"Ислам мамлекети" менен күрөшүүчү глобалдуу коалиция жана Борбордук Азия

Учурда глобалдуу анти-терросристтик коалициянын жаңы катышуучуларынын чогулуп жаткан учуру.

Ислам мамлекетине каршы аракеттенүүчү Эл аралык коалициянын келечеги кандай? Борбордук Азия мамлекеттеринин кошулушу менен ал кеңейеби? Бул нерсе аймактагы өлкөлөргө керекпи?

Коалиция жана анын келечектеги мүчөлөрү

2015-жылдын 10-сентябрында АКШнын президенти Барак Обаманын демилгеси менен түзүлгөн глобалдуу коалицияга бир жыл болот. Ислам мамлекетин жок кылуу максатын коздөгөн коалицияга кирүүгө 60ка жакын өлкө макул болгон. Тизмедеги көпчүлүк араб жана Европа өлкөлөрүнөн турат. Борбордук Азиядагы өлкөлөр бул тизмеде жок болчу.

Бирок сунуш түштү. АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысы Даниель Розенблюм аны 27-августтагы Ташкентте болгон сапарында билдирди. Ушул эле күндөрү АКШнын борбордук башкаруусунун генералы Ллойд Дж.Остин да Душанбеде болчу. Бул көрүнүш АКШ Тажикстанга ушундай эле сунуш киргизбеди бекен деген пикирлерди жаратты. Ислам мамлекетин бомбалоого даяр экенин билдирген Түркия мамлекетинин президенти Режеп Эрдоган дагы глобалдуу коалиция тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен дагы сүйлөшүшү мүмкүн экенин четке кагууга болбойт. Бирок мындай жолугушуулар жана телефондогу сүйлөшүүлөр бат-баттан эле болуп турат. Ислам мамлекетине каршы күрөшүүгө чакырыктар мурун эле болуп келген, бирок эми гана глобалдуу анти-террордук коалициянын жаңы катышуучуларын чогултуу этабы башталды.

Бул коалиция жалпы коркунучка каршы турууда аскерий жактан колдоо көрсөтөт. Ошондой эле чет элдик боевиктердин киришине жана чыгышына тоскоол болот. Ислам мамлекетин каржылоого чек коёт.

Белгилей кетсек, бардык эле өлкөлөр коалиция аркылуу курал техникалар жана аскерлерди үйрөтүү менен колдоо көрсөтпөйт. Согуш болуп жаткан аймактардан алыс жайгашкан мамлекеттер, анын ичинде Борбордук Азия дагы аскерий эмес жактан көмөк көрсөтөт. Ал эми өзүнүн Инджирлик деп аталган аскерий-аба базасын берген жана Сирия менен болгон чек арасында “коопсуз аймак” түзгөн Түркия сыяктуу өлкөлөрдө аскердик аракеттер жүргүзүлөт.

24-августта Анкара Сирияда жана Иракта Ислам мамлекетин бомбалоого даяр экендигин расмий түрдө билдирди. Түркия Штаттарга өз аймагында сириялык боевиктерди даярдоого жардам берип, ошондой эле сириялык түркмөндөрдүн бригадасын колдоп гана эмес «Ахрар аш-Шам» сыяктуу радикалдуу топторду дагы колдоп келет. Ошол эле учурда акцент Ислам Мамлекети менен күрөшүүгө жасалып, Башар Асаддын режимин жок кылуу экинчи планга калып жатканы Түркияны канааттандырбай келет. Муну менен катар эле Туркиянын президенти Режеп Эрдоган Ислам малекетине каршы күрөштө курд боевиктери коалиция үчүн алмашкыс болуп каларынан сактанып келет. Себеби бул “Курдистан жумушчу партиясынын” лидери  каршы Абдулла Оджалан баштаган“курд сеператтарга” каршы Анкаранын сүйлөшүү позициясын алсыздантат.

Түркиядан сырткары коалиция үчүн Иран жана Орусия сыяктуу мамлекеттердин колдоосу абдан маанилүү. Эки өлкө тең коалициянын курамын Сириянын өкмөттүк аскерлеринин жана курддардын жана башка күчтөрдүн эсебинен  кеңейтүүнү сунуштап жатышат. “Путиндин планы” жана Ирандын сунушу Асадды Сириянын келечегинде калтыруудан кабар берет. Айрым Араб ММКЛарында Орусия Сирияда ЖККУнун күчтөрүнүн колдоосу менен операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканы тууралуу кабарлар тараган.

АКШ дагы айрым учурларда макул болуп жаткандай. Буга Түркиядан ракетага каршы коргонуучу  «Patriot», системин кайрадан Штатка жана Германияга алдырып жатканы далил. Ал системалар Асаддын күчтөрү тарабынан болгон ракеталык атаканы алдын алуу учун алынып келинген эле. Жалпысынан алганда Вашингтон үчүн коалицияга көп мамлекеттердин киргени маанилүү. Барак Обама азырынча америкалык аскерлердин көбүн киргизүүгө дайын эмес, ал башка өлкөлөрдүн колдоосун күтүп турат.

Борбордук Азия четте кала албайт

Аймактардагы оюнчулардын көбү сириялык көйгөйгө олуттуу карап, аны чечүүнүн өз жолдорун айта башташты. Маселе Борбор Азия коалицияга кошулуусу керекпи мына ушунда. Ислам мамлекетинин Борбордук Азия өлкөлөрүнө келтирген коркунучтарын четке кагууга болбойт, себеби өлкөлөрдөгү көптөгөн жарандар исламисттик топтордун тарабында согушуп жатышат.

