Дмитрий Евстафьев: Евразиялык биримдиктин экономикалык өнүгүүсү жана коопсуздугу үчүн жаңы чечим

2018-жылы Евразиялык экономикалык биримдикте төрагалык кылуу Орусияга өткөн. Биримдиктин үч жылдын ишинин жыйынтыгы боюнча ЕАЭБде жетишилген биринчи ийгиликтерди белгилесе болот. Ошондой болсо да, 2014-жылдын 29-майында Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимде коюлган потенциал али толук деңгээлде ишке ашырыла элек.

“Евразиялык бештиктин” экономикалык жашоосундагы “оюндун эрежелерин” унификациялоо болгон ЕАЭБ долбоорунун өзөгү бойдон кала берет. Орус-белорус серепчилер клубу жана интеграциянын келечегин изилдөө борбору, экономиканын жогорку мектебинин профессору Дмитрий Евстафьев тарабынан биргелешип даярдалган “ЕАЭБдин өсүү чекиттери: экономика, коопсуздук, коом” деген темадагы аналитикалык баяндамасын сунуштайбыз. Автор ЕАЭБди бекемдөө үчүн төмөнкү максаттарга жетүү зарыл деп эсептейт:

1. Евразиялык интеграциянын эксперттик коштоосунун сапаттуу жаңы деңгээли. Эксперттер ортосунда “сүйлөшүүлөрдү жолго салуу” эле эмес, олуттуу жыйынтыктарга жетишүү да максат болушу маанилүү: бир эле илимий-аналитикалык эмес, “бюрократиялык” дагы, анын негизинде чечим кабыл алынышы мүмкүн.

Жогорку деңгээлдеги эксперттик топторду түзүү жолу менен кетүү дагы максатка ылайыктуу, алардын жогорку өкмөттөр аралык деңгээлде өз ишин жыйынтыктарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жана ыйгарым укуктары бар болот. Мындай топтордун ишинин моделдери жана механизмдери евроатлантикалык түзүмдөрдө, ошондой эле АКШнын жаыкныкы союздаштары жана Кытай менен болгон өз ара мамилелеринде да кыйла жакшы иштелип чыккан.

2. Экономикалык жана саясий процесстердин реалдуу баасынын негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө минималдуу кыска мөөнөттүү, а жакшысы узак мөөнөттүү биргелешкен экономикалык пландоону камсыз кылуу. Куралы – түрдүү мурунку советтик өлкөлөрдө ички саясий атаандаштыктан көз каранды болбогон мамлекеттер аралык маалыматтык-аналитикалык жана болжолдоо борборлору. Максаты – интеграциялык процесстердин стратегиясы боюнча жаңы консенсусту иштеп чыгуу.

3. Региондун финансы рынокторунда криптовалюталарды айлантуу жөнүндөгү маселени кошкондо санариптик экономиканы өнүктүрүүгө катара бирдиктүү мамиле. Бирдиктүү өлкөлөр ортосундагы мамилелерди түзүү келечектүү глобалдуу рынокторго аларды жайылтууга мүмкүнчүлүк берет – аз дегенде Орто Чыгышка жана Түштүк Азияга. Максатка ылайыктуу деп төмөнкүлөр эсептелет:

• 3D‑басып чыгарууга адистешкен Евразиялык технологиялык борборду түзүүнүн мамлекеттер аралык (алгач ЕАЭБдин алкагында) долбоорунун уюштуруучулук даярдыгы

санариптик технологияларда коопсуздук жана форматтуу конвергенция маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги эксперттик жумушчу топ түзүү.

4. ЕАЭБ (мүмкүн КМШ) өлкөлөрү үчүн негизги болгон экспорттук товарлардын түрлөрү боюнча антидемпинг макулдашуулар, баарынан мурун сырьелук (көмүртектүү суутектен башка металлдын, жыгачтын, текстилдин сырьелорун жөнгө салууга болот). Максаты – сырткы рыноктордогу товарлардын түз атаандаштыгын алып салуу, алардын ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн позициясын сактап туруу жакынкы жылдары абдан маанилүү болот. Мындай макулдашуу эркин соодалашуунун жана инвестициялык интгерациянын кеңейтилген макулдашуусунун “нөлдүк фазадагы” элементи болушу мүмкүн. Мына ушундай кадам ЕАЭБдин жакынкы фазалык өнүгүүсүндө көрүнүп турат.

