Жумуртка маскасы: терини тазалайт, тартат, жумшартат

Жаштык менен тери саламаттыгын ар дайым көзөмөлдө кармоо үчүн түрдүү маскаларды жасап туруунун мааниси чоң. Ал эми жумурткадан жасалган бул маска бет терисин тазалайт, жумшартат, нымдаштырат жана тартып турат. Мындан тышкары, эң арзан, жеткиликтүү маска болуп саналат. Анткени, сизге бир гана жумуртка керектелет.

Жумуртканын агы терини тазалап, тартып тура турган болсо, сарысында теринин сырткы катмарын терең тазалап, жумшартып туруучу лицетиндин өлчөмү көп. Ошондой эле, жумуртканын курамындагы А, D, В витаминдери теринин жаш калыбын сактоого өбөлгө түзөт. Ошондуктан, жумуртка маскасын ар бир жаштагы кыз-келиндер жасаса болот.

Сизге кереги:

Жасалышы

Жумуртканын агы менен сарысын бөлүп алыңыз.

Агын аздан аралаштырып, бетиңизге сүйкөп, анын сыртынан салфетканы керектүү өлчөмдө кесип, жабыңыз. Андан кийин бетиңизге жабышып турган кагаздардын сыртынан дагы бир жолу жумуртканын агын сүйкөө керек. Бирок, өтө көп сүйкөөнүн кереги жок.

Жумуртка жакшылап кургагандан кийин, башкача айтканда 20-30 мүнөттөн соң масканы төмөн, башкача айтканда ээк жагыңыздан баштап жогору жакка, маңдайга карай акырындык менен алып салыңыз. Кандай болсо да, жумуртка маскасынынын натыйжасын көргөндө эле ал тууралуу унутуп каласыз!

Масканы алгандан кийин өзүнчө бөлүп койгон жумуртканын сарысын аралаштырып, бетиңизге сүйкөңүз. Ал эми анын күчүн бир топ арттыруу үчүн ага бир нече тамчы зайтун же кокос майын кошсо болот.

10 мүнөттөн кийин бетиңиздеги жумуртканын сарысын жылуу суу менен жууп салыңыз.

Эгер бет териңиз кургак болсо, дароо нымдаштыруучу крем сүйкөсөңүз болот.

Мындай масканы жумасына 2 жолу жасап турсаңыз ашыкча болбойт.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23