2018-жылдын аягында бүктөлмө смартфондор модага айланат

2018-жылдын аягында популярдуу бренддер бүктөлмө смартфондордун түрлөрүн чыгарат. Дисплейи менен корпусу бүктөлгөн аппараттар жылдын аягында модага айланат.

Бул тууралуу DigiTimes басылмасы кабарлайт.

Маалыматкаылайык, ири компаниялардын кээ бири модага кире турган телефондорду чыгарып үлгүргөн. Азыркы убакта технологиянын патентин даярдап жатышат.

Мисалы, Samsung дисплейи бүктөлмө смартфон өндүрүшүн 80 пайызга аяктаса, Apple патентти даярдап жатат. Ал эми Huawei мындай гаджетти жылдын акырында элге тааныштырууну ниет кылууда.

Oppo, Lenovo жана ZTE азырынча мындай аппарат өндүрүүгө даяр эмес. Аталган компаниялар экраны бүктөлө турган технологияны даярдоо үстүндө иштеп жатат.

Буга карата адистердин гаджет келечегине катыштуу болжомдору ар түрдүү. Strategy Analytics адистеринин маалыматына таянсак, 2019-жылы бүктөлмө смартфондордун саны – 700 миңге, 2021-жылы – 30,4 миллионго, ал эми 2022-жылы – 50,1 миллионго чейин жетет.

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23