Бир сөз менен айтканда ИГИЛди колдогондор Сирияга гана барышпастан аймактарда калып, Өзбекстан менен Тажикстандагыдай кылып Ислам мамлекетинин желектерин илип кетишүүдө. Ислам мамлекетинин глобалдуу медиа-компаниясы болсо Борбордук азия мамлекеттеринин көңүлүн өздөрүнө буруу аракетин дайым көрүп келет. Ал эми бул өлкөлөр болсо алардын пропагандасына өзүнүн жообун иштеп чыгуу аракетин көрүүдө.

Андан сырткары афганистандык жихад талаасында “Өзбектандын ислам кыймылы” Ислам мамлекетинин лидери Абубакру аль-Багдадиге ант берип жатып Ислам мамлекетинин филиалы болууга даяр экенин билдирген. Эске сала кетсек, аймакта биринчи жолу Ислам мамлекетинин боевиктерине каршы туруулар болгон. Мисалы, ушул жылдын июль айында жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында Ислам мамлекетинин бир катар тарапташтары жок кылынды. 2015-жылдын октябрь айында болуучу парламенттик шайлоо алдында Кыргызстандын бийлиги коопсуздук менен байланышкан ар бир маселеге кылдаттык менен мамиле кылып жатат. Өз кезегинде Казакстан Өзбекстан менен Кыргызстандын атайын кызматтары менен кызматташуу аркылуу даярдалып жаткан терракттардын көбүн жоюуга жетишти.

ЖККУнун коллективдүү күчтөрү согуштук даярдыкка келтирилип, башкы катчысы Николай Бордюжа уюмдун мүчөлөрү Ислам мамлекети жана талибан сыяктууларга каршы турууга даяр экенин дайыма айтып келет.

Коалициянын кеңейиши – географиянын кеңейгениби?

Жогоруда айтылган окуялар чоң оюнчулар болгон АКШ, Иран, Орусия жана Түркия мамлекеттеринин тил табышуусу Ислам мамлекети бардыгына олутту коркунуч жаратып жаткандыгынан кабар берет. Бул күчтөр эми согуштун ролу жана анын ыкмалары тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек, бирок бул Ислам мамлекетин бат эле жок кылат дегендикке жатпайт. Мунун баары бир канча убакытка созулушу ыктымал. Себеби көпчүлүк мамлекеттер коалицияга кошулуу сунушун кабыл ала калбайт, балким бул Афганистандан алган сабактан улам да болушу ыктымал.

Афганистандын тажрыйбасы терроризм менен күрөшүү каалаган натыйжаны бербестигин көрсөтүп турат. Бул кайрадан жек көрүүнү жаратып, жүздөгөн жөнөкөй жарандардын жашоосун талкалоодо. Афганистан коңшулар үчүн чоң “баш оору” болуп турат жана Сирия сыяктуу масштабдуу маселенин пайда болуусу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин ММКлары аркылуу абдан тез-тез чагылдырылышы аймактагы мамлекеттердин маселе тууралуу ун катпай коюусуна жол бербөөдө. Ал ортодо Афганистандагы окуялар кандайча өнүгөрү белгисиз, ошондуктан Борбордук Азиядагы мамлекеттердин саясатчыларынын стратегия тандоосун кыйындатууда.

 Бир чети Ислам мамлекети Афганистан менен биригүүгө аракет кылып, сирия жана афган фронту бир бүтүн болуп, аймактык чек аралар жокко чыгарылып жаткандыгы тууралуу да кептер айтылууда. Эгерде Сирияда Ислам мамлекети менен күрөшүү болсо, анда Афганистандагы Ислам мамлекетин коркунучсуз кылууга эрк керек болот. Эгерде глобалдуу коалиция бардык күчүн жана ресурсун Сириядагы кармашка жумшаса, Анда Афганистан менен көбүнчө Түштүк Азия, Борбордук Азия, Орусия, Кытай жана Иран мамлекеттери иш алпарышы керек болот. Ал эми Иран учурда Сириядагы, Ирак менен Йемендеги кагылышуулар менен алек болууда. Эгерде Орусия ишке киришсе Украина менен болгон маселеси чечиле элек болгондуктан өз күчүн жана ресурстарын фронтторго бирдей  бөлүштүрө албай калат. Ал эми Кытай болсо Афганистандагы абалды турукташтыруу менен алек, ага көптөгөн аракеттер жана жөндөмдүүлүк керек, бирок ал азырынча Пекинде жокко эсе.

Жогорку келтирилген мисалдардан улам Борбордук Азия Ислам мамлекетине каршы коалицияга кошулса дагы, кошулбаса дагы коркунуч бар экендигин билдирет. Бул Афганистанга аз көңүл бурулганынан көз карандды. Себеби Сириядагы Ислам мамлекетине каршы күрөш бара-бара өзүнө бардык көңүлдү бурдуруп алат.

Андан сырткары Сирияга болгон көңүлдүн бурулушу, аймактагы өлкөлөрдүн ички маселесине көңүл бурбай коёт дегендикке жатпайт. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн көз карандысыздык жылдарында жаңы, билимдүү муун түзүлдү. Алар өздөрүнө тең боло турган тармакты таппай келишет. Көрсөтүлгөн бардык маселелер коомдо болуп жаткан адилеттүүлүк принцибинен келип чыгууда. Ошондуктан радикалдашуунун тамырын Сириядан эмес, Афганистандан эмес Борбордук Азиянын ичинен издөө зарыл.

 

Булак: http://www.stanradar.com/news/full/17871-globalnaja-koalitsija-po-borbe-s-islamskim-gosudarstvom-i-tsentralnaja-azija.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8