Кыргызстандын айыл жашоочулары окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерди ачууну суранып жатышат

Орус тилин Кыргызстандын региондорунда өнүктүрүү керек, ал өлкөгө керек жана муну жашыруунун кажети жок.

Мындай көз карашын республиканын парламентинин СДПК фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Саясатчынын сөзүндө, Кыргызстанда орус тили чоң роль ойнойт.

“Борбордо миллиондон ашык адам жашайт. Окутуу борбордогу мектептердин 80 пайызында орус тилинде жүргүзүлөт. Буга өлкөдө кыргыз тилине караганда, орус тилиндеги китептер менен сапаттуу окуу программалары себеп болуп жатат.

Зулпукаров өлкөдө кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн орус тилинен баш тартпоо керек, ал эми тескерисинче орус тилине көбүрөөк көңүл бөлүү зарыл деп эсептейт. Мамлекеттик тилде сабактарды окутуунун материалдык базасында көйгөйлөр бар экендиги жашыруун эмес”, - деп тактады.

“Бишкекте бул боюнча көйгөй жок, бирок региондордо бар. Мисал келтирейин. Мен Ош областынын Ноокат районунда көп болом. Бул өлкөнүн түштүгүндө. Мектептерде орус тилинин ролун күчөтүү боюнча ата-энелер тарабынан көп сунуштар түшөт. Себеби, буга байланыштуу райондордо жана айылдарда көйгөйлөр бар. Эгер ал жакта мугалимдер жетиштүү болсо, анда орус тилин үйрөткөн мектептердин санын көбөйтүү керек”, - деп белгиледи ал.

Парламентарий Исанов айыл округунун жашоочусунан айылга орус тилдүү мектеп ачуу жөнүндө сунуш келип түшкөндүгүн мисал катары айтып өттү.

“Өкүнүчтүүсү бул суроонун чечилиши азынча ордунан козголо элек, анткени бул үчүн ылайыктуу инфратүзүм жок. Ушундай эле суроо-талаптар Гулистан айылынан, райондун борбору Ноокат шаарынан келип түшүүдө”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, орус тили Кыргызстанда расмий макамга ээ – бул пункт республиканын Конституциясында жазылган.

Көптөгөн кыргызстандык мектептер менен жогорку окуу жайларда окутуу орус тилинде жүргүзүлүп келет.

Булак: http://pikir-klub.kg/aktualno/1114-zhiteli-sel-kyrgyzstana-vse-chasche-prosyat-otkryt-shkoly-s-russkim-yazykom-obucheniya.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8