Семен Багдасаров: Кыргызстан Орусиянын чыныгы өнөктөшү

Орусия борбордук азия регионунун өлкөлөрүнө карат өзүнүн сырткы саясатын кайрап чыгышы керек. Бул тууралуу орус телеканалынын эфиринде Жыкынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүн изилдөө борборунну директору Семен Багдасаров билдирди.

Серепчи өзгөрүлүп бараткан геосаясий кырдаалда Орусия мурнук советтик өлкөлөрдүн баары менен бирдей иш алып бара албайт экенин белгиледи. Ал орусиянын сырткы саясий курсу өзгөрүлүшү керек – өнөктөштөр менен болгон мамиленги бекемдөө жана иш жүзүндө андай болбогон өлкөлөргө краажат жана күч жумшабоо керек деп эсептейт.

- Өнөктөштөр менен чын эле иш алып баруу керек. А бизде принцип кандай? Алар кайда качмак эле! Абдан жаман жана сандырак принцип. Мындай 90-жылдары болгон, анда мен ири кен казууга мүмкүн болгон жерлерге насыя берүүнү сунуш кылган элем, президенттин администрациясында деле – алар кайда бармак эле деп айтышкан. Кетип калышты. Калгандары дагы кайсы бир жактарга кетип калышат. Мен сиздерге алар кайда кетип жаткандыгынын 22 вариантын айтып бере алам, бирок кеңеш бергим келбейт, анткен менен алар өздөрү бул жөнүндө ойлоп жатышат, - деп белгиледи Семен Багдасаров.

Борбордук Азия контекстинде серепчи мындай суроо берди – Орусияга Тажикстандагы база керекпи? Анын пикиринде, акыркы жылдары орусиянын армиясына карата кыйла кордогон мамиле Тажикстандагыдай эч жерде болгон эмес.

- Дивизиянын штабын Тажикстандын борбору – Дүйшөмбүдөн кууп салуу, ооган чек арасына абдан жакын болгон Куляб полкун Кулябдан кууп салуу – бул тажик тараптын орусиялык армияны кандай кабыл алып жаткандыгынын көрсөткүчү. Биз ооган-тажик чек арасын жабуу керек деп айтабыз. Бирок, баңгазаттардын, куралдардын жана башкалардын негизги агымы бараткан жооптуу багытка биз ээлик кыла албайбыз. Анда бизге Тажикстандагы 201-базанын эмне кереги бар? – деп белгиледи серепчи.

Ошондой эле, Семен Багдасаровдун пикири боюнча, Орусия менен Тажикстандын соода-экономикалык мамилеси да өнөктөштөрдөй эмес.

- Мага Тажикстандын товар айлантуусунда Орусия биринчи орунда турат деп айтышса, мен андай эмес экенин жакшы билем. Чындыгында Орусия төртүнчү орунда турат. Мен кол алдымда иштегендер менен бул маселени карап чыкканбыз жана товар айлантуу формалдуу мүнөзгө ээ экенин аныктадык, мисалы кагаздар боюнча, алюминий жана пахта Орусияга жөнөтүлөт, бирок транзит менен гана, андан ары башка өлкөлөргө берет. Башкача йатканда, биз ал жакка акча жумшап жатабыз, ал жактан аларды эч убакта кайтара албайбыз. Дагы бир мисал – Сангтудин ГЭСи, анын 70 пайызы Орусияга, 30 пайызы тиешелүү, бирок бул дагы кайра эле формалдуулук. Электр энергиясы үчүн бизге эч ким акча төлөбөйт, биз бул кырдаал менен эмне кыла алабыз? Бул акылга сыйбаган, акмак саясат, - деп эсептейт Семен Багдасаров.

Ошондой эле, серепчи өзүнүн түз эфирде чыгып сүйлөгөн сөзүндө Орусия Борбордук Азияда чындыгында стратегиялык өнөктөш деп эсептей ала турган жалгыз республика болуп Кыргызстан саналарын белгилерди.

- Мен азыр Орусия бекем ишене турган башкы өлкө катары Кыргызстанды эсептейм. Баса, буаг чейинки президент Алмазбек Атамбаев бизге республиканын түштүгүндө – Ош жана Баткан багытында өзүбүздүн базаларды ачууну сунуштаган. Андай экен, буга чейинки каталарды эске алуу менен, өзүбүздүн саясий, экономикалык жана аскердик позицияларыбызды Тажикстанда эмес, Кыргызстанда күчөтөрбүз, аны азыр бир жагынан Кытай оп тартып баратат, бир жагынан америкалыктар күч алууда. Баары биздин туугандар – эскирип бараткан түшүнүк, азыр иш таптакыр башкача, - деп эсептейт орусиялык серепчи.

