Гүлдүн түсүнө жараша аны берүү этикасын билесизби?

Жакын адамыңыздан белекке гүл алсаңыз, ал сиздин көңүлүңүздү көтөрүп гана койбой, ден соолугуңуздун жакшыруусуна да тааасирин тийгизет. Сөз дарылык өсүмдүктөрдүн дарылык таасири эмес, кадимки короого, бөлмөгө көрк берген жөнөкөй гүлдөрдүн ден соолукка пайдасы жөнүндө болот.

Адатта жакын адамга гүл тандоодо биз сырткы формасы менен көрүнүшүнө, кооздугуна гана маани беребиз. Ал эми изилдөөчүлөргө ишенсек, көз аркылуу кабыл алынган гүлдөрдүн түсү мээге таасир этип, организмдин кызматын жакшырта түшөт. Ошол себептен, ар бир гүлдү берерде, анын түсүнө, сабагынын узундугуна, формасына кароо керек. Мисалы, ак түстүү гүл адамдын маанайын көтөрөт, сары түстүү гүл – жылуулук менен байлыктын белгиси, ал эми күлгүн түс – кең пейилдик менен ишенимдүүлүктү билдирсе, кызыл гүл майрамдык маанайды тартуулайт.

Мындан тышкары, кандай түстүү гүлдөр организмге пайдалуу, ошого токтоло кетели:

Кызыл түс. Мээнин психикалык активдүүлүгүн арттырат. Кандагы адреналинди көтөрүп, адамга күч-кубат берет. Ушул түстүн таасиринен организмдеги жыныс гормондорунун концентрациясы көбөйөт. Кызыл түстүү гүлдөр чарчоону басат. Эгер климаттык өзгөрүүлөргө организмиңиз чыдай албаса, бөлмөгө кызыл түстүү гүлдөрдү коюңуз, атмосфералык өзгөрүүлөрдү жеңүүгө жардамы чоң.

Ак түс. Тазалык менен зиректүүлүктүн белгиси. Мындай түстөгү гүлдөрдү жаны таза адамдар жактырышат. Ал адамды жаман ойдон арылтып, чечилбей жаткан маселелерди чечет. Ак түстүү гүлдөрдү чыгымга учураган адамга же өнөкөт оорудан айыга албай кыйналып жүргөн оорулууга берген туура.

Сары түс. Зат алмашууну жакшыртат. Борбордук нерв системасынын ишин жөнгө салып, иммунитетти көтөрөт. Сары түстүү гүлдөрдү жугуштуу оорулар менен сыркоолоп жаткандарга же убайым тартып жүргөндөргө берген жакшы.

Көк түс. Түн менен тынчтыктын түсү. Көк жана ачык көк түстөгү гүлдөр мээге тынчтык тартуулап, уйкунун жайлуу, ары жакшы болушуна таасир этет.

Белгилей кетсек, гүлдүн жытында да ушундай өзгөчөлүк бар. Түсүнөн бөлөк, алардын жыттары да адамдын борбордук нерв системасына таасир этип, организмдин жашоо жөндөмдүүлүгүн жакшыртат.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8