Чачтын түшүүсүнө каршы маска

“Чачтын өсүүсүн тездедип, калыңдатат” деген жазуу менен шампундар да, чачка арналган түрдүү маскалар да дүкөн текчелери менен дарыканаларда толуп турат. Ошентсе да, алардын керемет натыйжасына күбө болуп жаткандар аз. Ошондуктан, убагында чоң энелерибиз колдонгон төмөндөгү маскага көз чаптырып көрүңүз. Сизге болгону нан менен суу керектелет.

Кара нанды 3-4 бөлүккө бөлүп, бир нече күн катырып (кургатып) коёбуз. Нан катуу болушу керек. Үч литр идишке (металл идиш болбойт) каткан нанды салып, нандын бир кесимин алып, үстүнөн кайнатылган ысык суу куюңуз да, аны 3 күн демдеп коюңуз.

3 күндөн кийин идиштеги масканы ысытып, нанын сүзүп алыңыз. Суусун төкпөңүз. Сүзүп алган нанды суулу чачка сүйкөп, полиэтилин баштык кийип, сыртынан жылуулап жоолук менен ороңуз.

Жарым сааттан кийин чачыңызды биринчи нандан калган жылуу суу менен, ал эми андан кийин нан кайнатылган суу менен жакшылап чайкаңыз.

Бул маска чачыңыздын түшүүсүн токтотот. Мындан тышкары, чачтын өсүшү күчөп, жылтырай түшөт.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23