Борбордук Азия чабуул жасоого даяр болушу керекпи?

Орусия өзүнүн Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базаларынын аскердик даярдыгын жогорулатып жатат: чамасы, Ооганстандан башка жактардан да куркунуч пайда боло баштаса керек.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу ЖККУ боюнча Орусиянын өнөктөштөрү болуп саналган Борбордук Азия мамлекеттеринин аймагына Ооганстандын түндүк провинциясынан согушкерлердин кирип келишин болтурбоо боюнча анын ведомствосу кабыл алып жаткан чаралар жөнүндө билдирди. РИА Новости билдиргендей, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин Пекинде өткөн көңешмесинде Шойгу Кыргызстандагы жана Тажикстандагы орусиялык базалардын аскердик даярдыгын жогорулатуу жөнүндө билдирди.

“Аларды заманбап курал-жарактар жана аскердик техника менен жабдып жатабыз, ...региондогу биздин өнөктөштөрдүн куралдуу күчтөрүнүн аскердик мүмкүнчүлүгүн бекемдөөдө жардам көрсөтүп, аларды бирге колдонууну пландап жатабыз”, - деди ал. Күзүндө Казакстанда, Кыргызстанда, Орусияда жана Тажикстанда терроризмге каршы бир катар окууларды өткөрүү белгиленген.

Бирок, чамасы, Борбордук Азия жана Орусиянын чек арасы үчүн террористтик коркунучтар абдан жогору болсо керек, мындан улам Шойгу ШКУ мамлекеттеринин коргоо ведомстволорунун жалпы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аракеттерди бириктирүүгө чакырды. “Убакыт келди”, - деп түшүндүрдү ал. Пекинде орусиялык министр: келечекте ШКУ аскердик блок жана күчтөрдүн олуттуу борборуна айланышы мүмкүн экендигине басым жасады. 

Бирок, Орусия кайрадан Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өзүнүн аскердик базаларын күчөткөндөй Борбордук Азия үчүн эмне мынчалык тобокелдикти жогорулатты? Орусиянын коргоо ведомствосунун башчысынын маалыматы боюнча, ислам мамлекети терористтик уюмунун согушкерлери Сиряи менен Иракты талкалагандан кийин Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азияга оруп которуп, “ал жакта жаңы террористтик ячейкаларды түзүп жатат”. Бул базаларды күчөтүү үчүн жетиштүү. Анын үстүнө, террористтердин арсеналында эң эле заманбап куралдар бар. Шойгк айткандай, аны калк жыш жайгашкан райондордо колдонуу катастрофалык натыйжалара алып келиши мүмкүн. 

Жалпысынан, Борбордук Азия жана ага жанаша жайгашкан орусиялык региондор ачкы эле күчөп бараткан коркунучка туш болуп жатат. Биринчиден, Ооганстандын чек арасы жакта жайгашкан террористтердин так санын эч ким билбейт. Баадагы айырмачылык абдан чоң – согушкерлердин саны бир жарым миңден он миңге чейин жетет. Экинчиден, Ислам мамлекети өзү менен кошо унутулуп бараткан “Өзбекстандын ислам кыймылы”, Тажикстанда уюшулагн “Жамаат Ансарулла”, “Чыгыш Туркестандын ислам кыймылы” террористтик топторун ээрчитип келет. Акыркысы Кытайдын “өзүнө” коркунуч жаратат.

Ооганстандагы туруксуздуктун жана “Ислам мамлекетинин” пайда болуусунун чыныгы “күнөөкөрү” АКШ деген түшүнүктү Вашингтон четке кагып келет, анткен менен ал маселе эстен чыгарбаш керек. Бул өлкөнүн коопсуздугуна жоопкерчилик алып, бирок ал сөз жүзүндө гана калууда. Бул согушкерлердин Борбордук Азияга жана Орусиянын чек арасына кирүү аракети көп пландуу мүнөздү алып жүрөт. Андыктан, бул кадам АКШдан жана анын региондогу мамлекеттердин режимин алмаштыруудан коргонуу дегенди билдирет. Бул Ислам мамлекетинин өзүнө каршы турууга караганда кыйла олуттуу нерсе. Анткени, ал сырттан колдоо алып турат.

Мына ошондуктан, Шойгунун ШКУга кирген мамлекеттерди биригүүгө жана бирге аракеттенүүгө чакырган “үгүттөөсү” – жөн жеринен эмес. Ал реалдуу кандай үн катары башка иш. Эске салсак, Орусия жана Кытайдан башка ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия жана Пакистан мүчө болуп саналат. Башкача айтканда, анда төрт өзөктүк держава жана эбегейсиз чоң армия бар. Бир эле кытайда 2,2 миллион аскер кызматкерлери бар, индияда бир жарым миллиондон ашык, орусияныкы бир миллион, пакистандыкы 600 миңден ашык.