Мындай макулдашууларга жетишкен учурда нефтини казып алууну кыскартуу жөнүндө ОПЕК-Орусия диалогунун жүрүшүндө апробацияланган сүйлөшүү жүргүзүү модели колдонулушу мүмкүн. Алынган тажрыйба көрсөткөндөй, мындай макулдашууларды принципиалдуу мүмкүн эмес деп деп эсептөө мүмкүн эмес. Экспорттун товарлардын жана рыноктордун өзгөчөлүгүнөн улам ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдындагы тапшырмалар, нефти боюнча бүтүмдөргө караганда, кыйла масштабсыз болот.

5. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирдиктүү логистикалык стратегиясын иштеп чыгуу. ЕАЭБ жана КМШ аймагында түрдүү логистикалык долбоорлордун атаандаштыгынын курчушу боло турган нерсе. Бирдиктүү стратегия логистикалык долбоорлордун регионалдык эмес катышуучуларынын өз ара аракеттешүүсүнүн чегин бериши мүмкүн (Кытай, Индия ж.б.), алар ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына зыян келтирбейт.

Стратегия мурунку советтик аймактагы логистикалык долбоорлордо оператордун функциясын ишке ашырууда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн чыккан компаниялардын артыкчылыгын, ошондой эле логистикада жалпы евразиялык мыйзамдын артыкчылыгын бекемдеши мүмкүн.

Евразиянын логистикалык, сөзсүз, аймагы атаандаштыктын аймагы бойдон кала бериши керек, бирок максаты атаандаш-өнөктөштү талкалоо же региондунг чегинен сырткаркы еөзөмөлдөөчү оюнчулардын экстерриториалдык “логистикалык анклавын” түзүү болбош керек.

6. Экономикалык ишмердүүлүктү бирдиктүү камсыздандыруу саясаты жана экономикалык тобокелдиктердин зыянын алмаштыруу. ЕАЭБ регионуна байланышкан экономикалык тобокелдиктерди ачык улуттук камсыздандыруу системасы жана портфелдик инвесторлордун тобокелдиктерин жарым-жартылай хежирлөө жергиликтүү негизде камсыздандырууну жана инвестициялык бизнести өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү бериши мүмкүн. Мындай чараларды мыйзамдуу деңгээлде иштеп чыгуу жана кабыл алуу ЕАЭБдин экономикалык биримдигин бекемдөөнүн, регионду “ташып жок кылуунун” алдын алуунун маанилүү кадамы болуп калат. Евразиянын инвестициялык жагымдуулугун камсыз кылууда маалыматтык кампанияларга караганда кыйла натыйжалуу болот.

ЕАЭБдеги инвестициялык тобокелдиктерди баалоонун бирдиктүү методологиясын (моделин) иштеп чыгуу боюнча мамлекеттер аралык жумушчу топту түзүүнү иштеп чыгуу максатка ылайык болмок (бизнес, камсыздандыруу компаниялары, жөнгө салуучулар, мыйзам чыгаруучулар, серепчилер). Бул бир эле камсыздандыруу маселелерин чечүү үчүн эле эмес, Евразияда бирдиктүү инвестициялык аймакты түзүү үчүн дагы маанилүү. Ал жаңы өнөр жай долбоорлорун ишке киргизүү үчүн зарыл.

7. Жаңы коммуникациялык платформаларды колдонуу менен биргелешкен маалыматтык долбоорлорду ишке киргизүү. ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн артыкчылыктуу бир катар региондордун геоэкономикалык өнүгүү (“келечектин образы”) проблематикасы боюнча эксперттик күн тартибин колго алуу маанилүү.

