнүп, балалуу болуп калабыз деген ой экөөбүздө тең болгон эмес. Анткени баш кошуубузга каршы адамдар чыгат деген коркуу сезими ар дайым жүрөгүбүздө жашачу. Бир үй-бүлө болобуз деген ишеним жок болчу, анын ордуна чочулоо, коркуу, “кандай болуп кетер экен?” деген санааркоо менен жүрдүк. Кубатты жашырып жүргөнүм да ошондон болчу. Анткени Кубат менден 5 жашка кичүү жана мурун үйлөнгөн эмес эле. Мындай учурда чындыгында эле түшүнбөстүктөр болбой койбойт экен. Андай тоскоолдуктарга экөөбүз тең даяр болчубуз. Ошондуктан бардык кыйынчылыкты биздин сүйүү жеңип кетти. Кудайга шүгүр, кайын журтум жакшы кабыл алышты. Учурда жакшы жашап жатабыз, балабыз Биймырза турганда атабыз эзилип өзүн өтө бактылуу сезип кетет. Мурун баламды гана ойлоп, күйөө тууралуу көп ойлончу эмесмин. Бирок аялдык бакыт башкада экенин эми түшүндүм.

– Бактыңарга көз тийбесин. Маркум акын, журналист Медер Осмоналиевден калган уулуң Амантур жаңы атасын, жаңы бөбөгүн кандай кабыл алды?

– Учурда улуу балам Амантур өзүбүздүн колубузда. Ал өз атасын көрбөгөндүктөн анда эч кандай деле түшүнбөстүк, чочуркоо жаралбады. Ыраматылык атасы уулу төрөлөрү менен каза болбоду беле. Амантур мен Кубат менен сүйлөшүп жүргөндө эле Кубат байке деп жолдошума жакын болчу. Биз баш кошкондон кийин дароо эле "ата" деп өз атасындай кабыл алды. Экөө тең бири-бирине бат эле көнүп, бири-бирин өгөйлөгөн жок. Ошол сыңары эле бир тууганын да жакшы көрүп, мээрим төгүп карайт. Амантур чоң ата-чоң апалары, өз туугандары менен катышып турат. Каникул сайын ата журтуна барып эркелеп келет. Азырынча эмне болуп жатканына акылы деле жетпесе керек, кийин чоңойгондо баарын түшүнүп алат болуш керек.

– Нарынга келин болгон кандай экен, салтта өзгөчөлүктөр болдубу?

– Айырма деле байкай алган жокмун. Болгону сүттөп чай куйганга көнбөй бир аз кыйналдым окшойт. Азыр көнүп кеттим. Салт-санаа жагын куда-кудагыйлар эки тарап тең таарынбагыдай кылып ортодо чечишип алышты. Бирок тойдо кыргызга тиешелүү бардык ырым-жырымдарды жасадык. Учурда кайненемдер шаарда, тойго келген боюнча кетише элек. Кышты бул жакта өткөрөт. Негизги жашоосу Нарында, жайында жайлоого чыгып бээ саап, кышында кыштоодо кыштачу экен. Быйыл биздикинде, шаарда кайнагам бар, аныкында жүрүп кышты чыгарып жазында айылга барышат. Кубат окуп, мен иштегендиктен, биздин жашоо шаарда эле улана бермекчи.

– Кубат экөөң шаардан үй алганга жетиштиңерби же батирдесиңерби?

– Жок, батирде эмеспиз, өзүбүздүн үйдө эле жашап жатабыз. Мурун мен сатып алган үй бар болчу, ошондобуз.

– Келечек пландар кандай, балаңдан кийин удаа төрөсөм дейсиңби же чыгармачылыкка баш-отум менен киришем деп жатасыңбы?

– Уулум Биймырза 5 айлык болуп калды, учурда эс алуудамын. Өзүм Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайды, ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетин, Кыргыз улуттук консерваториясынын вокалдык бөлүмүн бүтүргөм. Төрөгөнгө чейин А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, консерваторияда иллюстратор, Улуттук филармониянын камералык хорунда эмгектенип келгем. Мени “Санжыра” радиосунун ди-джейи катары да таанышчу. Эми чыгармачылыгымды жолдошум менен дуэт аткарып улантсам деген пландар бар. Кечээ тойдо апаларыбызга сюрприз кылып аларга арнап дуэт ырдадык. Чыгармачылык ушинтип өз нугу менен кете берет. Кудайым берсе төрөгөнгө не жетсин, Гүлнара Кахарова деле 7ни төрөп коюп ырдап эле жүрөт го. Кудай бала берсе мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек деп ойлоймун.

– Токон Эшбаевдин көкүрөк күчүгү болсоң абдан эрке өссөң керек?

– Айтпаңыз, өтө эрке элем. Атамды ээрчип алып коноктон калбайт болчумун. Жакшы кийим алып келсе да мен биринчи тандайт элем, таттуу тамакты да биринчи мен жеп, менден калганын башка бир туугандарыма берчү. Атам гастролдо жүргөндө сагынып калат окшойт: “Сагынычымды таркатам”, - деп жылаңач курсагына жаткырып, мени жыттап уктачу. Ошондуктанбы эмнегедир атамдын ырчылыгын улантып кеткени эле мен болдум. Болбосо бешөөбүздү тең музыкалык мектепке окутушту. Бирок менден башкалары башка кесиптерди аркалап кетишти.

– Ата жолун улаган элдин кызы болуп жүрө бер, маегиңе рахмат.

Нуриса БАЯЛИЕВА 

http://www.lady.kg/node/4205

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23