Сириядагы табылгалар жашыруун британ лабораториясы жөнүндө эстөөгө аргасыз кылат

Солсберидеги Портон-Даун британ лабораториясынын химикаттары Сирияда табылгандан кийин ушул жашыруун объектинин инспекциясы маселеси актуалдуу болуп баратат. Бул лаборатория өзү эмнени элестетет жана эл аралык адистер тарабынан анын инспекциясына жетүү канчалык реалдуу болот?

Сириялык Думадагы (Чыгыш Гута провинциясы) химиялык курал сактоочу жайда Германиянын жана Солсберидеги Портон-Даун британ лабораториясынын химикаттары аныкталды. Бул тууралуу Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун (ХКТУ) алдындагы Сириянын туруктуу өкүлүнүн орун басары Гасан Абейд билдирди. “Башка жерден эмес, Солсбериден”, - деди Абейд.

Портон-Даун лабораториясы “Жаңылык” нервдик-паралитикалык затынын үлгүлөрү менен салыштыруу үчүн ХКТУга токсин бергенден кийин “белгилүү болду.” Лондон билдиргендей, “Жаңылык” заты менен британ чалгынчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия ууланган. Британиялыктар Скрипалдарды орусиялык өндүрүштөгү “Жаңылык” менен улаандарган деп жатышат. Бирок, мындай сөздөрдү тастыктаган бир дагы аныктама беришкен жок. Заттын үлгүлөрүн иликтегенден кийин ХКТУ ал нервдик-паралитикалык таасир берери аныкталды.  

Портон-Даундын башчысы Гэри Эйткенхед анын кол алдында иштегендер “Жаңылыкты” иштеп чыгышканбы деген британ журналисттеринин суроосуна жооп берген жок, бирок ууландыруу үчүн колдонулган зат Портон-Даунда иштелип чыкпагандгын белгиледи.

Жашыруун жер алдындагы аскердик Портон-Даун лабораториясы Солсбериден 12 километр алсытыкта Скрипалдар ууланган жерде жайгашкан. Объект бир кылымдан ашык иштеп келет, ал жакта Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда германияга каршы колдонуу үчүн химиялык куралдарды иштеп чыгуу жана сыноо иштери жүргүзүлгөн. Ачык булактардын маалыматы боюнча, 1949-жылдан 1989-жылга чейин лабораторияда адамдарга тажрыйбалар жүргүзүлгөн, тагырагы аларга жарым синтетикалык психоактивдүү заттарды берип, ал заттын психикага келтирген таасирене байкоо жүргүзүшкөн. 1999-жылдан 2006-жылга чейин лабораториянын ишине атайын текшерүү жүргүзүлгөн. Анын маалыматы боюнча, тажрыйбалардын катышуучулары 20 миң кишиден ашык болушу мүмкүндүгү аныкталган. 2006-жылы 500 ардагер ушул лабораториянын тажрыйбаларынан жапа чеккендигин билдиришкен.

Думадагы “химиялык чабуул” жөнүндө айта турган болсок, Орусия бир нече жолу бул бытыштын атайын кызматынын сирия бийлигин жок кылуу жана жергиликтүү объектилер боюнча канаттуу ракеталар менен чабуул жасоого шылтоо түзүү үчүн провокация болгонун билдирген.

Жакында эле ХКТУнун штаб-квартирасында Орусия жаңы жасалган “химиялык чабуулдун” күбөлөрү жана катышуучулары менен биргеликте брифинг өткөрдү, алардын катарында 11 жаштагы Хасан Диаб дагы болду. Ал “химиялык чабуул” болгон жерде анын үстүнөн кантип суу куйгандарын айтып берди. Жолугушууга бардык улултук делегациялар чакырылган. Бирок, ХКТУнун алдындагы орусиялык туруктуу өкүл Александр Шульгин билдиргендей, анын америкалык кесиптеши башкалар келбей коюуусу үчүн колунан келген аракетин жасаган.

Анын сөзү боюнча, “брифингде батыш өнөктөштөрдөн: француздардан, америкалыктардын, англичандардан эч ким болгон эмес. АКШ чындыкты угуудан коркот, алардын жалганын ачыктай турган кичинекей Хасанды көрүүдөн коркот”.

