ИГИЛ Кыргызстандабы? ЖККУну чакыра берсе болобу?

Борбордук Азия аймагында жүрүп жаткан интеграцялык процесстер ИГИЛ үчүн күрөшкөн айрым топторду кубандырбашы анык. Бирок, Борбор Азия мамлекеттеринин күчү жана каражаттары экстермизимге жана терроризмге каршы турууга жетет экенин билишибиз керек. Улуттук коопсуздук боюнча пикири менен УКМКнын отставкадагы полковниги, “Альфа” атайын бөлүгүн түзүүчүлөрдүн бири, серепчи Юрий Погиба бөлүштү.

Анын сөзү боюнча, азырыкы учурда анык террористтик коркунуч, анын ичинде Кыргызстан үчүн дагы, жок. Бирок, атайын кызматтар сырткы агрессиянын кол салуусуна ар дайым даярдыкта турат.

- Акыркы жылдары бизде тыныгуу болду – биз тынч жашоону башыбыздан кечирип келдик. Бирок, айрым күчтөр Борбордук Азияда кырдаалды күчөтүүгө кызыктар экендиги анык. Сырт жактан тыныгуу болуп тургандыгына карабай бул маселе атайын кызматтар тарабынан талкууланууда, талданууда жана көзөмөлсүз калган жок. Башкача айтканда, Кыргызстандын, Тажикстандын, Орусиянын жана Өзбекстандын күч түзүмдөрү теориялык жактан да, техникалык жактан да террористтик коркунучтун күчөшүнө даяр. ИГИЛге каршы туруу катуу жүрүп жатканын так түшүнүү керек. Ошондуктан, драмалаштыруунун кереги жок, жамааттык коопсуздук боюнча мамлекеттер аралык иш-чаралардын бардык комплексин ишке ашыргандай кырдаал ошончолук эле оор эмес. ЖККУнун күчтөрү биздин аймакта ансыз деле аныкталган санда бар, - деп билдирди серепчи.  

Бирок, коом чанда болуучу терреакттардан камсыз болгон эмес деп белгиледи Юрий Леонидович. Бирок, бул багытта дагы ийгиликтүү иштер жүрүп жатат.

- Акыркы убакта болуп жаткан дээрлик бардык терракттар бизде келген адамдар тарабынан эмес, уктап жаткан ячейкалардын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүдө. Алар Кыргызстанда, ошондой эле Тажикстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда мыйзамдуу жүрүшөт. Алар тигил же бул акцияны өткөрүү жана активдештирүү үчүн ыңгайлуу убакытты күтүшүүдө. Бирок, биздин атайын күчтөр аларды өз убагында болтурбоо аракетин көрүп келишет, - деп белгиледи Юрий Погиба.

Тажикстанда велосипед минип жүргөн чет элдик туристтердин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү серепчи менен маектешүүнүн себеби болуп калды. Республиканын ИИМнин башчысынын маалыматы боюнча, алгач аларды авто унаа менен коюп кетишип, андан кийин кылмышкерлер бычак жана балта менен ургулашкан. Болгон окуяга жоокерчиликти ИГИЛ өз мойнуна алган.

Погиба мында кандайдыр бир саясий оюн бар экенин болжолдоду.

- Тергөө жүрүп жатат, чет элдик туристтерге кол салууну ИГИЛ өз мойнуна алды. Анткен менен, терракттардын майда-барат нерселери көп. Мында өзүнө көңүл бурдуруу максатында аткарылган анык бир чоң оюн болушу мүмкүн. ИГИЛдин Сириядагы, Ирактагы катастрофалык абалын эске алганда бул толук түшүнүктүү. Кандай болгон учурда дагы, Тажикстандын укук коргоо органдарына толук кандуу тергөө жүргүзүү үчүн убакыт берүү керек, - деп белгиледи Юрий Леонидович.

Кыргыз Республикасынын коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча мурунку вице-премьер-министриТокон Мамытов да өз маегинде ушул эле нерселерди белгилеген. Ал Тажикстандагы чет элдик туристтерге кол салуу ИГИЛчилердин иши дегенге күмөнү бар экенин билдирди.

Ошондой эле, бир жума мурун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жыйынтыктоочу маалымат-жыйынында ИГИЛдин согушкерлеринин чогулуп жатканынан улам чек арадагы постторду бекемдегендиги жөнүндө билдиргенин эске салабыз. Анда ведомствонун башчысы биздин аймакка басып кирүү коркунучу пайда болгон учурда Чек ара кызматы кечиктирбей болжолдуу бандалык түзүмдөрдүн кыймылынын жолу боюнча чалгынчылардын тобунун кезметин жөнөтөрүн белгилеген.

Буга чейин Ооганстандын чек арасында жана борбор азия мамлекеттери менен чектешкен жеринде ИМнын жана “Талиптердин” 10 миңге жакын террорчулары чогулганы белгилүү болгон эле.

Материалды жарыялоо алдында ИМ Тажиктсандагы туристтерге кол салуу жасагандагы жөнүндө согушкерлер менен тарткан вилеосун жарыялаганы белгилүү болду.

ВВС роликке тоолуу жерде бактын алдында отурган беш киши арт жагына ИМнын желегин коюп алып тартылганын жазат. Алардын бири Тажикстандын жетекчилери – “дининен кайткан адамдар”, алар “өзүнүн динин сатып кетти” жана өлкөнү “бузукуларга” берип салды дейт.  

Булак: https://www.vb.kg/doc/372478_igil_v_kyrgyzstane_pora_li_zvat_odkb.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8