Орусия, сен Кыргызстанды коргойсуң!

Бул маселе майдын ортосунда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ТАСС үчүн маек куруп жатып, республикасынын түштүгүндө орусиялык аскердик базаны ачуу маселеси көтөрүлгөндөн кийин кыргыз коомчулугунда кайрадан пайда болду. Серепчилердин дискуссиясы жана Интернет колдонуучулардын айтышы Кыргызстандын аймагында жаңы орусиялык аскердик объектини түзүү мүмкүнчүлүгү боюнча эле эмес, Борбордук Азиянын коопсуздугуна карата чакырыктар жана коркунучтар, ошондой эле аларга каршы күрөшүүдө Орусиянын ролу боюнча пикирлердин көп түрдүүлүгүн белгилешти.

Серепчилер ой жүгүртүшөт

КР мурунку коргоо министри Исмаил Исаков “Азаттык” радиосуна курган маекте кыргыз жеринде экинчи орусиялык базанын пайда болуусу жөнүндө маселенин тарыхын ачып жатып, дагы бир жолу бул кадамдын максатка ылайыктуулугу жөнүндө билдирди. “Мындай сунуштар – деди аскер башчы, - АКШ менен Кыргызстандын аскердик кызматташтыгы активдешкенден кийин түшө баштаган. АКШ менен түштүктө жана түндүктө тренинг борборлорун ачууда аскердик кубатты жана жардамды бекемдөө жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп, макулдашуулар даярдалган. Орусиялыктар бул боюнча абдан тынчсызданып, экинчи базаны ачууну демилгелешкен. Бул атаандаштыктын жыйынтыгы болгон деп айтууга болот. америкалык базаны чыгаргандан кийин бул маселе чечилбеген бойдон калган”.

“Жакшысы, - дейт генерал, - ар бир мамлекет өзүнүн коопсуздугун өз алдынча чечиши керек”. Ошондой болсо да, эгер коркунуч пайда болсо, Кыргызстан Канттагы орусиялык аба база менен биргеликте бул маселени чече алат. Республика ЖККУ менен биргеликте текшерилген каршы туруу ыкмаларын колдонот – тажик-ооган жана өзбек-ооган чек арасына “буфер зонасын” түзөт. Дагы жакшы, тажрыйба бар, ал жөнүндө генерал эске салды: “90-жылдары Ооганстанда “Талибан” кыймылы активдешкен учурда биз Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен бирделикте аскердик күчтөрдү бириктирип, Ишкашимдеги чек араны бекемдеп, ал жерде аскерлерде жарым жыл кармаганбыз”.

Саясатчы Равшан Жээнбеков аскердик чыгымдарды кыскартып жаткан шартта Орусия Кыргызстандагы жаңы аскердик базаны күчөтөрүнө ишенбейт. Бирок, анын маанисин түшүнөт, “эгер чын эле Ооганстан тараптан кандайдыр бир коркунуч болсо”, ал республиканын коопсуздугунун кепилдиги болуп берет. Мындан ал төмөнкүдөй жыйынтык чыгарат: “Эгер биз андан сурансак дагы, ал бизге ачып бербейт. Алар бул үчүн зарылчылык жок деп эсептеши мүмкүн”.

Дагы башка генерал – УКМКнын башчысынын мурунку орун басары Артур Медетбеков “бүгүнкү күндө терроризм жана диний экстермизм Борбор Азия өлкөлөрүнүн үстүндө бекем айланып калды” жана кечиктирбей аракет көрүү, “өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылууга өтө кылдат жана конкреттүү мамиле жасоо керек” деп эсептейт. Муну ишке ашыруу, чекисттин сөзү боюнча, республиканын түштүгүндө экинчи орусиялык аскердик базаны ачуу менен мүмкүн болот, бул ошол эле учурда кыргыз армиясынын аскердик даярдыгын көтөрмөк.

“Борбордук Азияда бардык өлкөлөрдүн ичинен эң алсыз звено болуп дал Кыргызстан саналат. Ал өзүнүн аймагын коргой албайт. Биз жада калса учакты асманга өзүбүз көтөрө албайбыз, ал эми аба күчтөрү жок тоолуу шартта чыныгы согушта тажрыйба топтогон согушкерлер менен согушуу – кыйроо”, - деген кырдаалга болгон өзүнүн көз карашы менен Кыргы-Орус Славян университетинин стратегиялык талдоо жана божомолдоо институтунун улу илимий кызматкери Муканмеди Асанбеков бөлүштү. Окумуштуу Кыргызстанда Орусиянны аскердик базасынын болушу зыянга караганда пайда алып келет деп ойлойт. Бул “Сириядан келген игилчилер акырындык менен Ооганстандын аймагына орун которушуп, ал эми анын түнтүк бөлүгү дээрлик согушкерлер тарабынан көзөмөлдөнгөндүгү” менен байланышкан.

