Мэрия "Ата Мекендин" баннерлерин кайра илип чыга турган болду

Буга чейин партиянын шаар көчөлөрүнө илинген баннерлери алынып, мэрия материалдарды жайгаштыруу боюнча келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн белгилеген.

Мэрия "Ата Мекен" партиясынын баннерлерин калыбына келтирүүгө милдеттендирилгенин аталган саясий уюм билдирди. 

Буга чейин жума күнү борбор калаада "Ата Мекен" партиясынын 56 баннери алынып салган. Мэрия материалдарды жайгаштыруу боюнча "Ата Мекен" менен "Тазалык" муниципалдык ишканасынын ортосундагы келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн белгилеген.

Баннерлерди калыбына келтирүү тууралуу маалыматты БШК тастыктады. Дүйшөмбү күнү өткөн жыйында мэрия партиянын материалдарын илиши керектиги тууралуу чечим чыгарган. БШК жумушчу тобу мэрияга мыйзам чегинде иш алпаруу зарылдыгы тууралуу кат жөнөттү.

http://sputnik.kg/society/20150908/1018034637.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8