Космоско жеткирилген курут, даамы өзгөргөн виски

Вискинин даамы орбитада өзгөрө турганын аныктоо максатында, ал эми курутту космонавттар ооз тийиш үчүн космоско алып чыгышкан.

Эл аралык космос станциясына алынып келген харчо, улуттук быштактын түрлөрү — курут менен иремшик эл аралык экипажга абдан жакканын түз теле байланыш учурунда Казакстандын биринчи космонавты Айдын Аимбетов билдирди. Ал эми виски илимий изилдөө максатында жеткирилген. 

"Мен ала келген казак тамактарын балдар татып көрүп, жактырышты. Айрыкча, баарына харчо, курут жана иремшик жакты", — деди ал Учууларды башкаруу борборунан журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. 

Япон астронавты Кимия Юи болсо эл аралык космос станциясына белгилүү япон вискиси жеткирилгенин билдирди. 

"Ооба, виски бул жерде бир канча убакыт турду. Албетте, биз аны ичип көргөн жокпуз, биздин тапшырма орбитада анын даамы кандай өзгөрө турганын аныктоо болчу", — деди астронавт.

Виски кийинчерээк кайра Жерге жеткирилип, аны адистер даамдап көргөн. Күчтүү спирт ичимдигинин даамы орбитада өзгөрүп калганы аныкталган.

http://sputnik.kg/world/20150909/1018087843.html

Педиатр: начар тамактанган балдардын акыл-эси өспөй калат

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда үч жашка чейинки балдар калорий, белок жана май менен жетиштүү деңгээлде камсыздалбайт.

Наристелердин азыгында тоюмдуу заттардын жетишсиздиги алардын акыл-эс жана денесинин өсүшүнө терс таасир тийгизе турганын №3 шаардык балдар ооруканасынын жогорку категориядагы дарыгери Венера Жапаркулова билдирди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда үч жашка чейинки балдар калорий, белок жана май менен жетиштүү деңгээлде камсыздалбайт.

Андан чоңураак балдардын тамагында калорий жетиштүү болгону менен статистикага ылайык алар эт, май, жумуртка, сүт азыктарын көп жешпейт.

Дарыгердин айтымында, беш жашка чейинки наристелер бош, назик болушат — тоюмдуу заттардын жетишсиздиги организмдеги темирдин азайышына, анемияга алып келип, ооруга туруштук берүүсүн алсыздандырат.

"Энелер менен маектешип жатып балдарын керектүү тамак менен камсыздоого алардын каражаты чектелүү экенин түшүнүп турам. Керек болсо нан-чай менен отургандар бар. Алар балдарын деле ошону менен тоюндурушат", — дейт Жапаркулова.

Педиатр наристелердин организми айрым азыктарды сиңире албай турганын, ошону менен бирге туура эмес бир типтүү тамак баланын ден соолугун жабыркатышы мүмкүн экенин кошумчалады.

http://sputnik.kg/society/20150909/1018069132.html

Санжар Калматай: Интернеттеги 20 миңдей видеомдун жабылып калганына ичим күйөт

Санжар кыргызча видеолорду YouTube сайтына жайгаштырып, кыргызча контенттин жайылышына салым кошуп келет. Санжардын мындай аракетине жана анын ким экендигине кызыккандар арбын. "Санжар Калматай деген киши жок, ал каймана ат" дегендер да кездешет.

Интернетте кыргызча видеолорду таратып, кыргызча контенттин өнүгүшү үчүн жан үрөгөн Санжар Калматайды дүйнөлүк желени колдонгондордун көпчүлүгү эле билсе керек. Ал 35 жашта, 2001-жылы Москвага окуганы кеткен. 2003-жылы окууга тапшырып, 2008-жылы Москва шаардык университетин бүтүргөн. Башында Документ таануу адистиги боюнча билим алып, кийин 3-курстан тарта компьютерлерди куроо факультетине которулган. Учурда персоналдуу компьютерлерди чогултуп, оңдоп иштейт. Ошондой эле, уюлдук телефондорду да оңдоп-түзөйт. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

— Сизди көбү Санжар Калматай деп билишет. Санжар Калматай деген ким өзү?

