Марат Шибутов: ЕАЭБдин “ийгилик тарыхы” көп. Бирок, алар жөнүндө эч ким билбейт

“Эгер жакшы иш болбосо, пиар бөлүм дагы жардам бере албайт. Алгач ЕАЭБ деген эмне экенин түшүнүп алуу керек. Чынында бул беш өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыш. Башкача айтканда, бул объектилердин өзү эмес, а алардын ортосундагы байланыш. Ага ылайык байланыштардын кандайдыр бир символу болуш керек”, - деди Казакстандагы Чек аралык кызматташтык ассоциациясынын өкүлү Марат Шибутов “Евразиядагы интеграциялык процесстердин белгилери жана символдору” деген темадагы серепчилердин клубунун отурумунда.

“БИздин ЕАЭБдеги көйгөйүбүз эмнеде – ийгилий тарыхын көбөйтүүнүн жоктугу.

Кайсы бир убакты, мисалы казакстандык ишкер Раимбек Баталов ширенин бир таңгагын Орусияга сата албай жүргөнүн айткан эле. Ал эми азыр болсо, анын дилерлери ушул өлкөнүн дээрлик 10 регионунда бар. Бул тууралуу эч ким айтып берген эмес. мындай мисалдар толтура.

Символду иштеп чыгууга сынак жарыяласа болот жана үч айдан кийин сунуштар жазылган кагаздарды карап чыгууга убакыт таппай кабалыз. Бирок, кантсе да реалдуу иштерден баштоо керек деп ойлойм. Орусия, Казакстан, Белорусия бир алты тилкелүү жол менен кошулган. Мына ушул кызматташтыктын мыкты символу болмок. Бул символ карапайым адамдарга түшүнүктүү болот. Алар ушул интеграциялык процесс эмне үчүн жүрүп жатканын көрүшөт, андан реалдуу пайданы сезишет.

Же конкреттүү бир ЕАЭБдин чегинде 4-5 өлкөнүн катышуусу менен биргелешкен ишкана түзүү керек. Евразиялык экономикалык комиссия дал ушундай мисалдардан жашоо жакшырып жатканын көрсөтүшү керек. Бул элди тарта турган символиканы иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Ал эми бир нерсени киргизип, андан кийин аны унутуп калуу – бул турган иш, биз мындан өткөнбүз.

Мисалы, бизде ушул жылы Астананын 20 жылдыгы, бирок жаңы борборго республиканын мамлекеттик жогорку жана борбордук органдарын кайра жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Николай Макиевскийди эч ким эстебейт. Астананын биринчи генералдык планын Saudi Binladin Group жасаганы, ал эми Астананын сол жээги ага тиешелүү болгону эч кимдин эсинде жок. Андан кийин алардын аймакты салып алганбыз.

Символду ойлоп табуу, аны иштеп чыгуу жана жылдыруу маселе эмес, бирок андан жыйынтык чыгабы? Биргелешкен долбоорлордон жана алардын ийгилигин арттыруудан баштоо керек”, - деди Марат Шибутов.

Булак: http://www.stanradar.com/news/full/30021-marat-shibutov-v-eaes-mnogo-istorij-uspeha-no-o-nih-nikto-ne-znaet.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8