Олег Столповский: Ислам мамлекетинин “Ооган” филиалы – көптөр коркунучтуу окуя катары пайдалып жаткан нерсе

Ооганстандын азыркы оор аскердик-саясий шартында өлкөдө Ислам мамлекетинин болушу, бул канчалык кызыктай угулса да, кайсы бир деңгээлде ооган каатчылыгынын жергиликтүү да, сырткы да факторлорунун кызыкчылыктарына жооп берет.

1. Борбордук ооган өкмөтүнүн тарапташтыр үчүн “Ислам мамлекети” менен байланышкандардын баарына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү азыркы учурда кабул режими үчүн реалдуу жана түшүнүктүү коркунуч болгон “Талибан” менен күрөшүү үчүн кошумча жардамды тартууга мүмкүнчүлүк берүүчү болуп саналат.

2. Өз кезегинде саясий лидерликтин жана натыйжалуу башкаруунун айынан бөлүнүп калган талибдер ИМ менен көпчүлүк багыттар боюнча чыр-чатактуу мамилелерде болсо дагы, анын террористтик ишинен утушка жетишип отурушат. ИМ өздөрү жасабаган террористтик актылар жана диверсиялар үчүн жоопкерчиликти алууга даярдыгы талибдердин лидерлеринин Ооганстандагы жана Пакистандагы локалдуу элиталар жана өкмөт менен “жергиликтүү дипломатияда” колун бошотуп жатат. Талибдер өздөрүнүн күчүн жана басымын колдонбой эле көздөгөнүнө жетип отурушат. Региондо өзүнүн артында реалдуу экономикалык жана социалдык-саясий институттары жана маанилүү аскер ресурстары жок туруп, “Ислам мамлекети” талибдерге, ошондой эле көптөгөн башка саясий күчтөргө, алардын Ооганстандагы бийлик жана басым жасоо үчүн күрөшүндө атаандаш боло албайт.

3. ИМ менен же ага каршы согуш көпчүлүк катардагы оогандар үчүн мамлекетти жана ушул өлкөнүн экономикасын талкалаган үзгүлтүксүз чыр-чатактардын жана бүтпөгөн жарандык согуштардын туюк тегерегинен чыгууга дагы бир жолду элестетет. Миңдеген ооган качкындары жана көчүрүлгөндөр Азия жана Африкадан Европага жакшы жашоо издеп агылган мигранттардын катары кошулду. Алар Ооганстанда ИМнын орун алган факторун пайдаланып, өздөрүнүн керт башынын максаттарын ишке ашырышууда. Бирок, түзүлгөн кырдаалда өнүккөн батыш өлкөлөрүнө көчүп кетүү үчүн жакшы кырдаал түзүлдү.

4. “Ислам мамлекетинин” ооган филиалынын сырткы түзүлүшү “көп кырдуу” жана ачык күрөнүп турат. Анткени, биздин планетанын башка региондорунда, мисалы Жакынкы Чыгышта болуп жаткандар менен бир катарда каралбай жатат.

Аталган версиянын конспирологиялык мүнөзүнө карабай, АКШ ИМнын Ооганстандын аймагында орун-очок алып калышына жардам берип жатат деген белгилер бар (Кабулда базардан парламентке чейин адамдар кандайдыр бир аныкталбаган өлкөнүн аймагына “сакалдуу эркектерди” түшүрүп жаткан тик учактар жөнүндө сөз кылышат). АКШнын жана анынн батыштагы өнөктөштөрүнүн жергиликтүү “Ислам мамлекетинин” филиалына тиешеси бар экендиги жалпы геосаясий маанини алып жүрөт. ИМнын топтору Ооганстанда туруксуздукту колдоо боюнча америкалык программаларда көп куралдын бири катары, ошондой эле коңшу өлкөлөргө туруктуу басым жасап туруу үчүн түрдүү көз караштан алганда ушул маанилүү региондо легитимдүү аскердик калыбын сактап калуу үчүн жакшы шылтоо болуп саналат. Бул бир эле Орусиянын эмес, Кытай жана Иран үчүн түштүк багытта алсыз аскердик мамиле түзүү менен, туруксуздук очоктору менен курчоо боюнча Батыштын планынын ишке ашуусу жөнүндө кабар берет. Орусиянын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдиргендей, “аскердик аскерлердин болушу – Ооганстандага эл аралык терроризмдин кубат алуусунун негизги фактору”. Федерациянын кеңишинде ушундай эле пикирди айтышты жана террористтик түзүмдөр АКШнын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын көрсөтүштү.

ИМ Ооганстандын аймагында АКШнын көз алдында өстү. Баарынын мурун Ооганстанга багытталган идеологиясы бар “Талибандан” айырмаланып, Ислам мамлекети глобалдуу идеологияны жайылтып келет. Ошондой эле, ИМ коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Борбордук Азияга коркунуч жаратууда. Аларды Орусия мурункудай эле жакынкы чет өлкөнүн маанилүү бөлүгү катары карайт.