— Менин аты-жөнүмдү көпчүлүк Санжар Калматай деп ойлошот экен. Калматай бул менин кичи мекенимдин аты. Бул айыл Ош облусунун Кара-Кулжа районунда. Мени интернеттен көпчүлүгү таанып калат деп деле ойлогон эмесмин. Болгону айылдаштарым интернеттен өзүнүн айылынын атын окуп калышса, кызыгып кирет болуш керек деп ойлогом. Айылыңдын атын бир жактан окуп калсаң, кызыгып киресиң да.

— Азыр Москвада эмне менен алектенесиз? 

— Мен негизинен персоналдык компьютерлерди чогултуп, телефондорду оңдоо менен алектенем. Компьютерлерге программа коем. Кыргызстандан бул жакка аттанган мекендештердин кээси компьютер тууралуу маалыматы жок келишет. Бул жактан иштеп тапкан акчасына биринчи кезекте компьютер, телефон же планшет алып, интернетке кирип, кыргызча бир нерселерди издешет. Мага кайрылгандарга   алган компьютерине, телефонуна кыргызча сайттардын топтому камтылган атайын программаларды орнотуп берем. Башкача айтканда, кыргызча сайттарга кирүүнүн жолдорун жеңилдетип берем десем болот.

— Кыргызстандан барган мигранттар менен тыгыз иштешет экенсиз, алар негизинен кандай маалыматтарды кызыгып окушат?

— Мурда бизде митинг-пикеттер көп болгондуктан, эмне болуп жатат, кандай болуп кетер экен деп маалыматтарды көп окушчу. Мен ушундай учурларда имиш кептерди эмес, расмий, такталган маалыматтарды камтыган видео жаңылыктарды, телеберүүлөрдү алып, сайтка коюп турчумун. Жалпысынан алганда кабарларды, жаңы чыккан клиптерди жана куудулдардын тамашасын көрүшөт. 
Азыр социалдык сайттар аябай мода болуп кетпедиби. Көпчүлүк мекендештерибиз "Одноклассники", "Мой мир"," Фейсбук" сыяктуу социалдык тармактары менен гана чектелип калган. Көбү кыргызча сайттар бар экенин деле билишпейт экен. Мен аларга кыргызча радиолорду уга турган, телеберүүлөрдү көрө турган тиркемелерди коюп берсем, "биз бул сайттарды билбей жүрүппүз, кыргызча окуса болот экен го, кыргызча көрсө болот экен го" деп кубанып калышат.

— Кыргызча видеолорду YouTube каналыңызга жайгаштырып келесиз. Мындай аракетиңиз эмнеге байланыштуу?

 
— Менин негизги эле максатым — кыргызча видеороликтерди интернетте көбөйтүү. 2007-2008-жылдары видеолорду "Мой мир", "В Контакте", Яндекске жүктөчүмүн.  YouTube сайты ачылгандан кийин ал жактан канал ачып, ошол жакка жүктөп келем. 
Башында видеонун мазмунуна карабай эле, кыргызча болсо эле кошо берейин дечүмүн. Алгач кыргызча клиптерди, кинолорду, куудулдардын видеолорун киргизип жүрдүм. Кийин менде Кыргызстандын телеберүүлөрүн спутник аркылуу алып, жаздырып алганга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бир күндө аз дегенде 5-6, ал эми көп болгондо 20-25 видеого чейин кошом.

Айта кетчү нерсе, мурда YouTube сайтында башка каналым бар болчу, болжол менен 20 миңдей видео бар эле. Аны YouTube сайтынын администрациясы жаап салды. Себеби, ал жакта да өзүнүн эрежелери бар, аларды бузуп койсоң жаап салышат экен. Ошол каналымдын жабылып калганына ичим аябай күйүп жүрөт. Ал жакта 2009-жылдан 2013-жылга чейин КТРКдан, ЭлТРден кеткен берүүлөрдүн бардыгы бар болчу. Жаңы каналды 2014-жылы ачып, видеолорду киргизип келем.

