Донорлор Тажикстандын айыл-чарба жана ирригация тармагын каржылоону азайтышууда

 

Тажикстандын ирригациялык системине жана айыл-чарба тармагына тыштан келген жардамдардын саны азайганын Тажикстандын инвестиция жана мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Булактын маалыматына ылайык, 2015-жылы бул тармактарга келген жардамдардын көлөмү 37,1 миллион долларды түзүп, 2014-жылга караганда 21 пайызга аз болгон. Өткөн жылы сырткы донорлор бул тармакка 46,7 миллион доллар беришерин билдирип, бирок иш жүзүндө 36,4 миллион доллар бөлүшкөн.

Ошондой эле мамлекеттик комитет келерки жылы сырттан келген жардамдардын саны эки эсеге кыскарарын билдиришип, 2014-жылга салыштырмалуу 17 миллион долларга аз болорун белгилешкен.

Гранттык жардам менен катары эле насыя түрүндө берилген жардам да төмөндөөдө. Бирок гранттык түрдө келген жардамдар насыя түрүндө келген жардамдардан көбүрөөк”,- деди булак.

Маалыматка ылайык, айыл-чарба жана ирригациялык системге берилген жардамдын көбүн былтыркы жылы Бүткүл дүйнөлүк банк көрсөткөн (10 миллион доллардан көп). Бул аталган тармакка көрсөтүлгөн жалпы  жардамдын 11,3 пайызын түзөт. Андан кийинки орунда жардам көрсөтүү боюнча Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлиги (4,1 миллион доллар), Араб экономикалык өнүгүүнүн Кувейт фонду (3,1 миллион доллар), Ислам өнүктүрүү банкы (2,7 миллион доллар), Германиянын өкмөтү (2,4 миллион доллар), Азия өнүктүрүү банкы (2,1 миллион доллар).

 

Булак: http://stanradar.com/news/full/17923-donory-snizhajut-pomosch-selskohozjajstvennomu-i-irrigatsionnomu-sektoru-tadzhikistana.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8