Ошондой эле төмөнкүлөр максатка ылайыктуу:

• балдарга жана өспүрүмдөргө бузуучу маалыматтык таасир берүүгө каршы туруу боюнча, анын ичинде жаштарды бузуучу секталарга жана экстремисттик чөйрөлөргө каршы туруу максатында жогорку деңгээлдеги жумушчу топ түзүү;

• маалыматтын таралуу эркиндигин камсыз кылуу жана маалыматтык манипуляцияларга каршы туруу боюнча парламенттер аралык эксперттик топ түзүү; ар жыл сайын маалыматтык форум өткөрүү, анда мониторингдин жана маалыматтык чөйрөнүн анализинин жыйынтыктары айтылат.

Коопсуздук чөйрөсүндө төмөнкү сунуштарды карап чыгуу максатка ылайыктуу:

1. Жалпы евразиялык мыйзамдын өзүнүн методологиялык негизинде бирдиктүү түзүү жолу менен жеке аскердик компанияларды (ЖАК) легалдаштыруу. Азыркы дүйнөдө ЖАКтын маанилүүлүгүн эске алганда, анын ичинде ири корпоративдик түзүмдөрдүн коопсуздугу үчүн, бул процесс башкарылбай калган режимге өтүп кетпешине жол бербөө маанилүү. ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр арасында ЖАКтын түзүлүү процессинин жана ишинин ачыктыгын камсыз кылуу зарыл.

2. Глобалдык жактан маанилүү логистикалык долбоорлордун коопсуздугун камсыз кылуу. Бул спецификалык аскердик потенциалды талап кылбашы мүмкүн, бирок саяси өз ара аракеттин жаңы деңгээлин жана атайын кызматтар менен укук коргоо органдарынын маалымат алмашуусун талап кылат.

3. Тобокелдиктердин матиторинг жакшыртылган системасын кошкондо терроризм менен күрөшүү боюнча биргелешкен оперативдүү жана аналитикалык борборлорду түзүү.

4. Экстремисттик ишмердик фактысын таануу үчүн критерийлердин методологиялык иштелип чыгышын кошкондо саясий экстремизм жана диний радикализм менен күрөшүү боюнча мыйзамдарды жакындаштыруу. Конкреттүү экстремисттик топтор жана айрым саясатчылар менен күрөшүү маселеси өнөктөштөрортосундагы саясий мамилени туруксуздаштыруунун булагы болгон кырдаалдардын алдын алуу маанилүү.    

5. Улуттук деңгээлде иштеген мониторингдин расмий түзүмдөрүнө кошумча бирлелешкен эл аралык жарандык мониторинг миссияларынын практикасын өнүктүрүү. Өзгөчө эл аралык чыңалуу очоктору менен чек аралаш ЕАЭБдин (ЖККУ) өлкөлөрүндө (Оогантан, Иран, Түркия, айрым шарттарда – Балкан жарым аралы ж.б.).

Катышуучулар — мамлекеттик эксперттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, жарандык коом, эл аралык сесрепчилер. Максаты – ЕАЭБ (ЖККУ) өлкөлөрү менен чек аралаш мамлекеттерде жана региондордо кырдаалга мониторинг жана божомол жүргүзүү, ошондой эле жаңжалдарды өнүгүүнүн алгачкы стадияларында жарындык жөнгө салуу.

ЕАЭБ (ЖККУ) өлкөлөрү үчүн маанилүү конкреттүү проблемаларга иштин нугун буруу керек, аны менен катар региондун чегинен сырткаркы өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу каржыланган иштин башкаруучулук мүнөзүн жоюу зарыл. Мындай системанын ишинин чегинде ЕАЭБге (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчылары ар жыл сайын баяндама даярдоосу максатка ылайыктуу. Сириядагы орусиялык каршылаш тараптарды элдештирүү боюнча борбордун иш тажрыйбасын көбөйтүү актуалдуу болуп саналат.

Булак: http://enw-fond.ru/ekspertnoe-mnenie/8116-dmitriy-evstafev-novye-resheniya-dlya-ekonomicheskogo-razvitiya-i-bezopasnosti-evraziyskogo-soyuza.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23