Циститти үй шартында дарылоонун жолдору

Цистит – инфекциялык оору. Көтөн чучуктан түшкөн микроб заара чыгаруу жолдоруна зыян келтирип, анын таасиринен цистит пайда болот. Аны өз убагында дарылабаса, аягы оор абалга алып келет. Өтүшкөн цистит кезинде заара чыгарууда кан аралашат. Бул учурда милдеттүү түрдө дарыгерге текшерилип, керектүү дарылоону жасоо керек. Ал эми жаңы гана башталган циститти эл аралык жол менен да дарыласа болот.

Организмге эч зыянсыз жеткиликтүү дарылануунун бир нече жолдорун сунуштайбыз:

1. 1 аш кашык укроптун уругун 1 стакан кайнаган сууга салып демдейсиз. 3 сааттан кийин даяр болгон тундурманы сүзүп алып, күнүнө 2 жолу 100 миллилитрден ичесиз.

А,В,С жана У витамини менен фосфор, кальций, темир элементтерине бай укроп кайнатмасы денеңиздеги суюктукту чыгарат, ооруну басат, организмдеги бактерины өлтүрөт.

2. 1 аш кашык майда тууралган петрушка жалбырагына 1 аш кашыктан календула менен чистотел чөбүн аралаштырасыз. Дары чөптөрдү бир стаканга салып, 10 мүнөттөй тундуруңуз. Белгиленген убакыттан кийин тундурманы сүзүп алып, 1/3 стакандан күнүнө 3 жолу ичесиз. Дарылоону тамактануудан алдын жүргүзүү керек.

3. 8 чай кашык чай куурай (зверобой) менен 3 чай кашык ромашка гүлүн аралаштырыңыз. Ага 1 литр кайнаган суу куюп, тундуруп коёсуз. 1 сааттан кийин тундурманы сүзүп алып, жарым стакандан тамактан кийин ичесиз.

С витамине бай бул тундурма денеңиздеги суюктукту чыгарат, ары заары чыгаруу жолдорун тазалайт.

4. 20 грамм ромашка, 20 грамм кайың тобурчагын, 15 грамм жалбызды аралаштырыңыз. Анын 1 аш кашыгын кайнаган сууга салып, демдейсиз. Болжол менен 2 сааттан кийин тундурманы сүзүп алып, жарым стакандан күнүнө 4 жолу ичесиз.

Бул тундурма айрыкча кош бойлуу кезде пайда болгон циститке сонун дары болот.

5. 10 грамм шалфей жалбырагын 1 стакан кайнаган сууга салып, отко коёсуз. Жай отто жарым сааттай кайнатуу керек. Белгиленген убакыттан кийин отту өчүрөсүз. Тундурма муздаган кезде сүзүп алып, 50 граммдан күнүнө 3 жолу ичиңиз. Дарылануу мөөнөтү – 2 жума.

6.1 аш кашык талкаланган арча (можжевельник) мөмөсүн 1 стакан кайнаган сууга демдейсиз. Стакандын капкагын бекем жаап, идиштеги кайнап жаткан сууга саласыз. 15 мүнөттөй буулоодон кийин, сыртка алып коюңуз. Тундурма муздаган кезде сүзүп алып, бирдей көлөмдө кайнаган суу менен аралаштырып, ичесиз.

Арча тундурмасы микробду жок кылат, суюктукту чыгарып, ооруну дарылайт.

7.2 аш кашык ит мурун тамырын 1 стакан кайнаган сууга саласыз. Идиштин капкагын бекем жаап, казандагы сууга салыңыз. 20 мүнөттүк буулоодон кийин стаканды алып коюңуз. Муздаган кезде сүзүп алып, тамактан мурун ичесиз. Дарылоону 4 жолу 10 миллилитрден ичүү керек.

Ит мурун кайнатмасы заара чыгаруу жолдорунун сезгенүүсүн дарылап, ооруганын басат, иммунитетти көтөрөт.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8