Улуу Ата Мекендик согуш. Кыргыз жоокерлеринин эрдиктери

Согуштун башталышы. 1939-жылы фашисттик Германия экинчи дүйнөлүк согушту баштайт. Кыска убакыттын ичинде ал Европанын көпчүлүк мамлекеттерин басып алат. Мунун аркасында аскердик дараметин бекемдеген Германия дүйнөдөгү мамлекеттерди басып алууну максат кылат.

1941-жылдын 22-июнунун таңында немистик-фашисттик баскынчылар советтик чек араны бузуп кирип, Советтер Союзунун аймагына кол салышкан.

Мына ушинтип Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Көп улуттуу совет элине фашисттердин басып киргендиги тууралуу кабарды элдин баары кыжырдануу менен кабыл алатт. Кыргызстандын бардын айылдарында, шаарларында минтингдер өткөн. Анын катышуучулары: “Өлсөк да, Мекенибизди сактап калабыз!” деген атн беришет. Аскер комиссиаратынын алдына ар кайсы улуттагы, жаштагы адамдар чогулуп, фронтко жөнөтүүнү суранышкан. 

Согуштун биринчи күндөрүндө эле аскердик кызмат өтөп жүргөн кыргызстандыктар Кызыл Армиянын башка жоокерлери сыяктуу баскынчы фашисттер менен күрөшүүгө бет алышкан.

Чек раадагы Брест чеби. Душмандын катуу соккусун биринчилерден болуп башынан кечирген. Көпчүлүк жоокерлер, командирдер, алардын аялдары жана балдары согуштун биринчи минутасында фашисттердин артиллериясынын жана авиациясынын чабуулу алдында эмне болгонун түшүнбөй эле көз жумушкан. Тирүү калгандары акыр аягына чейин турушкан. Бир айга чейин аз сандуу чептин жоокерлери салгышкан. Алардын арасында кыргызстандык В.Фурцев да бар эле.

1941-жылдын 10-июлунда Белорусиянын Борисово айылын коргоодо кыргызстандык Н.Дмитриев эрдик көрсөткөн. Ал биринчилерден болуп Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон.

Панфиловчулар. Кыргызстандын жана Казакстандык өкмөтүнүн чечими менен кыргызстанда түзүлгөн 316-аткычтар дивизиясы фронтко биринчилерден болуп жөнөп кеткен. Дивизиянын курамында ушул республикалардын өкүлдөрү – кыргыздар, казактар, орустар, украиндер жана башка улуттар болгон. Анын башкы командачысы Кыргызстандын мурунку аскер комиссары генерал-майор И.В.Панфилов болгон. 1941-жылдын ноябрында дивизия Москваны баатырдык коргоого катышкан. Борбор үчүн болгон бул салгылашта дивизия саны боюнча төрт эсе күчтүү болгон душмандын мизин кайтарган. Өзүнүн позициясын катуу кармаган панфиловчулар бир ай бою бир нече фашисттик дивизияны талкалашкан. Дивизия туруктуулугу жаан эрдиги үчүн гвардиялык наамга ээ болгон жана Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Бул салгылашууда И.Панфилов каза болгон. Ага кза болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, ал эми дивизия анын атынан аталып калат.

Советтер Союзунун Баатыры наамына Панфиловдун дивизиясынын 28 жоокери татыктуу болот. Алардын арасында – Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Григорий Шемяков, Иван Москаленко жага башкалар болгон.

Кыргыз элинин эр жүрөк уулу Д.Шопоков Советтер Союзунун Баатыры наамын алган биринчи кыргыз болгон. Оор жаракат алган Дүйшөнкул граната алып, фашисттик танканын алдына жатып, аны жардырып, өзү ад жок болгон.

Чолпонбай Тулебердиевдин эрдиги. 1942-жылдын августу. Дон суусунун жээгинде, Воронеждин түштүк жагында айыгышкан күрөк жүргөн.

Каршылаш жээкте жайгашкан душмандын дзотунан фашисттер токтоосуз ок жаажырып турган. Ал советтик аскерлерге алдыга жылуу үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк берген эмес. Айласы кеткен командир жоокерлерге: “Ким дзотту жок кылат?” - деп кайрылат. “Мен барам!” – алдыга суурулуп чыгат кыргыз жоокери Чолпонбай. Жаап жаткан октун алдында ал Дон суусунан сүзүп өтөт. Жээкке жетип Чолпонбай дзотко боортоктоп жылып барат. Өз калыбынан жазбай советтик аскерлерге ок жаадырып жаткан дзотко биринчи, экинчи, үчүнчү гранатаны ыргытат. Бир убакта душмандын огу Чолпонбайды оор жарадар кылат. Эмне кылуу керек? Таптырма эмне болбосун аткарылышы керек. Акыркы күчүн топтоп Члпонбай ордунан турат да, дзотко төшүн тосуп, душмандын амбразурасын өзүнүн денеси менен жаап калат. Пулемет ок жаадырганын токтотот да, Советтик аскенрлер чабуулга өтөт...

