Орусиянын Коргоо министри: Сирияны талкалагандан кийин согушкерлер Борбордук Азияга карата багыт алышат

24-апрелде Пекиндеги Дяоюйтай мамлекеттик резиденцияда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму болуп өттү. Анын жүрүшүндө Орусиянын аскердик ведомствосунун башчысы Сергей Шойгу сириялык согушкерлердин Борбордук Азия өлкөлөрүнө кирүү коркунучун белгиледи.

РИА Новости белгилегендей, Шойгу согушкерлердин ЖККУга мүчө мамлекеттердин Борбордук Азиядагы өнөктөштөрдүн аймагына киришин болтурбоо үчүн Орусия активдүү аракеттерди көрөт, анткени достук мамлекеттерге орун которуштуруусу бул жөн эле “коркунучтуу окуя” эмес. Орусия тыюу салынган “Ислам мамлекети” террористтик тобу башка өлкөлөргө, анын ичинде Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азияга орун которуп баратат. Бул заманбап каржаттар менен куралданган “согушкерлерлердин көчүнүн” жыйынтыгынан качуу үчүн ЖККУга кирген өлкөлөр кабарландыруу менен аракет кылышы керек.

- Ушул максатта Тажикстандагы жана Кыргызстандагы орусиянын аскердик базаларынын аскердик даярдыгын жогорулатып, заманбап куралдар жана аскердик техникалар менен жабдып жатабыз. Куралдуу күчтөрдүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөдө региондогу биздин өнөктөштөргө жардам көрсөтүп, биргеликте аларды колдонууну пландап жатабыз, - деди ал.

Шойгу 2018-жылдын мартында Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөн өткөн терроризмге каршы окуулар жөнүндө эске салды.

- Сентябрь айына карата түрдүү күч структураларын тартуу менен “Ысык-Көл–Антитеррор – 2018” биргелешкен окуулар пландалды. Октябрда ЖККУнун жамааттык күчтөрү менен бир катар окуулар болот. Ошол эле окуулар андан ары Казакстанда, Кыргызстанда, Орусияда жана Тажикстанда бирдей ойлонулган тартипте өтөт, - деп жыйынтыктады Орусиянын коргоо министри.

Булак: http://www.news-asia.ru/view/ru//11259

Комментарий кошуу


Защитный код
Жанылоо

Өзгөчө пикир

  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23