Ислам мамлекетинин эки филиалында тең Иран, Орусия жана анын Борбор Азиядагы союздаштарын башкы душман катары көрүшөт, бирок Фарукинин тобунда шейиттерге каршы жана иранга каршы ачык билинген багыты бар, ал эми Борбор Азиядан чыккандардан түзүлгөн Муавий тобу өз ара борбор азияга каршы (БАнын бардык республикалары жөнүндө сөз болуп жатат) жана орусияга каршы элементтерди колдонушат.

Албетте, террористтер Ооганстандан колонна болуп келип, мурунку советтик Борбор Азиянын шаарларын баысп алууга батынбайт. Алар мындай учурда орусиянын аба күчтөрү жана ЖККУнун башка аскерлери менен оңой эле талкалап коёрун түшүнүшөт. Борбор Азия мамлекеттеринде ички маселелр абдан көп, анын алдында Ооганстан жөн гана детонатор болуп калат.

Азыр Борбор Азиянын дээрлик баардык республикаларында жергиликтүү атайын кызматтар ИМнын жаңы жашыруун ячейкаларын таап жатышат. Негизинен экстремисттер менен толук күрөшө алышат. Бирок, эл ралык торроризм менен өз алдынча көрөшөрүнө көз жетпейт. Ошондуктан, Орусия Борбор Азия республикаларынын бардык атайын кызматтарына жардам берүүгө кызыктар. Болсо, эгер кырдаалды бой коё берсе, терроризм Орсуиянын аймагына да жайылып кетиши мүмкүн.

Эгер “конспирологиялык версиянын” логикасын уланта берсек, америкалыктар тарабынан ИМ картасын ойнотуу – америка тараптын белгилүү бир топторунун эски долбоорго ремейк жасоого болгон аракети, ал жакында каза болгон Збигнев Бжезинскийдин аты менен байланышкан. Орусияны дагы бир анын чегинен тыш сирияныкына окшогон согушка тартуу аракети. Кандай болбосун аскердик чыр-чатакка катышуу бул дайым оппоненттер үчүн экономикага, социалдык жана саясий кырдаалга басым жасоо рычагы, аталган учурда – Орусиянын өзүнө. Бул көпчүлүк учурда ислам дүйнөсүндө Орусиянын беделине терс тасым болмок, бул Орусияны анын бир катар тышкы саясий аракетин байлап коймок. Башка сөздөр менен айтканда, Ооганстанда сириялык конфликттин кандайдыр бир көчүрмөсүн жасоо аракети көрүнүп жатат. ушундай улам акырыкы учурдагы көптөгөн маалыматтык чабуулдар жүрүп жатат: бирде Ооганстандын тоолорунда Орусиянын президентине кол салуу үчүнк андайдыр бир топ, же болбосо жөн гана Орусияга даректик кол салуу даярдалып жаткан болот.

Ошол эле учурда, Вашингтондун азыркы тышкы саясий стратегиянын анализи Вашингтон үчүн приципиалдуу манилүү стратегиялык маселе болуп азыркы учурда жана келечекте азыркы эки чоң державалар – АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамиле болорун болжолдоого негиз бар. Ошондуктан, көпчүлүк серепчилер Азиянын борбору – Ооганстандагы негизги тирешүүлөр дал Кытай менен болору жөнүндө сөз кылышууда. Вашингтондогулар эгер Кытайдагы экспансияны токтотпосо, алардын глобалдык лидерлиги аягына чыкканты турат.

Ошол эле учурда, Америка Кытайды стратегиялык курчоо боюнча маневрларды кабыл алып жатканы белгилүү болуп калды, анын тегерегинде чыр-чатактардын шакекчеси түзүлүүдө. Корей жарым аралык, Түштүк-кытай деңизи, Филиппиндеги исламчылар, Гонгонг менен балгон кыйынчылыктар, Бирма, Инд океанындагы жана Гималай тоорлорундагы Индия менен атаандашуу, Пакистандын ички маселелери, Синьцзяндагы кырдаалдын мезгил-мезгили менен курчушу – бардык ушул маселелер кытай чек арасынын периметри боюнча жайгашкан, ал эми Ооганстанга бул катарда маанилүү орун берилери анык.

Картаны бир ктар көз жүгүртүп караганда эле “Бир алкак – бир жол” деген кытай стратегиясында бул өлкө маанилүү орунда турат. Анын практикалык жактан ишке ашуусу болуп “жаңы жибек жолу” транспорттук долбоору саналат. Анын алкагында 2016-жылдын августунда Кытай менен Ооганстандын ортосунда эксперименталдык режимде темир жол билдирүүлөрү ишке киргизилген.

Пекин үчүн стратегиялык маанилүү долбоор – бул Гвадардагы Кытай менен Перс Булуңуна карулуп жаткан көпүрө. Ал кытай-пакистан экономикалык коридорунун Синьцзяндан Инд океанына чейинки акыркы чекити болуп калат. Мындан тышкары, Гвадар порту Борбор Азия өлкөлөрү жана Орусия үчүн маанилүү кол кабыш болуп калат. Алар кыска маршрут боюнча деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Ал Ооганстан менен Пакистандын аймагы аркылуу өтөт.

Булак: http://enw-fond.ru/ekspertnoe-mnenie/8424-oleg-stolpovskiy-afganskoe-napravlenie-odin-iz-glavnyh-vektorov-ugroz-bezopasnosti-sng.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8