Азиза Мурзашова: Биздин коомдогу аялды өзү күнөөлүү деген мамиле кооптондурат

Биздин ѳлкѳдѳ аялга болгон мамиле коркутат, эгер француздарда «аялды издегиле» десе, кыргыздарда «аялды айыптагыла» дешет.

Кызга окууда, жумушта тийишишет – ѳзү күнѳѳлүү, ѳзүн кыжыр кайнаткандай алып жүрѳт, ѳтѳ ачык боёнот жана кийинет.

Кызды зордуктаса – дагы ѳзү күнѳѳлүү, кѳрүнгѳн жерде караңгыда самсаалап жүрбѳш керек, ошондой эле ал кыжырды кайнаткандай кийинип жүрсѳ керек.

Кызды ала качып кетсе, ал арыз жазса – ооо ханыша табылган экен, ушуну бирѳѳ карап, ала качып кеткиси келгенине сүйүнбѳйбү, ѳз бактысынан кантип качат!? - дешет.

Жолдошу ойнош күтсѳ – ѳзү күнѳѳлүү, ѳзүн карабайт, тѳрѳгѳндѳн кийин семирип кетти, а күйѳѳсүнүн айланасында канча сулуу кыщдар жүрѳт, кармана албай калды да, боло берет.

Жолдошу урса – ѳзү күнѳѳлүү, узун тилин тыйын жүрүш керек, ѳзү жаңжал чыгарат.

Үйдѳн кетип калса – келесоо! Сен деген үй-бүлѳ туткасысың да, чыда! Балдар үчүн чыда, жоктон кѳрѳ, кандай болсо да күйѳѳ да.

Ажырашуу – ѳзү күнѳѳлүү, үй-бүлѳсүн сактап кала алган жок, күйѳосүн кармап кала алаган жок.

Жана ушуга окшогон аялдарга болгон мамиле бардык жерде. Коомдо ийгиликтүү, ишкер, карьерага багытталган, үйдѳ отурган акылсыз аялдарды, арыктарды, семиздерди, сымбаттууларды, жоошторду, тартынчаактарды, кѳп сүйлѳгѳндѳрдү, акылдуу аялдарды жакшы кѳрүшпѳйт. Ар кимиси аялдар андай болушу керек деген рамкаларды, стандарттарды коюшат. Бирок биз чындыгында кандай экенибиз эч кимге кызыксыз.

Ала качуу маселеси биздин коомдо мурдатан бери эле бар. Бул ѳзүнчѳ чектен чыккан жана адаттагы кѳрүнүш болуп калды. Ал тургай «Ала качуу» деген макала бар. Бул чектен чыккан кѳрүнүш болсо да, адам уурдоо катары саналбайт. Бул ушунчалык адаттагы нерсе болуп калды, юмористтер бул жѳнүндѳ тамаша кылышат, деңгээли тѳмѳн фильмдерди, видеолорду тартышат, ал жакта бул ажаглай кѳйгѳй болбой калган, кѳйгѳйдүн курч болбой калышы - бул эң жаман.

Мен мени бир келесоо ала качып кетеби деп дайыма коркчумун. Ата-энемди даярдаганым эсимде: «мени эртерээк турмушка чыксын деп каалаган учурда да мени эч качан калтырбагыла, мага сѳз бергиле!». Чын-тѳгүн аралаш сүйлѳгѳн бир нече келесоолор эсимде «сендей кѳз карандысыз кызды ала качып кетсекпи», мен анда дароо алардын кыялдарын кесе айтчумун «мен сенин жашооңду тозокко айлантам, ишенип кой», а оюмда бир нерсе болсо кайрыла турган юристтердин аттары болчу.

Бурулай менен болгон трагедия биздин баарыбызды соолуктурду, ала-качуу кѳйгѳйү азыркы убакка чейин күндүн актуалдуу маселеси экендигине кѳзүбүздү ачты. Биздин укук коргоочуларыбыз ушунчалык шалаакы жана жалкоо экендигин, жана алардан биз коргонуч таба албастыгыбызды кѳрсѳттү. Биз канчалык аялуу экендигибизди түшүндүк, эртең бул окуя биз менен же жакындарыбыз менен болушу мүмкүн. Бирок менен болгон окуя жалгыз эле эмес да, тилекке каршы ал кыздарды ала-качуунун, никеге, жыныстык катнашка зордоонун, зордуктоонун, уруп-сабоонун, ѳлтүрүүнүн жылдык статистикасын гана толуктады. А биз унчукпайбыз…биз бардыгы үчүн аялдарды күнѳѳлѳп келебиз. Ала-качуу жѳнүндѳгү кыргыз юмористтеринин тамашаларына күлүп, кѳп ѳтпѳй Бурулайды жана ага окшоп биздин коомдогу стереотиптердин жабырлануучусу болгон миңдеген башка кыздарды унутабыз.

Булакhttps://web.facebook.com/photo.php?fbid=2068267863201692&set=a.744922562202902.1073741837.100000554949870&type=3&theater

 

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8