Каптагаев: козголгон кылмыш иштин саясий себеби жана УКМКнын жеке кызыкчылыгы бар

 

Буга чейин УКМК Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана башка бир катар кызматкерлердин негизги айлыгына кошумча акча төлөнүп келген фактыны аныктап, мындан улам өлкө казынасына 781 миң сом зыян келтирилгенин билдирген.

 

 Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө кызматкерлердин негизги айлыгына мыйзамсыз кошумча акча төлөө боюнча козголгон кылмыш ишинин саясий себеби жана УКМК жетекчилигинин жеке кызыкчылыгы бар экенин Sputnik агенттигине өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Эмилбек Каптагаев билдирди.

Шаршемби күнү УКМК 2013-жылдан тартып 2015-жылдын июль айына чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүнү, анын орун басарларынын жана башка кызмат адамдарыныны негизги маянасына ай сайын 25 пайыз кошулуп, натыйжада мамлекетке 781 миң сом зыян келтирилгени тууралуу маалымат тараткан.

Каптагаев кошумча төлөм мыйзам чегинде төлөнүп келгенин билдирди. Анын айтымында, кошумча акы төлөөгө тиги же бул кызматкер УКМКнын жашыруун документтери менен иштөөгө дайындалгандыгы негиз болгон. 

"Кошумча акы алып келген кызматкерлер мындан кийин да ала беришет. Бул жерде окуянын саясий себеби жана УКМК жетекчилигинин жеке кызыкчылыгы байкалууда", — деди өкүл.

Анын айтымында, жашыруун документтер менен иштеген кызматкерлерге кошумча акы төлөө ченеми бардык мамлекеттик органдарда бар. 

Каптагаев кошумча акыны аталган кызматкерлер менен катар бөлүм башчылары да ала турганын кошумчалады. Атка минер буга байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу кабары жок экенин белгиледи.

Аталган факт боюнча үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

http://sputnik.kg/politics/20150910/1018136726.html

 

Сариев: биздин жарандар ЕАЭБге кирүүнүн бардык оң тараптарын сезиши керек

КРдин өкмөт башчысы учурда биримдиктин башка өлкөлөрүнө Кыргызстандын товарларын эркин жүгүртүүсүндө маселелер жаралып жаткандыгын белгиледи.

Премьер-министр Темир Сариев Белоруссияда Гродно шаарындагы Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынында, Кыргызстандын ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө багыт алган товарлар менен адамдарына карата дискриминацияга жол берилбеши үчүн чараларды көрүүнү өтүндү. 

Премьер-министр кеңештин тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйынына катышты.

Кеңири чөйрөдөгү жыйында премьер-министр Евразия экономикалык биримдиги дүйнөдөгү ири жана динамикалык жактан өнүгүп жаткан уюмдардан экенин, уюмдун эл аралык чөйрөдөгү ишмердигин өнүктүрүү үчүн мүчө өлкөлөрдөн жигердүү аракеттер талап кылынаарын билдирди.

Сариев 12-августтан тарта Кыргызстан ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болуп, чек арадагы бажы көзөмөлү алынганын эске салып, бирок учурда биримдиктин башка өлкөлөрүндө Кыргызстан товарларынын эркин жүгүртүүсүндө маселелер жаралып жаткандыгын белгиледи. 

"Мындай кырдаал техникалык маселелер менен байланыштуу деп эсептейбиз. Бирок биздин өнөктөштөрдөн учурда дыкаат көңүл буруп, Кыргызстандын ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө багыт алган товар жана адамдарга карата дискриминацияга жол берилбеши үчүн чараларды көрүүнү өтүнөбүз. Биздин жарандарыбыз ЕАЭБге кошулуунун бардык оң тараптарын, анын ичинде ветеринардык көзөмөлдүн алып салынышын жана кыргыз тараптын ветеринардык көзөмөл системасы таанылганын сезиши керек", – деди премьер Сариев.

Муну менен катар Сариев эт, канаттуулардын эти жана сүт азыктарына тарифтик квоталарды аныктоо чечимин тездетүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясына тапшырма берүүнү жана бул маселенин Кыргызстан үчүн социалдык мааниси жогору экенин белгиледи. Чечимдин 2015-жылдын 1-октябрына чейин күчүнө кирүүсүн сунуштады.

http://sputnik.kg/economy/20150909/1018078013.html

Мэрия ар бир шайлоочуга өзүн тизмеден текшерүүгө чакырат

"Шайлоочунун тизмесинен өзүңдү текшер" акциясы биометрикалык маалымат тапшырган Кыргызстандын ар бир жаранына өзүн тизмеден текшерүүгө жана жаңы шайлоо системасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Бишкекте мэрия менен Мамлекеттик каттоо кызматынын "Шайлоочунун тизмесинен өзүңдү текшер" аттуу он күндүк акциясы башталганын шаардык муниципалитет билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Анда 14 саясий партия ат салышат.

Маалыматта айтылгандай, акция биометрикалык маалымат тапшырган Кыргызстандын ар бир жаранына өзүн тизмеден текшерүүгө жана жаңы шайлоо системасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Бишкек шаарынын ар бир шайлоо участкасында шайлоочунун жеке маалыматы киргизилген жабдыктар орнотулуп, ал жерден жарандар идентификациядан өтө алышат. Бул үчүн ушул күндөрү шайлоочу паспорту менен участкага келип, жаңы технология менен идентификациядан өтүшү керек.

Мындан тышкары жарандар Каттоо кызматынын 0312 98-61-41 телефону аркылуу шайлоо процесси, тийиштүү документтер, биометрикалык маалымат кабыл алуу пункттары, шайлоочулардын тизмеси, добуш берүү дарегинин өзгөрүшү сыяктуу маселелер боюнча маалымат ала алат.

http://sputnik.kg/society/20150910/1018106531.html

Жогорку сот Данияр Нарымбаевди камакта калтырды

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан анын камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп пара алган деген шек менен эки айга камакка алынган.

 Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаевди эки айга камакта калтыруу чечими күчүндө калганын Жогорку сот билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку сот бүгүн, 9-сентябрда Нарымбавге карата бөгөт коюу чарасын карап, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 23-июлундагы токтомун күчүндө калтырды. Анда Нарымбаевди тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө камак жайына эки айга, 2015-жылдын 15-сентябрына чейин кармоо чечими кабыл алынган.

Президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан анын камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп пара алган деген шек менен эки айга камакка алынган.

http://sputnik.kg/incidents/20150909/1018086814.html

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8