Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө президент 100 миң сом бөлдү

Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов бүгүн эртең менен Бишкек шаарында өз үйүндө узак оорудан каза болду. Ал 16-сентябрда Аламүдүн районундагы Байтик айылына жерге берилет.

Жазуучу Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 100 миң сом материалдык жардам берүү боюнча буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов бүгүн эртең менен Бишкек шаарында өз үйүндө узак оорудан каза болду. Ал 16-сентябрда Аламүдүн районундагы Байтик айылында жерге берилет. 

Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты болгон. Жазуучу быйыл декабрда 74 жашка чыкмак. Ал 1941-жылы Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулган. Анын "Мунабия", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар" аттуу чыгармалары эл арасына кеңири тараган. Бир нече чыгармалары англис тилине да которулган.

http://sputnik.kg/society/20150914/1018268800.html

Океевдин 80 жылдык мааракеси белгиленет

Кыргыз кереметин түптөөчүлөрдүн бири Төлөмүш Океев "Махабат дастаны", "Кожожаш", "Алтын күз", "Улан", "Кызыл алма", "Көк серек", "Уркуя", "Бакайдын жайыты", "Сүйүү закымдары" сыяктуу классикалык үлгүдөгү эмгектерди жаратып кетти.

 Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында СССР Эл артисти, ХХ кылымдагы кыргыз кино өнөрүнүн туу чокусун түзгөн чыгаан кинорежиссерлордун төл башы Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечеге СССРдин Эл артисти, кинорежиссер Ходжакули Нарлиев менен Өзбекстандын искусствосуна эмгеги сиңген ишмер, кинорежиссер Али Хамраевдин келиши күтүлүүдө.

Эскерүү кечесинин алкагында келген меймандар, Кыргызстандын киноишмерлери жана интеллигенция мүчөлөрү мүрзөгө барып куран окушат. Мындан тышкары, ЖОЖдордун тийиштүү факультеттеринде атайы студенттер үчүн мастер-класстар өтөт.

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясында Океевдин сүрөт-көргөзмөсү уюштурулуп, режиссердун 80 жылдык мааракесине арналган концерт алдында даректүү тасма көрсөтүлөт.

Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Төрт-Күл айылында туулган. Ленинграддагы кино жана көркөм өнөр институтунун электр техникасы факультетинде үн оператор бөлүмүн аяктаган. Оболу Кыргызфильм студиясында үн оператор болуп иштеп, 1966-жылы жогорку режиссерлук курсту аяктаган.

1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган. Легендарлуу парламенттин депутаты болуп, кийин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, ТҮРКСОЙдогу кыргыз өкүлү болуп иштеген.

2001-жылы 18-декабрда Анкара шаарында оорудан каза болгон.

Кыргыз кереметин түптөөчүлөрдүн бири Төлөмүш Океев "Махабат дастаны", "Кожожаш", "Алтын күз", "Улан", "Кызыл алма", "Көк серек", "Уркуя", "Бакайдын жайыты", "Сүйүү закымдары" сыяктуу классикалык үлгүдөгү эмгектерди жаратып кетти.

http://sputnik.kg/news/20150908/1018023134.html

"Курманжан датка" Германиядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Идрисованын айтымында, аталган фильм тандоо комитети тарабынан жогору бааланып, фестивалга немис киносу катары катышуу үчүн чакырылган.

Режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы Германиянын Котбус шаарында өтүүчү Эл аралык кинофестивалга катыша турганын "Айтыш фильм" студиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма бейшемби күнү фестивалдын дирекциясынан расмий чакыруу алган. 

Идрисованын айтымында, аталган фильм тандоо комитети тарабынан жогору бааланып, фестивалга немис киносу катары катышуу үчүн чакырылган.

"Курманжан датка" өз мекенинде көрсөтүүлөрдүн саны жана кассалык топтоолор боюнча голливуддук блокбастерлерден ашып түшкөн тасмаларды тартуулоочу "Улуттук хиттер" программасына киргизилди. 

Аталган кинофестиваль биринчи жолу 1991-жылы өтүп, ошондон бери Чыгыш Европадагы бирден бир маанилүү иш-чара болуп саналат. 

Киностудия "Курманжан датка" киноэпопеясы жакынкы арада Казань, Анапа жана Фукуока шаарларында өтө турган ири кинофестивалдарга да катыша турганын маалымдайт.

http://sputnik.kg/culture/20150820/1017556207.html

"Ата-Бейитке" Үркүндө курман болгондордун мемориалы орнотулат

Мемориал 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө мааниге ээ экендиги белгилейт.

 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорго арналган мемориал орнотулат. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы чыкканын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Жүз миңдеген адам курман болгон 1916-жылдагы окуялар тарыхыбыздын урунттуу, бурулуш мезгили болуп калды. Улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө жана андан кийин болгон Үркүндө курман болгондор Кыргызстан элинин мамлекеттүүлүктү түптөөгө умтулуп курман болгон инсандары менен бир катарда турушу керек. Алардын жаркын элесине арналган эстеликти "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагында орнотуу комплексти өнүктүрүүдөгү мыйзам ченемдүү иш болот", — деп айтылат билдирүүдө. 

Анда бул мемориал 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө мааниге ээ экендиги белгилери айтылат.

Жарлыктын негизинде, 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалынын негизги курулмаларын 2016-жылдын августуна чейин долбоорлоо жана куруу өкмөткө тапшырылган.

Андан сырткары, аталган мемориалдын аймагында 1916-жылы үркүндө курман болгон белгисиз мекендешибиздин сөөгүн коюу чечими кабыл алынды. 

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын май айында "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө" Жарлыкка кол койгон. Бул дата боюнча бир топ иш-чаралар белгиленип, анын алкагында бир катар эл аралык маанидеги илимий-конференцияларды өткөрүү пландалган.

http://sputnik.kg/society/20150813/1017405793.html

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8