Мурунку депутат жана мамлекеттик башкаруу боюнча серепчи Алишер Мамасалиев өз сөзүндө Кыргызстан үчүн ЖККУнун алдында аскердик база ачуу пайдалуу экенин белгиледи. Бул учурда республика “түштүктө аскердик базаны өнүктүрө” алат. Мындан саясатчынын оюн улантсак болот: “Жаңы базаны ачуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо биздин аскердик күчтөрдү өнүктүрүүгө басым жасоо керек”. Анын үстүнө “базалык” маселени чечүүнүн оң жагы коңшулар менен “ек араны демаркациялоо жана делимитациялоо процессин аягына чыгаруу” болуп калмак.

Маселеге коопсуздук маселеси боюнча серепчи Максат Мамытканов “аскердик көз караш менен” караган, ал Канттагы орусиялык аскердик базаны түштүккө көчүрүү жакшы чечим болмок дейт, анткени анын “аракеттенүү радиусу чектелүү”. Негизи бул Кыргызстандын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине дагы тиешеүү. Аскер адиси түштүккө “биздин болгон аскердик бөлүктөрдү, танкаларды, учактарды жөнөтүүнү сунуштайт”.

Орусиялык базаны ачуу кырдаалына “Пикир” аймактык серепчилер клубунун төрагасы Игорь Шестаков да баа берип өттү. Саясат таануучу Артур Медетбеков жана Муканмеди Асанбеков сыяктуу “регион террористтерди тартат”, ал эми интеграциялык байланыштар евразиялык аймакта коопсуздук кепилдигин талап кылат деген позицияга таянат. И.Шестаков: “Тыюу салынган уюмдардын активдүүлүгү Кыргызстан үчүн дагы, Орусия үчүн дагы мындан аркы пландарды таңуулайт. ЖККУнун башка КМШнын түштүк чек араларынын коопсуздугун бекемдөө чараларын көргүсү келген мүчөлөрүнө да тиешелүү” деп түшүндүрдү.

Бул жаатта “коңшулардын жакшылыгы маанилүү болот” деп эсептейт серепчи. Эгер региондогу коопсуздукту камсыз кылууда көпчүлүк маселелер боюнча Москва менен Бишкектин ою бир жерден чыкса, Ташкент үн катпай келет. Мындан тышкары, Кыргызстандын чыгыш тараптагы коңшусу – Кытай “үчүн дагы региондогу терроризм жана экстермизм коркунучун азайтуу маанилүү”. Анткени, алар бир эле континенттеги глобалдуу экономикалык долбоорлорго тоскоол болбой, СУАР контекстинде өлкөнүнү ички коопсуздугу үчүн ачык коркунуч жаратат”.

Бир катар серепчилердин пикири боюнча, республиканын түштүгүндө Канттагыга окшош орусиялык аскердик базанын ачылышы Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылууга таасир этет

Кырдаалга сөзсүз АКШ аралашат. “Вашингтон азыркы күнгө чейин региондо өзүнүн басымын сактап калуу үчүн күрөшүп келет, - деп эептейт “Пикирдин” жетекчиси. – 2014-жылдагы “Манас” транзиттик жүк ташуулар борборунун жабылышы алар үчүн өзүнүн таасирин тийгизген. Ал эми АКШ үчүн Кыргызстанда экинчи орусиялык базанын пайда болуусу жакпай турган иш”.

Кыргызстандыктар карама-каршы пикирде

Буга ишенүү үчүн, ошондой эле коомдук пикирге профессионалдык баанын шайкеш келишин салыштыруу үчүн, мисалы, кыргыз тилдүү гезиттердин интеннет-порталын карап чыгууга болот. мында чыдамсыздык сөз тандабай каларына күбө болубуз. Пикирлердин этикалык ченемдерге туура келбегенин алып салып, посттордогу грамматиканы оңдоп, жөнөкөй калктын база тууралуу айтылган пикиринин төркүнүнө көз жүгүртөлү.

