ЖККУ мыйзамсыз жүргөндөрдү колго алат

ЖККУ мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүдө өзүнүн ролун активдештирди. Мааниси тездеп өсүп жаткан миграциялык коркунучтарды нейтралдаштыруудан тышкары, мыйзамсыз жүргөндөр менен күрөшүү уюмдун өзүнүн ишин жаңы мазмун менен толуктоого жөндөмдүү, анын натыйжалуулугуна акыркы убакта көп суроолор болгон.

ЖККУнун маалымат кызматынын маалыматы боюнча, ушул жылдын 15-майынан 23-майына чейин өткөрүлгөн “Мыйзамсыз жүргөндөр” операциясынын биринчи этабынын жүрүшүндө миграциялык мыйзам бузуулар 73 миңден ашык аныкталган. Анын төрттөн үч бөлүгү (56 миң) чек арадан чыгуу, кирүү жана чет өлкөлүктөрдүн келүү тартибин бузуу менен, дагы төртүнчү бөлүгү (17 миң) тартип бузуу менен байланышкан.

Орусияга келген мигранттардын (ушул жылдын январь-май айлары үчүн Орусиянын ИИМнин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгы тарабынан 6,2 млн чет элдик каттоого тургузулган) жалпы санынын фонунда аныкталган укук бузуулардын саны көп эмес. Бирок, аталган учурда ЖККУнун мыйзамсыз жүргөн мигранттар менен күрөшүү боюнча аракетинин саны эмес, “сапаты” маанилүү. Мигранттар көбүнчө Орусияга терракт жасоо максаты менен барышат.

Мыйзамсыз миграцияга каршы ракеттенүү боюнча ЖККУнун иши уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чоң мааниге ээ. ошентип, май операциясынын жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдары тарабынан 1749 кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөдө жүргөн 248 адам кармалган. Мындан тышкары, 80 күмөндүү финансылык операциялар аныкталган, алар чет элдик жарандар тарабынан АКШнын 950 миң долларна ишке ашырылган. Оепрация миграциялык укук бузуулар менен түздөн-түз байланышпаган кылмыштарды аныктоо боюнча чоң жыйынтык берди. Жалпы жолунан алар боюнча 3375 кылмыш иши козголгон, анын ичинде баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча 1358, куралдарды мыйзамсыз жүргүртүү боюнча 166, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча 129 жана экстремисттик багыттагы жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар боюнча 26 кылмыш иши козголгон.

“Террористтик иммиграция” акыркы эки жыл ичинде ЖККУ өлкөлөрү үчүн, биринчи кезекте Орусия үчүн өзгөчө баш ооруну пайда кылды. Сириядагы Ислам оппозициясын талкалоо ИГИЛдин, “Джебхат-ан-Нурсанын” жана башка экстремисттик токтордун мүчөлөрүн Орусияга жана башка КМШ өлкөлөрүнө кайтуусуна алып келди. Алар көбүнчө тынч жашоону баштан кечирүү үчүн келген жокю 2017-жылдын башынан баштап ФМК 150дөн ашык жардыруулардын алды алынгандыгы жөнүндө билдирди. Аларды даярдоого орто азиянын жарандары катышкан. ЕАЭБдин жалпы эмгек рыногу жана КМШда визасыз жүрүү режиминин болушу алардын аймагында экстремисттик топтун мүчөлөрүнүн тоскоолдуксуз жылып жүрүүсү үчүн жакшы шарт түзөт. Ошол эле учурда уруулук-туугандык жана жердешчилик байланыштарды активдүү колдонуу аларга жумуш жана турак жай табууга мүмкүндүк берет.

Акыркы убакты Борбор Азиядан “террористтик иммиграция” менен байланышкан кармоолор жөнүндө жаңылыктар тез-тез пайда боло баштады. Мисалы, 14-мартта Москвада жана Подмосковьеде ФМКнын кызматкерлери тарабынан Сирия жана Иракка “Ислам мамлекетинин” тарапташтарын жөнөтүп турган топтордун иши аныкталды. Мындан тышкары, Борбор Азиядан чыккан мыйзамсыз мигранттар үчүн жалган документтерди даярдоо боюнча үч лаборатория табылган. Баары болуп 60 чет өлкөлүк кармалган. 11-мартта Саратов областында жардыруу токтотулган. ФМКнын кызматкерлери кылмышкерлер отурган унааны кармаганга аракет кылышкан, бирок унаадагылар куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн жок кылынган. Окуя болгон жерден ТТ жаан Макаров пистолетин, колдо жасалган граната жана бомбалар табылган.

