Вице-спикер Бакиров: “Кыргызстан билим берүү системасында орус тилинен баш тартууга даяр эмес”

“Орус тили биз үчүн эне тилибиздей эле болуп калды. анда биздин балдарыбыз сүйлөйт. Алар орус тилдүү мектептерде окушат. Мен, Кыргызстандын билим берүү системасы орус тилинен баш тартууга даяр эмес деп ойлойм”, - деп билдирди республиканын парламентинин вице-спикери Мирлан Бакиров.

Парламентарийдин сөзү боюнча, ал республикада орус тилин колдонуудан баш тартууга эч кандай негиз деп эсептейт.

“Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү экенин даны эске алуу керек. Аталган уюмдун мүчөлөрү орус тилин жүз пайыз жакшы билиши керектигин айта кетүү керек. Орус тили – бул мамлекеттер аралык пикир алышуу, ошондуктан ушул тилдин деңгээлин сактап калып, анда пикир алышууну мамлекеттик тил менен катар эле өнүктүрүү зарыл”, - деп белгиледи Бакиров жана кыргыз тилинде билим берүүнү жана иш алып барууну дагы сактап эле калбай, күч алдыруу зарыл.

Редакциянын дагы бир маектеши депутат Анвар Артыков Кыргызстан үчүн орус тилинен баш тартуу зарылдыгы жок деген пикирин айтып өттү.

“Эгер кандайдыр бир сөздөр жүрүп жаткан болсо, анда бул мамлекеттик тил жеңил өнүгүүсү үчүн көрүлгөн аракеттер болуп саналат. Кандай болгон күндө да орус тили бул расмий тил, анын статусу мыйзам чегинде аныкталган. Ал бизге керек”, - деп эсептейт депутат.

Артыков орус тили өлкөгө керек экенин билгиледи.

“Эгер биз орус тилинен билим берүү деңгээлинде баш тарта турган болсок, анда артка карай кеткен болобуз. Андан ытшкары, орус тилинен баш тартуу бизде маалымат булагы кыскарышына алып келет. Өлкөнүн билим берүү системасында мамлекеттик тилде түрдүү материалдар жокко эсе экендиги аз келгенсип, интернет балактарында жоготуп алышыбыз мүмкүн”, -деп түшүндүрдү ал.

“Бул биринчи жагы, - деп улантты парламентарий. – Экинчиси, Кыргызстандын Орусия менен мамилеси абдан жакын. Кыргыз Республикасында орус тилине тыюу салууга жол берилбейт”.

Булак: http://www.stanradar.com/news/full/29730-kyrgyzstan-ne-gotov-otkazatsja-ot-russkogo-jazyka-v-sisteme-obrazovanija-vitse-spiker-bakirov.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8