— Сиздин ишиңизге болгон башкалардын көз карашы кандай?

— Түрдүү көз карашта. Арасында ыраазычылыгын айткандары, жинденгендери да бар. Мисалы, кээси коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөр жөнүндө видеолорду койгондо нааразы болушат. Аларды туура эмес кабыл алышып, "сен биздин жаман жактарыбызды дүйнө жүзүнө таркатып атасың" дегендер болот. Өзгөчө, эшек этинин чуусу, Россияда кордолгон кыргыз кыздары тууралуу видеолорго түрдүү пикирлер айтылды. Ушул видеолорду "сен тартып атасың" дегендер да болду.

http://sputnik.kg/society/20150907/1018011597.html

"Тез жардамдын" дарыгери: туугандары өлгөн кишини жандандырууну сурашкан

Уксус ичүү азыр артта калган. Ал ичиңдин баарын күйгүзүп, оорунун катуусунан жаныңды көзүңө көрсөтөт да. Азыр дары жутканга өтүшкөн. Баса, бирок ал да кинодогудай көркөм болбойт. Анын эч жакшы жагы жок, жаныңды гана кыйнайт дейт врач-реаниматолог.

Адамды тамаша менен кантип өлтүрсө болот, жалгыз кемпирлер түнкүсүн кантип көңүл ачышат жана врач-реаниматологдордун аркасы менен бишкектик айымдар жеке жашоолорун кантип жөнгө салышат? Sputnik агенттигинин кабарчысы бир күн бою "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери менен болду.

Жер үйдүн кичинекей бөлмөсү. Керебеттин жанында бир кызгылт суюктукка толгон банка турат. Күңүрт тарткан жарык араң эле күйөт.

— Ааааа! Ооруп жатат!

— Азыр, апа, чыдай тур! Доктор, апама жардам бересиз да, ээ?

— Билбейм. Кан басымы өтө эле түшүп кетиптир. Аман калат деп кепилдик бере албайм.

52 жашар Екатерина Николаевна аракты баш көтөрбөй үч жума бою, болушунча шыңгытыптыр. Он күн мурун сынган колу карарып кетиптир. Екатерина Николаевна ууккандан өлгөнү жатат.

… Кызматчылар уктап жаткан офисти элестете аласызбы? Керебет, жууна турган жайы бар офис. Бишкектин тез жардам станциясынын ар бир бөлүмүндө керебеттер турат. Бейтаптар үчүн эмес, анда иштегендер үчүн. Менин кыз экениме, болгондо да, чоочун экениме эч көңүл бурбастан, тез жардам кызматынын фельдшери түз эле чечинип, төшөккө кирип кетти. Ал түнкүсүн иштеп келген. 12 саат. Бир нече мүнөттөн кийин реанимация бөлүмүндө коңурук угулду. Менин маектешим реаниматолог Саиддин да уйкусу келип жатат. Бирок азыр уктасам, анан турушум кыйын болот дейт ал. Кофе ичип жатабыз.

— Бригаданы кимдер баарынан көп чакырат?

— Ар кандай. Баса, жаш келиндер көп чакырат. Күйөөлөрү менен урушуп алып, эси ооп жыгылып калышат. Мен андайларды билип калдым.Туугандарын бөлмөдөн чыгып кетишин сурайм да, "өлгөнү жатканга" дагы бир жолу ушундай кылсаң, психиатрларды чакырабыз деп акырын шыбырап коём. Жардам берет.