6-мартта Калининградда “Джамаат ат-Таухид валь-Джихад” тобунун мүчөлөрү кармалган. Ал ИГИЛдин түзүмдүк бөлүкчөсү болуп саналат. ФМКнын маалыматы боюнча бул топтун лидери 2017-жылы апрелде Санкт-Петербургда болгон жардырууга тиешеси бар экендиги аныкталган, анда 16 киши каза болгон. 22-февралда Санкт-Петербургда жардыруунун алдын алышкан, аны Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн биринин жараны уюштурган. Жардыруу тарнспорттук инфра түзүмдүн объектилеринде жана эл көп чогулган жайларда уюштуруу пландаштырылган. 11-декабрда өткөн жылы Москва областында Борбор Азиядан чыккандардын тобу жок кылынган, алар жыңы жыл майрамында жана Орусиянын президентин шайлоодо жардыруу жасоону пландаштырган.

1-февралда өткөн жылы Нижний Новгороддо жакынкы чет өлкөлөрдүн биринин жараны жок кылынган, ал президенттик шайлоо өткөн күнгө жардыруу даярдап жүргөн. Андан чоң кубаттуулуктагы колдо жасалган жардыруучу зат табылган. 6-апрелде ФМК Сахалинде элдүү жерде жардыруу уюштуруунун пландап жүргөн эки игилчини кармашат. Алардын бири Орусиянын жараны болуп чыгат, экинчиси – Борбор Азиянын жараны. 19-апрелде Владимир областында Орто Азиянын эки жараны кармалат, алардан бомба жасоо үчүн компоненттер табылган. 31-июлда кайра эле Владимир областында ИГИЛден жардыруу жасоо үчүн көрсөтмө күтүп жаткан Борбор Азиянын эки жараны кармалат.

Өздөрүнүн аракеттерин ишке ашыруу чекити катары бир топ террористтик уюмдар футбол боюнча дүйнө чемпионатын тандап алышкан. Массалык иш-чаралар учурунда жаржыруулар кандай чоң натыйжа береин жакшы түшүнүшкөн, алар үчүн чет элдик жарандар жардырууда болуусу маанилүү эле. Анткени, алар Орусия өзүнүн аймагында коопсуздукту камсыз кыла албастыгын жана эл аралык деңгээлдеги ири спорттук иш-чараны өткөрө албастыгын көрсөтүшмөк. Дал ушул себептен ЖККУнун жетекчилиги алдында өткөрүлүп жаткан “Мыйзамсыз жүргөндөр” операциясы Дүйнө чемпионаты 2018 башталардын алдында, майдын экинчи жарымында өткөрүлдү. Ага ЖККУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын кошулуусу мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча Орусиянын аракетин белгилейт.

2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Ведомстволор аралык ыкчам штабдын эл аралык кызматташтык борборунун өкүлдөрү менен 15-июнда болуп өткөн жолугушуусунда Владимир Путин чемпионат өткөн аралыкта бир дагы олуттуу окуя болбогонун абдан ыраазы болуу менен айтты.

Негизи, шундай эле иш-чаралар ЖККУнун деңгээлинде Орусияда дүйнө чемпионаты чейин эле өткөрүлүп келген. Буга чейинки “Мыйзамсыз жүргөндөр” операциясы эки этапта мурунку жылы өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча 158 миң миграциялык мыйзам бузуулар аныкталган, 1584 эл аралык издөөдө жүргөн адамдар кармалып, 4673 кылмыш иши жана 119 адам сатуу боюнча кылмыш иши козголгон. 2017-жылы башка кылмыштар боюнча 19 миң кылмыш иши козголгон, анын ичинде 3,9 миң наркотрафик боюнча жана 698 куралдарды мыйзамсыз сатуу боюнча козголгон.

Негизи 2008-жылдан берки ЖККУнун көзөмөлү астында өткөрүлүп жаткан “Мыйзамсыз жүргөндөр” операциясынын жыйынтыгында аныкталган миграциялык укук бузуулардын статистикасынан өсүүнү гана байкоого болот. Мисалы, эгер 2008-жылы биринчи “Мыйзамсыз жүргөндөрдүн” жыйынтыгы боюнча 79,2 миң укук бузуу аныкталса, 2009-жылы – 106,9 миң, 2013-жылы - 232 миң, 2014-жылы жана 2017-жылы – 158 миңден. Алардын санынын өсүүсү Орусияга КМШ мамлекеттеринен эмгек миграциясынын көлөмүнүн өсүүсүн көрсөтөт.

Чынында бул ишке КМШнын жана мурунку СССРдин бардык өлкөлөрү катышса жакшы болмок. Анткени, террористтик агым эч кимди четтеп өткөн жок. Бирок, азырынча саясий себептер мындай келечекти тумандуу кылып жатышат.

Булак: https://www.ritmeurasia.org/news--2018-07-18--odkb-beretsja-za-nelegalov-37550

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8