Кальян чегүү адамды түз өлүмгө алып барары белгилүү болду

Окумуштуулар кальян чегүү адам өмүрүнө коркунуч жаратарын аныктады. Ал жүрөктүн согушун басаңдатып, кан басымын көтөрөрү аныкталды. Бул тууралуу doctor.rambler.ru сайты кабарлайт.

Лос-Анджелестеги Калифорния университетинин окумуштуулары кальян чегүүнүн адам ден соолугуна зыян экенин маалымдады. Алар кальяндын зыяндуулугун тамеки менен салыштырууга болорун айтышат.

Алардын сөзүндө, кальян чегүү жүрөк согушун 16 эсеге чейин азайтып, кан басымын көтөрөт.

Ошондой эле, ал жүрөк-кан тамыр ооруларын козгойт.

Окумуштуулардын айтымында, кальяндын түтүнүндө адам ден соолугуна терс таасирин тийгизген химиялык кошулмалар абдан көп.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8