— Баарынан кимге барган эң жагымсыз? Жол кырсыктарына болсо керек? Ал жерде жаракат алгандар, кан, сыныктар дегендей …

— Жок, мен жипкирбейм деле. Андайга кадимкидей эле карайм, андай-мындай деп отурганга убактым да жок. Тентимиштерге барганды жаман көрөм. Жыттары жаман, өзүңүз билесиз. Колума кол кап, мурдума маска кийгенден соң гана аларды карайм.

— Корпойсузбу? Алар чаап жибергенден деле кайра тартпайт да …

— Тентимиштер анча коркунучтуу эмес. Баңгилерден чындап корксо болот. Бирөөсү ашык сайынып алып, аны өзүнө келтириш керек болсо, калгандары жаңы солугуп жаткан болот. Агрессивдүү, бир нерсе жакпай калса, тээп да, уруп да жиберишет. Анан калса, бейтаптын кызуу кандуу туугандарына туш болуп каласың. Өзүлөрү чакырып алып, киргизбей коюшат. Кыйкырышы да мүмкүн. Кыскасы, сыйлашпайт. Ишенишпейт.

Жигит өзүн жаман сезип жатат деп бир жолу бир чакырык түштү. Биз окуя болгон жерге учуп жөнөдүк. Туугандары аны бизге карай алып жөнөшөт. Көчөдө бир жерден жолуктук. Карасак, денеси эбак сууп сенейип калыптыр. Тигилер болсо аны бир сааттан бери дем албай жатат дешет. Мени кайра эсине келтир, жандандыр деп жалынышты. Коркутуп да алышты.

— А сиз эмне кылдыңыз?

— Эч нерсе. Бизден өлүктү сактап кал деп көп сурашат. Анте албайбыз. Туугандары үчүн жакынынын өлүмүн кабыл алыш кыйын.

— Айтпаңыз, бул чоң жоготуу да. Деги эле жакыны өлүп калганын адамдар кандай кабыл алышат? Ызы-чуу болуп кыйкырып ыйлагандар көп болобу же дендароо болуп, үн ката албай калгандарбы?

— Ар кандай болот. Баса, киши өз жанын өзү кыйган учурда туугандары анча катуу кабыл алышпайт. Бирок биринчи аракети менен өзүн ар ким эле өлтүрө албайт. Ал эми үчүнчү жолу аркандан бошотуп жатканда, жакынынын өлүмүн тынч эле кабыл алышат.

— Асынып өлгөндөр көп болобу же башка ыкмаларды да тандашабы?

— Ар кандайы толуп жатат. Бирок уксус ичүү азыр артта калган. Ал ичиңдин баарын күйгүзүп, оорунун катуусунан жаныңды көзүңө көрсөтөт да. Азыр дары жутканга өтүшкөн. Баса, бирок ал да кинодогудай көркөм болбойт. Анын эч жакшы жагы жок, жаныңды гана кыйнап коёт.

Чакырык келгени жөнүндө катуу үндүү байланыш аркылуу кабарлашат экен. Аны укпай калыш мүмкүн эмес. Камынганга эки мүнөт берилет. Биз заматта кардиологдордун бригадасы менен чогуу реанимобилде отуруп калдык. Мындай машина 120 миң доллар турат. Күнүнө бир нече жолу аны заряддап туруш керек – медициналык жабдууларга өз алдынча электр азыгы талап кылынат экен. Жанымда дарыгер Фуркат отурат. Машинени айдаган Съезбек байке.

— Съездбек байке, эмнеге сиренанын иштетпейсиз?

— Көп эле иштете берсе, бизге ишенбей калышат. Жеке менчик "Тез жардамдар" дайыма сирена менен жүрүшөт. Анын үстүндө, азыр жол тыгындары ушунча көп, бизди анча деле өткөрө коюшпайт. Жөн эле ызы-чуу менен элдин ашыкча тынчын ала бергим келбейт – баары бир көчөлөр толгон. Эреже менен жүрүүгө аракет кылабыз. Бирок азыр жөөлөп эле жөнөшөт. Биздин үч машина оңдоодо турат — эч ким тез жардамды өткөргүсү келбей койгон.