Ардактуу сыйлык. Артиллерист-наводчик Дайыр Асанов Сталинградды коргоо үүчн салгылашка катышкан. 1943-жылы ал таамай атуу менен биринчи танканы, андан кийин минометтук батареяны жана душмандын ротасын жок кылат. 23-мартта ал жана анын жолдоштору Харьковго жакын Пятницкое айылы үчүн салгылашкан. Душмандын 8 танкасынын артынан бараткан чынжырлашкан автоматчыларды Д.Асановдун орудиелик эсеби талкалаган. Сержант үч танканы жок кылат, калгандары артына кайтышат. Жарым сааттын аралыгында душмандар токтоосуз бомбалап, Д.Асановдун позициясын артиллериялык куралдан аткылап турушкан. Андан кийин жаңы чабуулга өтүшөт. Ушул 8 саатка созулган согушта Дайыр Асанов 8 танканы, 6 брондолгон унааны жана 40 фашистти жок кылган. Мына ушул эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон.

Сейрек каардмандык. Кавказ үүчн салгылашта взводдун командири Акун Садырбаев байкалбаган кайраттуулугун жана шамдагайлыгын көрсөткөн. Ал душмандын учуп келе жаткан 16 гранатасын биринин артынан бирин тосуп алып, кайра артына кайтарып турган. Акыркы он жетинчиси анын колунда жарылып, баатырдын өмүрүн алып тынат.

Абадагы салгылаш. Бул 1944-жылы 18-мартта Эстонияда Нарва шаарынан 20 километр алыстыкта болгон. Аба согушунун учурунда кыргыз-учкучу Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылынын тургуну Исмаилбек Таринчиевдин учагына ко тиет. Ал өзүнүн күйүп жаткан учагын фашисттердин күйүүчү май сакталган кампасы жакка бурат. Душмандын күйүүчү май куюлган эки цистернасы жана 6 танкы жарылып, асманга күлү сапырылат.

Бул каардамндык узак убакыт бою белгисиз бойдон калган. 1991-жылдын майында гана кыргаз эли өз уулунун каармандыгын билет. Эрдиги жана баатырдыгы үчүн Исмаилбек Таринчиевге Советтер Союузунун Баатыры наамы берилет. Баатырдын алтын жылдызы анын туугандарына берилген. Кыргыз жоокеринин каармандыгына күбө болгон жергиликтүү жашоочулар ушул күнгө чейин анын жаткан жерине гүл коюп келишет.

Жеңишке салым. Советтик жерди душмандан бошотууда Кыргызстанда куралган 660- жана 664-түнкү бомбалоочу аба полку да активдүү катышкан. Кыргызстандык эр жүрөк учкуч Советтер Союзунун баатыры Евгения Пасько 780-жолу түнкү бомбалоого катышкан. Жалпы жолунан ал душманга 93 тонна бомба таштаган. Анын таамай окторунан душмандын 109 маанилүү объектиси жок болгон.

Берлинди алууга катышуу. Батальондун саясий жетекчиси Калыйнур Үсөнбеков 1945-жылыдн 14-февралында бетме-бет салгылашта жети фашистти жок кылып, экөөн туткунга түшүргөн. Маанилүү тапшырманы так аткарганы үчүн лейтенант К.Үсөнбековго Советтер Союзунун баатыры наамы берилген. 1945-жылдын 16-апрелинде фашисттердин башкы цитадели – Берлинди басып алуу башталган. Узакка созулган артиллериялык аткырлоодон кийин советтик жоокерлер чабуулга өтөт. К.Үсөнбековдун батальону биринчилерден болуп Берлинген кирип, Берлинди алууга катышкан. Ушул операцияда көрсөткөн каармандыгы үчүн К.Үсөнбеков Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

Берлин үчүн согушта өзгөчө каармандыкты биздин жердештер – учкуч-штурман кэи жолку Советтер Союзунун Баатыры Талгат Бегелдинов жана батальондун командри Советтер Союзунун Баатыры Б.Беляндр көрсөткөн.

Жанын аябай советтик эл Улуу Ата Мекендик согушта өзүнүн эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн. 300 миңден ашык кыргызстандык жоокерлер көп улуттуу Кызыл армиянын курамында Мекен үчүн согушкан.

Алардын ичинде 10 миңден ашыгы аскердик каармандыгы үчүн ордендер жана медалдар менен сыйланган. Советтер Союзунун Баатыры наамына 76 кыргызстандык, Даңк орденинин толук кавалери, башкача айтканда ордендин үч жылдызына – 31 жоокер татыктуу болгон. Өз Мекенин, элин коргоп жатып 80 миңден ашык кыргызстандык жоокер курман болгон. Алар элдин эсинде түбөлүк калат.

Булак: https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/history/kyrgyzstan-during-the-soviet-period/559-velikaya-otechestvennaya-voyna-podvigi-voinov-kyrgyzstancev.html

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23