Кыргызгидромет:Сентябрь айы жаан-чачынсыз, кургакчыл болоору күтүлүп жатат

Сентябрь айында жаан-чачын аз жаайт жана бул ай жылдын эң кургакчыл айы болмокчу.

"ВБ"га Кыргызгидрометтин метеопрогноздоо бөлүмүнүн адиси Юлия Алькина кабарлагандай, аба ырайынын орточо температурасы сентябрь айында республиканын баардык аймактарында климаттык нормага жакын болушу күтүлүүдө.

Аймактар боюнча алганда айдын орточо температурасы Чүй областында 16…18, Талас областында 13…15, Ысык-Көл аймагында 6…8, Нарын областынын дыйканчылык аймактарында 7…9 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында айдын орточо температурасы 17…19 градус жылуу болмокчу.

Чүй областында түнкүсүн аба 7…12 градус жылуу, күндүз 22…27 градустан 30…35 градуска чейин ысык болот. Айдын соңунда 0…- 2 даражада суук болуп үшүк жүрүшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында дагы абанын температурасы ушундай деңгээлде. Ысык-Көл областында түнкүсүн 6…11 градус жылуу, күндүз 19…24 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Нарын областында абанын жылуулугу түнкүсүн 0…5, күндүз 21…26 градус жылуулукту түзөт.

Сентябрь айында жаан-чачын аз жаайт жана бул ай жылдын эң кургакчыл айы болмокчу. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын бул айда нормадан аз жааса, Ысык-Көлдө кээ бир аймактарда нормалдан көп жаан жаашы күтүлүүдө.

Сентябрдагы эң эле ысык күн 1995-жылы 21-сентябрда катталган, бул күнү абанын температурасы 37,9 градус болуп рекордго жеткен. Эң суук күн 1944-жылы болуп, 26-сентябрда минус 2,8 градус суук болгон.

URL: http://www.kabarordo.kg/262802

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8