Кыргызстандык кыздар Орусияда окуу жөнүндө: “Жакшы окугандар менен активисттердин стипендиясы 20 миң рублга чейин жетет”

“Эң жогорку стипендия – 20 миң рубль. Эң аз – “базалык” 1,5 миңдин тегерегинде”, - дешет Кыргызстандык студент кыздар Марал Мукашева жана Анеля Нурзатова. Алар Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясында окушат. Кыздар борбордон алыс орусиялык шаардын жашоосу тууралуу айтып беришти.

Жакшы окуу- пайдалуу

- Сиздер окууга акча төлөйсүздөрбү?

Анеля: Жок, биз бюджетте окуйбуз жана стипендия алабыз. Биз жаңы келген учурда жана биринчи семестр бүткөнгө чейин бардык чет элдиктерге 2,5 миң рублдин тегерегинде стипендия берчү.

Марал: Семестр бүткөндөн кийин алган баалардан улам беришет. Стипендияны төрткө жана бешке окугандарга гана берет. Жыйынтыктоочу сумма баллдардын санынан көз каранды. Баллдар бир эле жакшы бааларга эмес, коомдук иштерге да берилет. Окуудан тышкаркы рейтинг да бар, анда спорттук жетишкендиктер жана маданий иш-чараларга катышуулар эске алынат.

Анеля: Активдүү студенттер көбөйтүлгөн стипендия алышат. Семестр бүткөндөн кийин баллдарга карап туруп, бизди беш топ боюнча бөлүштүрөт.

Марал: Эң чоң стипендия – 20 миң рубль. Эң кичинекей – “базалык” 1,5 миң рублдын тегерегинде.

- Сиздер дагы иш-чараларга катышасыздарбы?

Анеля: Албетте. Бизди бир нече жолу Костромадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чакырышкан. Жакында эле биз ушул линия боюнча Ярославлга бардык. Мен ырдадым, кыздар бийлешти.

Ушул жылы Москвага барып келдим. Хор менен бардык. Славян жазуусунун жана маданиятынын күнүнө арналган иш-чараг катыштык. Бизден тышкары, ал жакта Орусиянын бардык региондорунан коллективдер болушту, биз Кострома областынын атынан бардык. Мен ошондо биринчи жолу Кызыл аянтта болдум.

Марал: Чоң курстун студенттери ар жылы кайсы бир шаарларга бара тургандыгын айтышкан. Жакында эле Нижний Новгороддо болдук. Абдан кооз тарыхый шаар.

Биздин балдыр жеңил атлетика жана күрөш менен алектенишет. Академиянын алдындагы бардык спорттук секциялар бекер. Балдаркы мелдештерге Орусиянын башка шаарларына алып барышат. Жеңиүүчүлөргө жеңилдиктер берилет.

- Акчаны эмнеге коротосуздар?

Марал: Стипендия бергенде дароо жатакана үчүн төлөмдү кармап калат. Бул айына 640 рублды түзөт. Бул акчага бизге бөлмө берилет, биз жалпы ашкананы колдонобуз – алар бир кабатта экиден. Кэи даараткана жана бир душ бар.

Транспорт үчүн акча кереги жок. Баары студенттик шаарчада бар, кол жете турган жерде. Негизинен биз тамак-ашка акча коротобуз. Бул айына 3-4 миң рублдын тегерегинде.

Анеля: Эгер үнөмдөсө – андан да аз кетет. Бирок, биз кээде киного барабыз, же кандайдыр бир таттууларды сатып алабыз.

“Бош убактыбыз абдан аз”

- Окуудан тышкары сиздер эмне менен алктенесиздер?

Анеля: Мурда баскетболго барчубуз, бирок кийин аны таштап койдук. Азыр менен хор ансамблине барам. Негизинен биз сабактарды окуйбуз, бош убактыбыз абдан аз.