Мисалы, Акыл деген жигит орусиялык аскердик базанын ачылыш келечегине карата чыныгы “прагматик” катары мамиле кылган – акча жана эч кандай принциптердн кереги жок. Ал мындайдеп жазат: “Менимче, түштүккө орусиялык, эмес америкалык база ачуу туура болот! Анткени, орусиялык базадан элге да, казынага да, мамлекетке да пайда түшпөйт! Америкалыктар жок дегенде жылына бюджетке 100 доллар төлөшчү, ал эми орусиялыктар ушунча убакыт аралыгында Кант үчүн эч нерсе төлөшкөн жок, кээде эскирген аскердик техникасын олчойгон чоң акчага бергени эле болбосо”.

Нейтралитет ниги менен катталган талкуунун катышуучусуНаполеон Бонапарттын сөзүн мисал келтирет. “Ким өз армиясын баса албаса, бөлөк армияны багат, - деп Нейтрал француз императорунун сөзүн айтат жана мындай суроо берет: - Орустар биз үчүн өлүүгө даяр деп ойлойсуңарбы??? Мен даяр эмес деп ойлойм. Эгер коррупциянын деңгээлин төмөндөтүп, ошол акчаны армияга коротсок, анда биз башкалардын базасына муктаж болбойт элек”.

Талкуунун жүрүшүндө “ватник” атка конгон Шаардык деген пикир калтуруучу орусиялыктарды жактаган пикир калтырган: “Америкалык базаны финансы тарабына карабай, Кыргызстанга киргизүүгө жол бербөө керек. Анткени, азыр баары үчүн эле ИГИЛ АКШ менен Израилдин ойлоп тапканы экени сыр эмес. ошондо, алар кантип өздөрүнүн эле “балдарынан” бизди сактап калмак эле. Албетте, Сириядагыдай эле бош жерлерди бомбалап, дүйнөлүк терроризм менен ийгиликтүү күрөшүп жаткандыгы жөнүндө отчет берет. Андан көрө орусиялык базанын болгону жакшы, биз алар менен бир дүйнөлүк согуштан өттүк, мындан ары дагы бири-бирибиз үчүн тигибизден-тик турабыз деп ойлойм. Бул жерде акча акыркы орунда, башкысы биздин өлкөнүн көз карандысыздыгы. Ал эми скептиктерди Сирияны карап көргүлө демекмин, аны эмнеге айландырышты. Сирия Кыргызстанга караганда бай өлкө болчу, армиясы да жакшы жабдылып, кубаттуу эле...”

“Ватник” менен макул эместигин Марат Юнусов билдирген, ал кырдаалды батышча чечмелеген: “Украинада Орусиянын аскердик базалары бар эле. Эми Орусия украинанын Крымын басып алды, Донбасстын сепаратисттерин каржылап жатат. Бизде орусиянын бир базасы Кантта ириңдеп жатат. дагы эмне кереги бар? Украинанын, Грузиянын, Сириянын жана Приднестровьянын тагдырын кайталаңар келип атабы?”

Катуу талкуунун Фыва аттуу катышуучусу өзүнүн текстинде “ИГИЛ пайда болгондон бери, азыр деги эле алар Ооганстанга качып жаткан учурда, биздин акылдуу аялдар мындай деп жатат, эгер орусиялык аскердик база Кыргызстанга жайгаштырылса, алар өздөрүн корголгондой сезишмек экен” дейт.

Пикирлердин түрдүүлүгү ар дайым эле серепчилердин пикирине жана расмий позицияга шайкеш келе бербейт. Мунун артында бирөөлөрдүн маалыматты абдан аз билгендиги, башкалардын объективдүүлүктү моюнга албагандыгы же атайын эле жасалган одонолугу турат.

Ой жүгүртүүлөрдүн түрдүүлүгү булуттай каптап келе жаткан коркунучтар жөнүндө, аларды болтурбоо жолдору жөнүндө жана тез арада кол сунчу өнөктөштөр жөнүндө коомдук пикирди системалык түрдө түзүү мамлекеттик коопсуздугу үчүн маанилүү экендиги тууралуу ойго түртөт. Бул бир эле Кыргызстанга тиешелүү эмес, евразиялык аймакта регионалдык коопсуздуктун жаңы жүзүн курууда башкы генератор болуп жаткан Орусияга да тиешелүү.