— Фуркат, айдоочулардын мындай мамилесинен киши өлүп калган учур болду беле?

— Ооба. Бир киши өлүп калган. Жолдо кымкуут болуп турган мезгилде жүрөгү кармап калыптыр. Тыгын өтө эле көп болчу. Жүрөгүн эки жолу иштеттик, бирок баары бир ооруканага жетпей калганбыз. Ал тирүү калат беле деп көп ойлоном. Бирок билбейм. Өтө кеч жетип калган учурларыбыз болот. Андайлар аз эмес. Мурда андай окуялардан кийин көпкө чейин өзүмө келе албай жүрчүмүн. Азыр көнүп калдым. Өзүңдү кыйнап эмне?

— Мен силердин ишиңерден алыс киши катары, дарыгерлер бейтапты сакташ үчүн чуркап жөнөгөндүн ордуна, чай ичип отуруп алгандыктан тез жардам кечигип келет деп ойлочумун. Силерде, мисалы, чакырыкка бара жатып эле башка жакка кирип кеткен учур болгонбу? Жок дегенде, бир жолу?

— Андай болушу мүмкүн эмес. Ар бир унаада навигатор бар. Башка жакка буруп кетсек, дароо байкалып калат. Бир жерге токтоп калган учурда да, ошол замат рация менен чакырып, эмне болгонун сурап турушат.

— Бирок баары бир кээде кудайды карабагандай кечигесиңер. Төрт саатка жеткен учур да болот.

— Мына, карап көрөлүк. Менин бир сменамда 15-18 чакырык келет. Түштө 20 мүнөт тамактанам. Кечки тамакка да ошончо кетет. Ооба, биз кечигебиз. Жетишпей калабыз. Бирок бул биздин күнөө эмес.

Жүрөк оорусунан "өлгөнү жаткан" 62 жашар аял дарыгерлердин бригадасын күлгүн кызыл жибек халатчан тосуп чыкты. Араң жан үнү менен ал айым, денесинин соо жери жок, колу да, буту да, жүрөгү да баары ооруп жатканын айтты. Анан калса, жакынкы күндөрү эле микроинсульт болгом дейт.

— Диагнозду сизге ким койду эле?

— М-м…, кандай десем… Өзүм…

Анын жүрөгү 18 жаштагы кыздыкындай экенин кардиограмма көрсөттү. Кан басымы да жайында. Ал турсун, бутундагы жаңы педикюр да жылтылдагансыйт. Дарыгер үмүттү жандырган тыянагын айтканда, айым шашкалактай кетти:

— Эми эмне мен поликлиникага барышым керекпи? Мен бара албайм, ал жерде мага жаман болот, ал жакта кезек көп!

— Түшүнүңүз, сиз өлгөнү жаткан жоксуз. А кезек боюнча болсо, нааразылыгыңызды министрликке айтыңыз. Мага эмес.

Алсыз акырын үн катуу чабуулга айланганда дарыгерлердин бригадасы тез чыгып кетишти.

— Мындай чуулгандуу айымдар көп туш болобу?

— Дайыма. Бизде кардиологиядагылардын жарымы дал ушундайлар. Поликлиникага чуркагандан эригип, тез жардам аркылуу ооруканага түшкөнгө аракет жасашат. Убакытты да, күчтү да алышат. Түнкүсүн кыларга иши жок кемпирлер да бар. Менде ошондой бирөө болгон. Азыркыга чейин аты да, дареги да эсимде. Күйөөсү жүрөк оорудан өлүп калыптыр. Ошон үчүн мээсинен бир аз айнып калган экен: ар түнү ал өзүн өлүп калчудай сезе берет. Биз ага ат тезегин кургатпай барып турчубуз. Бир күнү аны, эгер эч нерсе таппасак, айып салабыз деп коркуттум. Дароо чакырыгын токтоткон.