Ошол эле учурда, орусиялык кесиптештеринин билдирүүсүнүн кыргыз серепчилери кээ бир бөлүктөрүнө гана кошулары белгилешти. Ошентип, Кыргызстан Орусиянын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп саналарын Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов билдирди. Ал Орусия Тажикстандагы аскердик базасын сактап калышы керек деген оюн билдирди.  

- Тажикстан тууралуу айтсак, мен орусиялык серепчинин пирине толугу менен кошулбайм. Биз каршылашты алыскы аймактардан тосо алгандай болушубуз керек, ал эми ооган-тажик чек арасы – бул бардык Фергана өрөөнүнүн алыскы чеги. Ошондуктан, Тажикстанга орусиялык аскердик база керек, - деп белгиледи Токон Мамытов.

Ошол эле учурда, ал кыргызстандын түштүгүнө Орусиянын же ЖККУнун аскердик онтингентин жайгаштырууга “макул” экенин айтып өттү. Серепчинин пикири боюнча, Канттагы аскердик базанын республиканын түндүгүндө белгилүү багыты бар жана белгилүү бир маселелерди чечет, ал республиканын түштүгүндө жайгаша турган базадан айырмаланат.

- Экинчи базаны Ошто же Бишкекте ачуу жакшы дагы, туура дагы болмок. Бул кырдаал курчуп кеткен учурда ыкчам аракеттене алган тик учак эскадрильясы же штурмовиктердин бөлүгү болушу мүмкүн. Ал эми Ооган республикасынын ички саясий кырдаалды, андан улам ооган-тажик чек арасындагы абалды эске алганда, баары кырдаалдын курчушуна алып баратат. Тажикстандын чек ара аскерлеринин башкы командачысынын акыркы билдирүүсүнө ылайык бүгүнкү күндө ооган-тажик чек арасына жакын жети миңдин тегерегиндеги согушкерлер чогулуп калган, алардын ичине эки миңге жакыны – бул КМШ өлкөлөрүнөн чыккандар. Бул абдан чоң күч. Ошондуктан, кыргызстандын түштүгүнө база жайгаштырса абдан туура болмок, - деп эсептейт Токон Мамытов.

Ал учурда, анын пикири боюнча, бул маселеде Орусиянын жана ЖККУнун башка өлкөлөрүнүн ресурстарына крап иш кылуу керек, ошондой эле КМШ өлкөлөрү Ооагнстанда эмнени арттырууну каалап жатканын так түшүнүү жана мындан аркы чектердеги – Ооганстан менен борбордук азия республикаларынын алыскы чек араларындагы маселелерди чечүү керек.

Өз кезегинде кыргызстандагы ардагерлердин эл аралык ассоциациясынын “Альфа” атайын бөлүгүнүн президенти Юрий Погиба Борбордук Азиянын мурунку советтик республикалары тарыхый жактан Орусиянын басымы алдында турат жана мындай кырдаал сакталып калышы керек.

- Тарыхый жактан Борбордук Азия Орусиянын басымы алдында турары калыптанып калган. Ошол эле учурда бизге бул басым тааңыыланбай жатканын, ал региондун республикалары үчүн дагы, орусия тарап үүчн дагы өз ара пайдалуу экенин түшүнүү керек. Орусия – коорсуздук чөйрөсүндө борбордук азия регионунун негизги стратегиялык өнөктөшү. Биз практидан көрүп жаткандай, ЖККУнун жана ШКУнун чегиндеги бардык макулдашууларды сактап жатат. регионго негизги коркунуч Ооганстандан келүүдө, муну Өзбекстан дагы, Тажикстан дагы жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан, бул  өлкөлөр сакердик кызматташтык чөйрөсүндө бар гана Орусия менен кызматташууга чоң көңүл бурушат. Орусия туруктуулукту сактоодо жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылууда негизги фактор болуп саналат, - деп белгиледи Юрий Погиба.

Булак:http://region.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=2725%3A2018-05-08-18-58-24&catid=28%3Abezopasnost&Itemid=35

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23