Марал: Эгер биз бул жакка келген болсок, анда биринчи кезекте окушубуз керек. Эс алууга үйдөн желе жетишмекпиз. Бирок, бош убакыт болгон учурда, мен Волганы бойлоп сейилдегенди жана сууну караганды жакшы көрөм. Абдан кооз. Бирок, бул жылуу болгон учурда, жазында гана. Кышкысын абдан суук болгондуктан, эч жакка чыккың кылбейт.

Суук түшкөн учурда мен шок болуп калдым. Кар көп, күн жок жана суук шамал. Ысык-Көлдө бир кышта бир нече жолу эле кар жаайт жана ал дароо эле ээрип кетет. Ал эми бул жакта андай эмес экен. Кат адам бою жаады. Ошондуктан, жайкы каникулда үйгө барып, күнгө кактанабыз.

Анеля: Дагы жакшы, имараттардын ичи жылуу. Бизди кыш суук болот деп эскертишкен, бирок биз башында анчалык ишенген эмес элек.

Марал: Биз жылуу климатка көнүп калганбыз да, андыктан Костромада негизинен жылуу болот го деп ойлогонбуз. Ошондуктан, жайкы кийимдерди көп, ал эми жайкыларды аз алып алганбыз. Эми ыжлуу кийимдерди алып келүү керек. Биздин кийимдердин көбү ак жана бут кийимибиз жамгырлардан жана ылайдан тез кир болот.

“Биз кышкысын лыжада жүрөбүз. Аларды абдан жаман көрөм”

- Сиздерге баарынан да эмне жагат?

Анеля: Лыжаны абдан жаман көрөм. Мен кыргызстандан келгендигиме карабай, лыжа тепкенди билчү эмесмин. Ушул жерде үйрөндүм. Кантип үйрөндүмбү?.. Азырынча түз турганды гана билем, жылып жүрүүм анчалык жакшы эмес. кышында дене тарбия сабагында лыжа тебебиз. Кар жокто – чуркайбыз.

Суук абадан тамагым тез-тез ооруйт. Мындай климатка көнүү кыйын.

Марал: Бизде климатка көнүү абдан оор болуп өттү. Биринчи жарым жылда дээрлик ар жумада ооруп аттык. Олуттуу эч нерсе эмес, кадимки суук тийүү, бирок ал убакыттын аралыгында дары-дармекти көп ичтик.

Анеля: Мен үйдөн эки баштык дары алып келгем, бирок аларды жарым жылда ичип бүттүм.

“Ысык-Көлдүн ордун толуктадык, а бирок тоолорду сагындык”

- Баарынан да эмнени сагындыңар?

Марал: Тоолорду жана ашкнаны. Биз Ысык-Көлдү сабынабыз деп ойлогон элек. Биз кичинекейибизден эле сууга көнүп калганбыз. Биз бул жакка келип Волганы көрдүк. Абдан кооз дарыя, өзгөчө күн батып бараткан учурда. Карап, суктанып эле турууга болот, дээрлик үйдөгүдөй.

Анеля: Бул жердин өзүнүн сулуулугу бар. Абдан кооз, мындай үйлөр жок. Мен абдан тоолорду сагындым. Дагы деле жатаканадан чыгып, тоолорду издей берем, а алар жок. Биринчи жок куру жерди көргөндө шок абалда калдым.

Мындан ытшкары, мага үйдүн тамагы жетишпей жатат. биз лагман жасайбыз, бирок күн сайын эмес. үйгө барсак, сүйгөн тамактарыбызды жейбиз. Анан да өзүбүз менен жакшы көргөн тамактарыбызды – кыям, бал, чучук ала келебиз.

Марал: Мен Костроманы сагынам деп ойлойм. Кышында үйгө барган кезде бир жумада эле сагынып кеткем. Кайра келгим келген. Мен бул жерге көнүп калдым.

Анеля: Мен дагы каникулда сагынам го.

Булак: http://stanradar.com/news/full/30224-kyrgyzstanki-ob-uchebe-v-rossii-u-otlichnikov-i-aktivistov-stipendija-dohodit-do-20-tysjach-rublej.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8