— Эң өкүнүчтүүсү, ошондой адамдардын айынан силер чын эле муктаж болгондорго жетишпей жатасыңар да…

— Дагы тамашакөйлөр деген бар. Тез жардамды кайсы бир дайынсыз дарекке чакырып коюшат. Биз келсек, телефондору өчүк болуп калат. Күйгүзөт да…

…Бир күндө биз ТЭЦтин бир жумушчусун жана көп сандагы чоң энелерди кароодон өткөрдүк. Дагы бирөөнү реанимацияга жеткиргенге үлгүрдүк. Бардык эле барган жерден ырахмат уктук деп айта албайм. Көпчүлүгү биз аларга милдеттүүдөй карашат, нааразылык, шек саноолор да болду. Жана кайра эле чакырык. Улгайган аялдын деми кыстыгып жатат, көгөрүп, сүйлөй албайт. Жолдогу тыгындардан эптеп өтүп, 30 мүнөттөн өткөндө гана жеттик. Жолдордо тез жардамдын машинасына кандай карашары жөнүндө кеп башка. Мына, биз көздөгөн жерге жеттик. Кунары качкан үй бир жагына ооп калган.

— Тиштебейт, кире бергиле!

Ырылдаган үнүнө караганда, ит ээсинин буйругуна баш ийчүдөй эмес. Бирок биз кирдик. Күңүрт жанган чырак. Кичинекей бөлмөдөгү төшөктө оорулуу жатат.

— Екатерина Николевна, эмнеңиз ооруйт?

— Аааааа… бүткөн боюмдун баары.

— Ичтиңиз беле?

— Жок.

— Апа, чыныңды айтсаң! Ооба, үч жумадан бери ичип жаткан.

Кепке күйөө баласы аралашып, тургандардын көзүнө карабай, Екатерина Николаевнаны көп ичкени үчүн жаман сөздөр менен урушуп кирди.

Екатерина Николаевнанын абалы начар. Кан басымы тез түшүп, эки жума мурун сынган колу болсо карарып шишип кеткен.

"Мен шаарда жок болчумун. Эч нерсе эмес, мунусун дарылайбыз. Жанын аман сактап калсаңар болду", — деп актанат кызы.

Неврология бөлүмүндө аны кабыл албай коюшту — инсульту жок, каалаган жагыңарга алып баргыла дешти. Жолдон аялдын деми кыстыгып, кан басымы дагы түшүп кетти. Кан тамырына куйган жана ичирген дарылар жардам бербей жатты. Бактыга жараша, токсикологиянын реанимациясына аялды тез эле жеткиришти. Күйөө баласынын Кудайга жана дарыгерлерге көрсөтмөлүү катуу жалынышына кулак салбай, Екатерина Николаевнаны өзүнө келтире башташты. Фуркат оорулуунун картасын толтурган соң, биз ал жерден кеттик …

— Эмнеге сиз эч качан бутуңузду чечпейсиз? Мага тез жардам келгенде, мен полду жаман жууп койгом, ошон үчүн дарыгерлер бут кийимдерин чечкен жок деп кайгыргам. Көрсө, силер такыр чечпейт турбайсыңарбы. Килемди деле тебелеп жүрөсүңөр.

— Жерде учтуу бир нерсе жаткан болсочу? Биз ар кандай кишилерге барабыз да. Анан калса, биздин эреже боюнча бут чечүүгө болбойт. Замбилди көтөрүп чуркаш керек болсо, биз бутубузду чечип-кийип отурабызбы? Ага убакыт керек.

— Ай-ий, коркунуч ушунча көп экен. Деги бул эмне иш, укмуш!

— Ооба, ошондой. Бирок мен азыр жашмын. Күч-кубатым, алым жетет.

— Кийин да жетеби? Беш жылдан кийин, мисалы?

— Билбейм.

… Кечки саат алты болду. Мен үйгө карай шаштым. Ал болсо кайра адамдарды куткарууга жөнөдү.

http://sputnik.kg/society/20150829/1017781008.html

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8