Тажикстандагы кризистин экономикалык түбү

5-августта Тажикстандын өкмөтү импортту кыскартып, өздөрүнүн суроо-талабын камсыз кылуу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Премьер-министр Кохир Расулзода сөз сүйлөп жатып жаңы саясаттын башкы максаттарынын бири дан-эгиндерди жана эт-сүт азыктарын эске алуу менен өлкөдөгү айыл-чарбаны өнүктүрүү экенин баса белгиледи. “Импорттон болгон көз карандылыгыбызды төмөндөтүү керек. Себеби республика аз өлчөмдө гана өстүрбөстөн экспорттоочу өлкө да болуп келген”,- деди ал.

Эл аралык соода чийки заттарга болгон  баанын 2014-2015-жылдардагы кескин төмөндөшү ички дүйнө боюнча рынокторду өнүктүрүү “модасын” алып келди. 2014-жылдын июнь айынан баштап 2015-жылдын ушул айына чейин күйүүчү майга болгон баа 66%, жез 16,5%,  палладий  15,2%, алюминий  8,4% төмөндөгөн. Баанын төмөндөшүнүн көбү май айына туура келип, ушул жылдын август айларында гана баанын төмөндөөсү токтогон. Дүйнө кайра иштетип чыгуудагы классикалык кризиске туш болуп, бул процесс өткөн кылымдагы экономикалык депрессияга жана 2009-жылдагы кризиске окшош болду..

Кытай,Орусия жана башка бир топ мамлекеттер ички рынокту өнүктүрүү менен импортту азайтууга өтүштү. Тажикстандын алардын катарында болуу аракети логикага туура келет жана аны күтсө болот.

Акыркы жылдары республикага башка жактан ташылып келген товарлардын саны көбөйгөн. 2009-жылы анын баасы 2,6 млрд долларды түзсө, 2014-жылы 4,3 млрд доллар болгон же Ички дүң продукцияга карата 47,2 пайызды түзгөн. Бирок бул статистикага Кытайга ташылган чийки зат кирбейт.

Учурда импорттогу товарларды экспорттун эсебинен алуу үчүн валютага болгон суроо талапты канааттандыра албай келет. Анын көлөмү 2014-жылы 1 млрд доллардан ашкан эмес. Тышкы соодадагы төмөн сальдону Тажикстан Орусиядагы жана Казакстандагы эмгек мигранттарынын которгон каражатынын эсебинен жабып келет. Маалыматтарга ылайык, учурда ал ИДПнын 33 пайызын түзөт.

Тышкы соодадагы дефицитти жумушчу күчтү экспорттоо менен жабуу Молдавия, Армения, Кыргызстанга да тиешелүү. Бирок мындан коркунуч жоголуп кетпейт. Себеби жумушчу күчтү камсыздап жаткан өлкө башка мамлекеттердин экономикасынан көз каранды болушса, экинчиден, эмгек миграциясы ички өнүмдүн начарлашына алып келип, рынокту башка өлкөлөр басып алышат.

Биринчи маселе Орусиядагы 2014-2015-жылдардагы кризисте абдан сезилди. Тажикстандын улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2015-жылдын биринчи арымында которулган каражаттардын саны 289 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул эле убагына салыштырмалуу 42,4 пайызга аз болгон. Мындай төмөндөө өлкөнүн тарыхында биринчи жолу болуп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Себеби 2008-2009-жылдардагы кризис учурунда төмөндөөнүн көлөмү мынча көп эмес болчу. Анын үстүнө учурдагы кризистин өтүп кетүүсүн күтүү менен эле абал оңолуп кетпейт. Себеби Орусиядагы жол куруу, коммуналдык-турак-жай тармагында иштөө үчүн Кыргызстандан жана Армениядан келген мигранттар арасында атаандаштык жаралган.

Учурда бул Тажикстандын эмгек мигранттарынын 11,8 пайызга азайышына алып келген. Республикадагы эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, бул өлкө аймагында жумушсуздардын санынын көбөйүүсүнө алып келүүдө.