Бул тема боюнча кыйла так пикирин эл аралык мамилелер боюнча серепчи Таалатбек Масадыков билдирди. Жакында өткөн “Орусия президенттик шайлоодон кийин: Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылууда жанаэкономикалык интеграцияда орусиялык фактор” деген серепчилердин отурумунда ал: “Азыр, мен биздин чиновниктердин бир катар эл аралык маселелер боюнча, экономикалык маселелер боюнча, ошондой эле ички жана тышкы коопсуздук боюнча чыгып сүйлөгөн сөзүн уккканда, биз али сыркы саясий багытыбызды аныктай элетей, жаңыдан гана өз жолубузду издеп таап жаткандай сезилет. Орусиялык серепчилерге суроо бар – Орусияда Борбордук Азияга өлкөлөрүнө карата негизи эле саясат барбы жана аны менен ким иш алып барат? Кыргызстанда иш алып барып жаткан Орусиялык түзүмдөр жана уюмдар реалдуу жана объективдүү маалымат чогултуп, биздин республикада болуп жаткан кырдаалга так баа бериши керек”, - деди.

Орусия коргоп келген! Орусия коргоп алат!

Сооронбай Жээнбеков ТАССтын корреспонтенди менен маектешип жатып, Кыргызстандын түштүгүндө орусиялык аскердик базаны ачуу жөнүндө маселе Орусиянын өзүндө чечилерин белгиледи. Аталган маселеде терең маани бар: кыргыз тарап өлкөнүн коопсуздугун коргоого Орусиянын катышуусуна кызыктар. Кыргыз мамлекетинин башчысынын сөзү боюнча, “биздин республиканын түштүк регионунда экинчи орусиялык базаны ачуу зарылдыгы жөнүндө позициябыз терроризм, экстремизм жана наркотрафик сыяктуу ооган коркунучтарына таасир этүүчү жамааттык күчтөрдү түзүүгө багытталган”.

Сооронбай Жээнбеков көйгөйдү белгилеген Кыргызстандын биринчи расмий жүзү болгон жок. Бул тема буга чейин эки жолу ЖМКларда көтөрүлгөн. Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары – статс-катчысы Григорий Карасин 2017-жылдын аягында Канттагы орусиянын аскердик базасы азыркы региондогу коркунучтарга жооп берүү үчүн толук жетишет, бул Борбордук Азиядагы жана Кыргызстандагы коопсуздук маселелерин чечүүдөн Орусия баш тартты дегенди билдирбейт деген.

Орусия тараптын логикасы мындай – биринчи кезекте региондун мамлекеттери кандай гана коркунуч болбосун нейтралдаштырууга даяр болушу керек, ал эми Орусиянын колдоосу кепилденет.

Орусиялык аскер ведомствосунун башчысы Сергей Шойгу ушул жылдын апрелинде Пекинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин отурумунда сүйлөп жатып, Орусиянын Коргоо министрлиги Борбордук Азияга ЖККУ боюнча өзүнүн өнөктөштөрүнүн аймагана Ооганстандын түндүк провинцияларынан согушкерлердин басып кирүүсүн болтурбоо боюнча чаларады көрүп жатканын билдирди. Ушул максатта Орусия Федерациясы Тажикстандагы жана Кыргызстандагы орусиялык аскердик базалардын аскердик даярдыгын жогорулатып, аларды заманбап курал-жарактар жана аскердик техникалар менен жабдып жатат.

Орусия Федерациясы тараптан болгон экинчи маанилүү кадам өнөктөш мамлекеттерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн бекемдөөдө жатат. 2013-жылы өлкөгө 1,1 млрд доллар суммадагы бекер аскердик жардам көрсөтүлгөн. Орусия Кыргызстандын сырткы чек араларын бекемдеп жатат (бул үчүн орусия тарап 48 млн доллар бөлгөн) – чек ара заставалыр курулуп жатат, 2012-жылы кыргыз чек арачыларына жарым миллиард рублге барабар техника, курал-жарак, мамлекеттик чек араны кайтаруунун техникалык каражаттарын берген. Мунун баары бекер берилген.

Орусия 1990-жылдары орус жоокерлери тажик-ооган чек арасында кантип курман болгонун унутпайт, ошондуктан Борбордук Азияда террористтердин колунан эч ким каза болбошу үчүн колунан келгендин баарын жасайт.

Булак: https://www.ritmeurasia.org/news--2018-06-04--rossija-ty-zaschitish-kyrgyzstan-36808

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8