Президент Атамбаев АКШга барбай калды

Атамбаевдин АКШга иш сапары сентябрдын аягына пландаштырылган. Өлкө башчы Америкада БУУнун Башкы ассамблеясынын ишине катышмак.

 Президент Алмазбек Атамбаев сентябрь айына пландаштырылган Америка Кошмо Штаттарына сапарынан баш тартканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-сапар 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого байланыштуу ишке ашпай калды. 

Президенттик аппарат маалымдагандай, аталган сапарды пландоо учурунда парламенттик шайлоону ноябрь айында өткөрүү каралып жаткан. Мөөнөтү так аныкталгандан кийин сапар жокко чыгарылды.

"Шайлоо — мамлекеттин жашоосундагы мааниси чоң окуя. Андыктан президент бул учурда Кыргызстанда болушум керек деп чечти", — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаевдин АКШга иш сапары сентябрдын аягына пландаштырылган. Өлкө башчы Америкада БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышмак. 

Мамлекет башчысы 3-сентябрда Кытайда өтө турган Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышмакчы. 

http://sputnik.kg/politics/20150827/1017739343.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8