БУУнун биологиялык курал боюнча комиссиясынын мурунку мүчөсү Игорь Никулин Думадагы табылганы “Улуу Британия дээрлик Орусия жана Сирияга каршы жалган согуштун уюштуруучусу болуп саналат” деген сөздүн далили деп атады. “Бардык сириялык оппозиция Лондондо турат. Ушул оопозициянын биринчи көтөрүлүшүнөн кийин Лондондо Эркин сириялык армия пайда болгон. Ошондон тартып ошол жактан ушул фейктердин баары келүүдө. Көпчүлүк ушул постановкалардын режиссерлеру британдыктар бооуп саналат”, - деди Игорь Никулин.

Анын сөзү боюнча, Думадагы табылга Портон-Даундан келиши толук мүмкүн. “Портон-Даун – химиялык жана биологиялык куралды иштеп чыгуу жана түзүү боюнча Батыш Европадагы эң ири борбор. Аны 20 жылдан бери ХКТУнун инспектору текшере элек, а эгер текшеришсе, анда көптөгөн кызыктуу нерселерди табышмак”, - деп эсептейт Никулин.

Өз кезегинде химиялык куралдар боюнча серепчи, Ирак боюнча БУУнун мурунку инспектору Антон Уткин Думадагы табылга боюнча “Улуу Британияга суроо берилиши керек” деп эсептейт. “Кандай жол менен террористтин колуна мына ушундай сыяктуу курал тийип калат? Же алар түздөн-түз камсыз кылат, же экспортту контролдой албай калышты”, - деди Уткин. Анын сөзү боюнча, бардык аскердик маанидеги химиялык продукциялар ХКТУ тарабынан көзөмөлдөнөт жана сатуучу акыркы колдонуучуну билиши керек.

Анын маалыматы боюнча, Солсбери маркировкасы, тактап айтканда түтүн шашкаларында аныкталгандыгын Уткин белгилейт. “Башкача айтканда, британдыктар түтүн көшөгө үчүн аскердик компоненттерди жеткирип турабы? Улуу Британияда кайда эмне жөнөтүп жатканын көзөмөлдөшөбү?” – деп суроо берет серепчи. Ал шашкалар химиялык курал колдонгондой түр көрсөтүү максатында түтүн көшөгөсүн түзүү үчүн колдонуларын четке какпайт.

Никулиндин пикири боюнча, Думадагы табылгадан кийин Портон-Даунду эл аралык инспекциялоо боюнча маселе абдан актуалдуу болуп турат. Бирок, аны өткөрүү олуттуу аракеттерди талап кылат. Ал ХКТУнун жетекчиси болуп туруп Жозе Бустани бир эле Портон-Даунда эмес, бүтүндөй АКШнын аймагында инспекция уюштурууга аракет кылган.

“Ушунусу үчүн – БУУнун жана ХКТУнун уставын дээрлик бузду деп аны алып салган. Инпекция өткөрүү керек деген Бустанинин сөзүнөн кийин эле аны 2002-жылы АКШнын Ирактагы агрессиясы башталардын мурун өзүнүн ээлеген кызматынан кетүүгө аргасыз кылышкан. ХКТУну БУУ сыяктуу америкалыктар жана британдыктар узак убакыт бою өздөрүнө көндүрүшкөн, эми болсо колдон чыгаргылары келбей жатат. Ким өз алдынча иштөөгө аракет кылып, американын диктатына көнүүдөн баш тартса, аларды ал жактан алып турушкан”, - деп белгиледи Игорь Никулин.  

Химиялык куралга тыюу салуу жөнүндө конвеция инспекция өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Алар каалаган мүчө мамлекетте башка мүчө мамлекеттин суроосу боюнча конвецияны сактабоого тиешелүү каалаган маселени аныктоо жана чечүү максатында баш тартуу укугусуз өткөрүлүшү мүмкүн. Апрелдин башталышында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей ЛавровПортон-Даун лабораториясына тиешелүү маселелер тууралуу айткан эле.

Булак: https://vz.ru/world/2018/4/27/861841.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23