Аида Касымалиева: Кыргызстанда орус тилине талап туруктуу жогору

Кыргызстандын региондоруна орусиялык мугалимдердин келүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып жатып: “Орус тилин үйрөнүүгө талап мектептерде мигранттардынүй-бүлөлөрүнүн арасында жогору. Ата-энелери балдары орус тилин да, кыргыз тилин да билишин каалайт”, - деди республикалык парламенттин депутаты Аида Касымалиева.

- Региондордо жашаган кыргызстандыктардын арасында орус тилин үйрөнүүгө талап барбы?

- Региондордо талап өзгөчө жогору. Орус тилдүү класстар ачылып жаткан мектептерде окуучулардын саны көп. Бардык каалоочуларды окутуу үчүн ар дайым кеңейүү керек. Бирок, буга ресурстар жетишпейт: мугалимдер аз, анткени ар бири эле региондо иштөөгө макул боло бербейт.

Айлык аз жана ар дайым турак-жай, тамак-ашка жана башкаларга чыгашалар өсүп турат, бул жаш адистердин планына өзгөртүүлөрдү киргизет. Кадрлардын жетишсиздиги жана окутуучулардын профессионалдык даярдык деңгээлинин акырындык менен төмөндөшү Кыргызстандын окуу жайларындагы билим деңгээлинин сапатынын төмөндөшүнө алып келет.

Ошол эле учурда, орус тилин үйрөнеүүгө болгон талап мектептерде мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн арасында жогору. Ата-энелери балдары орус тилин да, кыргыз тилин да билишин каалашат. 

- Кыргызстанга ушул сыяктуу программалар керекпи?

- Идея абдан жакшы жана мен аны толугу менен колдойм. Азыр биринчи этапта бул идеянын ишке ашырылышына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кошулушу керек. Алар орус тили мугалимдерине кайсы региондордо талап жогору экенин аныкташы керек.

Бир жылдык иштин натыйжалары боюнча жыйынтыктарды объективдүү баалоо керек. Эгер алар жакшы болсо, менин андан күмөнүм жок, бул программаны беш же он жылга узартууга болот. Бирок, билим берүү маселелерин кыйла глобалдуу, систумалуу деңгээлде чечүү жөнүндө да унутпаш керек.    

Негизи, Кыргызстанда орус тилинин өнүктүрүү маселеси жалпысынан жана ошону менен катар бул демилгени саясатташтыруунун кереги жок. Азыр өлкөдө бир тилди өнүктүрүү экинчи тилдин жашап турушуна түздөн-түз тоскоол болот деген пикир бар. Бул андай эмес. Мен орус тилин өнүктүрүү башка тилди өнүктүрүү сыяктуу кыргыз тилинин өнүгүшүнө таасир этет.

Орусиядан келе турган мугалимдер өзүнүн маданиятынын бир бөлүгүн ала келишет. Бул биздин өлкөлөр менен болгон диалогдун өнүгүшү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Булак: http://berlek-nkp.com/analitics/6872-aida-kasymalieva-spros-na-russkiy-yazyk-v-kyrgyzstane-ustoychivo-vysokiy.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8