Юрий Ануфриев: Терроризмди бир гана ракеталар менен жеңүү мүмкүн эмес

АКШнын тышкы саясаты терроризмге каршы турууда кошумча кыйынчылыктарды жаратат, деп эсептейт серепчи.

Терроризмди бир гана ракеталардын жардамы менен жеңүү мүмкүн эмес, деп “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун президенти Юрий Ануфриев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн терроризмге каршы форумунда билдирди.

Анын сөзү боюнча, Батыш демократиясы менен араб монархиялары тарабынан жасалган “гибриддик согуш” Жакынкы Чыгыш менен Африкада сегиз жылга созулуп келет, ошондой эле Ирак жана Сириянын таасирдүү аймактарын “Ислам мамлекети” менен басып алуу ийкемдүү тармактуу түзүмдү түзүүнү камсыз кылды.

“Терроризмди бир гана ракеталык соккулар менен жок кылуу мүмкүн эмес, себеби анын пайда болушу эл аралык кылмышкерлер менен оңой акчага суусагандар тарабынан колдоого алынган”, - деди Ануфриев.

Фонддун башчысы “глобалдык жетекчилик” жана “глобалдык үстөмдүк” концепциясы бүгүнкү күндө АКШнын негизги тышкы саясаты терроризмге каршы күрөштө кошумча кыйынчылыктар жаратарын баса белгиледи.

“Муну менен катар ири чексиз мейкиндиктеги алсыз бытыранды дүйнөдө басымдуулук менен жетекчилик кылуу алда канча ыңгайлуу... Бир убакта дүйнөлүк алдыңкы бир нече оюнчулар Жакынкы Чыгыштагы жоопсуз “геосаясый инженериясына” киришкенин эстен чыгарбаш керек”, - деп билдирди.

Булак: http://enw-fond.ru/den/8416-yuriy-anufriev-pobedit-terrorizm-odnimi-raketami-nevozmozhno.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8