Окумуштуулар лабораторияда өпкө өстүрүүнү үйрөндү

Бул тууралуу Digital Trends кабарлайт. Организм жарым саат сакталып, жаңы ээсине ийгиликтүү түрдө жайгаштырылат.

Америкалык окумуштуулар биринчи жолу өпкө өстүрүү боюнча ийгиликке жетишти. Алардын айтымында, жасалма өстүрүлгөн жана башка адамга жайгаштырылган орган башка денеге жакшы көнүп кетти.

Медицина жаатында мындай ийгиликке Техас университетинин Галвестон Улуттук лабораториясынын адистери жетишкен. Бардык тажрыйбалар адам организмине окшош болгон чочкого коюлду. Изилдөөчүлөр чочконун денесинен өпкөсүн алып, аны атайын резервуарга салып, тиричиликти камсыз кылган аппаратка кошкон. Алардын кубанычына жараша, орган ары карай чоңоюп, өсүүнү токтоткон эмес.

Бир айдан кийин өпкөнү ийгиликтүү түрдө туугандык байланышы жок чочкого салган. Окумуштуулар бардыгы болуп алты өпкөнү алмаштырышкан, бирок кээ бир проблемаларга байланыштуу алардын төртөөсү гана жаңы организмге сиңе алган. Серапчилердин айтымында, бул жаңылык келечекте соо өпкөлөрдү адамга салып, ал тургай жабыркаган ткандарды кайра өстүрүүгө мүмкүндүк берет.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8