Бир сөз менен айтканда, ШКУнун жамааттык кубаты таң калтырбай койбойт, байкалып тургандай Орусияга анын жардамы керек. Кытай Борбордук Азия сыяктуу жарылууга кооптуу регионго жанаша туруп, Батышты тынчтандарып коё турган жолун табат. Азыр Кытай Борбордук Азияга олуттуу басым жасоого аракет клып жатат. Борбордук Азия экстремисттик уюмдардын кызыкчылыктар чөйрөсүндө кеңири белгилүү, алардын ишке ашуу мөөнөтүн болжолдоо абдан кыйын. Бирок, Орусия тарабынан Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базалардын күчтөндүрүшү кооптуулуктун градусу жогору экенинен кабар берет.

Аскердик эксперт Алексей Леонков Орусия борбордук азиянын аймагындагы ушул эки республикадагы аскердик базаларды кантип күчтөндүрөрүн айтып берди. Анын сөзү боюнча, алар кыйла заманбап орусиялык куралдарга ээ болушат: “Сөз кургакта жүрүүчү каражаттар, брнетехникалар, артиллериялар, жапырт ок атуучу тутумдар тууралуу жүрүп жатат. Маселе аба техникасына да тиешелүү”.

Бирок, Орусия менен АКШнын жогорку атаандаштык шартында мунун баары жетиштүүбү? Бул атаандаштык барган сайын күчтүү жана кооптуу болуп баратат – бир эле Орусия жана Борбордук Азия үчүн эмес, Кытай үчүн дагы. Коопсуздуктун классикалык көз карашынан эле алганда эмес, Кытайдын транспорттук-экономикалык долбоорлорунун ийлиги жагынан дагы, мисалы “Бир алкак, бир жол” долбоору эле ондогон миллиард долларга бааланат.

Кытай мындай кырдаалда кандай иш алып барары абдан актуалдуу маселе. Эгер Кытайдын коргоо министри Вэй Фенхэнин сөзү боюнча алсак, бул өлкө коопсуздук боюнча кырдаалга адекваттуу баа берет. Ал ШКУнун негизги маселелеринин бири уюмга мүчө мамлекеттердин коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу деңгээлин жогорулатуу болуп саналарын белгиледи. Ушул эле ойду Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин да колдоорун белгиледи.

Кеңешме июнде кытайдын Циндао шаарында өтөт турган ШКУнун башчларынны саммитинин алдында өткөнүн белгилейбиз. Борбордук маселе: бул блоктун лидерлери анда эмне жөнүндө сүйлөшөт, коргонуу жана коопсуздук проблематикасында, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо алар канчалык алдыга жылышат? Анткени, Орусия коркунучтар менен өзү күрөшө албайт, анткени лара абдан көп пландуу жана Борбордук Азиянын Ооганстан менен болгон чек арасы узун аймакты түзөт.

Тактап айтканда, ал Тажикстан менен 1300 километрди түзөт. Дүйшөмбү жана Коргон-Төбөдө жайгашкан 201-аскердик база – Орусиянын чет өлкөдөгү ири аскердик объектиси болуп саналат. Андагы аскер кызматкерлеринин саны 7,54 миң кишини түзөт. Өткөн жылы база, ачык булактардын маалыматы боюнча, тоо рельефине ылайыкташтырылаган “Ураган” жалпы жардыруучу реактивдүү система менен күчөтүлгөн. Мындан ытшкары, “Искандер-М” оперативдик-тактикалык ракеталык комплекс да жеткирилген.

Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, анда Ооганстан менен жалпы чек ара жок. Бирок, мындан анын начар жагы төмөндөп кетпейт. Жергиликтүү армия – бул дүйнөдөгү эң алсыз армия. Экинчиден, Тажикстан менен коңшу бул республиканы туруксуздаштыруу бадан оңой, анткени ал ар дайым ичинен “кайнап” турат. Террористтик жана революциялык кымгуут абал үчүн абдан жакшы даярдалган. Кыргызстанга төрт орусиялык аскердик объект жайгаштырылган – Кант шаарныдагы ыкчам аракеттенүүчү аба база (ЖККУнун объекти болуп саналат), республика деңизге чыга албаса дагы Караколдогу аскер-деңиз базасы бар, Чалдовар шаарчасындага байланыш базасы жана Майлуу-Сууда автономдуу сейсмикалык рункт бар.

Бир жагынан, Борбордук Азиянын эки республикасында мындай эки орусиялык аскердик базанын болушу чоң таасир калтырат жана бул жерде коопсуздук жана террористтик коркунуч маселелери менен күрөшө алат дегенге негиз бар. Бирок, экинчи жагынан, Орусия канчалык чет өлкөдө өзүнүн аскердик базаларына салым жасаган сайын, алар ошончолук экстремисттик топторду жана Москвага тиш кайраган борборлордун күчтөрүн өзүнө тартып жатат. Орусия чет өлкөлөрдөгү өзүнүн базаларына чоң салым жасоого аргасыз болуп жатат, бирок эми бул дагы аздык кылып жатат. Демек, мына ушуга дагы Пекинде басым жасалган. Азыр иш геосаясий күчтөрдүн кайра топтолуусуна алып келди.

Булак: http://m.rosbalt.ru/world/2018/04/27/1699668.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23