Тажикстанда импорт менен байланышкан маселе өтө курч турууда. Бул маселе улуттук банктардын насыя берүүсүндө өтө байкалат. Эгерде 2009-жылы чет өлкөлүк валютада берилген насыялардын саны көлөмү 30 пайызды түзсө, 2014-жылы 60 пайызга жеткен. Валютадагы эсептешүүдөгү кыйынчылыкка карабастан бул акчанын көбү чет мамлекеттен алынып келгинген товарларга төлөнөт, алар жергиликтүү рынокту ээле, улуттук өнүмдү сүрүп чыгарышууда.

Тажикстан өлкөдө калгандарга жаңы жумуш берип, абалдын курчушун жөнгө салып, бул абалдын чыга алабы? Бул жерде мүмкүн болбой турган эч нерсе жок. Стереотиптерге карабастан республика – жапайы талаа эмес. Анын энергетикалык тармагы абдан өнүккөн, ошондой эле алюминий чыгаруучу жана башка тоо кен ишканалары түндүк аймагында орун алган. Мисалы, сурьма жана сымап Зарофшон суусунун жанында алынат, ал эми коргошун-күмүштү болсо Адрасман комбинаты казып алып, иштетет. Ошондой эле Исфарада гидрометаллургиялык комбинат бар, ал жакта сейрек кездешүүчү металлдарды, барий менен ванадийди иштетишет. Айрым өнөр-жай долбоорлордун келечектүү экени ЕАЭБдин алкагында Кытайдан келген инвестиция тастыктап турат. Кытай компаниясы Пакрут аймагында жайгашкан алтын кенин иштетүүну пландоодо. Ал эми орусиялык компания болсо Такоб металлургиялык комбинатынын өнүгүү долбоорунда катышып келет.

Биз санап өткөн өнөр-жай ишканалары адамдардын баарын иш менен камсыз кыла албайт. Бирок Тажикстанда жеңил өнөр-жай дагы өнүккөнүн айта кетиш керек. Өлкөдө бул тармакта иштеген ондогон ишканалар бар: 17 ийрүүчү, 16 тигүүчү, 3 байпак чыгаруучу фабрика, 2 килем чыгаруучу фабрикалар бар. Аймактык бизнестин өкүлдөрүнүн айтымында, бул өнүмдөрдүн сапаты Түркиядан жана Кытайдан алынып келинген товарлардан төмөн, бирок Тажикстандын кийим рыногу үчүн “бюджеттик” товарлар жашоочулардын жана КМШ өлкөлөрүнүн сатып алуучулары үчүн ыңгайлуу.

Ошондой эле өлкөдөгү айыл-чарба тармагы дагы абдан маанилүү роль ойнойт. Бул тармакка Орусиянын өкмөтү дагы кызыгууда. Ал ИДПнын 21 пайызын түзөт, бул тармакта эмгекке жарамдуу калктын 60 пайызы иштейт. Ошондой эле бул тармак улуттук экономикада лидер болуп саналат. Евразия өнүктүрүү банкы Тажикстандын экономикасы тууралуу докладында пахта жана дан эгиндерин өстүрүүдөн жашылча-жемиштерди өстүрүүгө өтүү керектигин билдирген. Ошондой эле сүт азыктарын чыгаруу келечектүү экендиги белгиленет.

Эске сала кетсек, учурда дүйнөлүк рынок “девальвация парадына” туш болгон, ал Тажикстандын негизги өнөгү болгон Кытайда жана Орусияда да болууда. Тажик сомонисинин инфляция болуусу орточо калыпта турууда, ал эми валюта өзү болсо май жана август айларында рублга карата бекемделди. Учурда 10,6 рубль 1 сомонге барабар болуп калды. Сомонинин юаньга карата көтөрүлүшү августтан соң болду жана рыноктогу конъюнктурага таасир бере баштады.

Учурда банк системи дагы маселе жаратууда. Себеби банктар акыркы 5 жыл ичинде улуттук бизнести коргоонун ордуна импортту насыялоого өттү.

Булак: http://stanradar.com/news/full/17913-ekonomicheskoe-dno-krizisa-v-tadzhikistane.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8